Губернатор М. Бакиров: Жол тоскондор жазаланат

Ош облусунун губернатору Мамасадык Бакиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Алайдын Сопу-Коргон айылында уруксатсыз нааразылык чара уюштургандарга жана Ош-Эркеч-Там жолун тоскондорго мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн билдирди.

- Мамасадык мырза, алайлык жердештеринин генерал Исмаил Исаковду абактан бошотуу жана актоо талабын президентке жеткирдиңиздер беле?

- Ал боюнча мамлекет башчысы түрдүү булактардан маалымат алып турат. Бул туурасында президенттик аппараттагы бидин кураторлорго да белгилүү. Мындан тышкары өлкө президентине облустагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө күн сайын маалымат берилет эмеспи. Мен ойлойм, андан башка тишелүү жетекчилер дагы болуп жаткан окуялар туурасында убагында кабардар кылынган.

- Эмне үчүн алайлыктардын кайрылуусу Курманбек Бакиевдин колуна тапшырылган жок? Дегеле Сопу-Коргондогу кырдаал туурасында өлкө башчысына өзүңүз байланашып айта алдыңызбы?

- Жок. Мен байланышып айта албадым. Курманбек Салиевичтин жасай турган иштери арбын, анын убактысына жараша өзүнүн программасы бар. Облустагы окуялардын бардыгын жеткирип турганга биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ошентсе да, мен ишенем, президент Сопу-Коргондогу окуя туурасында билсе керек.

Эң орчундуусу: тергөөнүн жүрүшүнө жана соттун чечим кабыл алышына мамлекеттик органдардын, ошондой эле кайсыл кызматты аркалабасын айрым бир чиновиктин кийлигишкенге таптакыр акысы жок! Ушуга окшогон маселелер турмушта апелляциялык арыздын негизинде жайгарылат. Дагы бир ирет кайталасам ашыкчалык кылбас, мыйзам астында бардыгыбыз бирдейбиз. Ошон үчүн ар кандай кыймыл-аркет анын чегинде болушу абзел. Биздин талабыбыз да ушундай.

- Мамасадык мырза, кечээ түнү Ош-Эркеч-Там автожолун токсондордун күчтөп таратылышына кандай карайсыз?

- Албетте терс карайм. Себеби ар бир жаран чечимдерге каршылыгын билдирүүгө акылуу, бирок мунун бардыгы мыйзам талаасында болушу кажет. Эстесеңиздер, Исмаил Исаковдун тууган-уруктары кайрылганда, алардын өтүнүчүн жергиликтүү бийлик четке каккан жок. Канааттандырып, жерин, атүгүл күнүн тактап беришти. Алар 11-январда райборбор Гүлчө кыштагында митинг өткөрүп, каалаган ой-пикирин айтканга шарт жараттык. Ошентсе да, митингичилердин соттун өкүмүн уккандан кийинки аракеттери, мисалы, жол тособуз дегени натуура болду.

Ага улай ойдо жок жерден төрт боз үй тигип, стратегиялык маанидеги автожолдун боюна олтурушту. Болбосо, талаптарынын бардыгын укканбыз. Акыркы кадамдарына да көз жумуп, «Ош-Эркеч-Там трассасын жаппагыла, элдин турмуш-тиричилигине тоскоол этпегиле!» дедик. Ошого карабастан 14-январда мен алар менен жолукканда чектен ашкан талаптарды узатышты. А түгүл ультиматум кое башташты. Генерал Исаков темасы калып кетип, башка өңүттөгү көйгөйлөрдү козгоп, коркутканга өтүштү. Албетте, мунун бардагы акылга сыйбайт. Ошол жерде бул туурасында мен дагы, облус прокурору дагы айттык. Ош-Эркеч-Там автожолунун маанисин билип туруп мыйзамды атташты. Андыктан, кулак кагыш кылып коеюн, биз мындан ары ушундай теңирден тескери кадамдарга карата катаал чараларды көрөбүз.

- Сопу-Коргондогу нааразычылык акциясына катышкандар же анын уюштуруучулары, сиздин оюңузча, эртедир-кечтир жоопкерчиликке тартылбасына кепилдик барбы? Анткени, сиз кечээ алар менен жолугушканда «Жоруктарыңар мыйзамсыз. Андан көрө тынч тарагыла!» деп катуу эскертпедиңизби?

- Мындай сөздөр мага дейре райондун акими жана укук коргоо органдары тарабынан айтылган. А түгүл Алайдын прокурору акциячыларга атайын эскертүү жасаган. Мен болгону аларды кайталадым. Ооба, мындан ары чоң-кичине мыйзам бузууларга жол бербейбиз. Ар кандай тетири жоруктар кечиктирилбестен жазаланат.

- 12-январдан бери Сопу-Коргондо боз үй тигип нааразычылык акциясында олтургандардын акыркы талаптары аткарылгыдайбы? Мисалы, Исмаил Исаковдун таламдаштарынын өкүлдөрүн президент Бакиевге жолуктуруу аракети?

- Президент Бакиевдин жарандарды кабыл алуу тартиби бар. Албетте, Кыргызстандын атуулдары Бишкекке барып арыздануусуна тоскоолдук жок. Ага чейин деле тиешелүү органдарга же жетекчилерге учурап, маселесин караттырса болот. Алайлыктарга «Мен сиздерди Курманбек Салиевич менен жолуктурам деп кепилдик бере албайм!» деп кесе билдирдим. Анткени, жарандардын даттануусун кабылдоо, кароо жана жооп кайтаруу боюнча атайын мыйзам бар. Баары ошондо кеңири камтылган. Биз ошонун тегерегинде иш алып барабыз. «Өлкө башчысына бар, барба, же учураштырам» деген укук менде жок.

- Айрым маалыматтарга караанда, алайлыктарды башка райондор да колдогону жатыптыр. Мындай шартта козголгоңдорго жана ар кандай талаптарды көтөргөндөргө облустук бийликтин мындан аркы мамилеси кандай болмокчу?

- Тынчсызданбагыла, бардыгы мыйзам алкагында болот. «Алайлыктарды Ош облусунун райондору колдоп атат. Башка жерлерде да чыгып жатыптыр» деген жалган маалымат. Абайлап карасаңар, массалык маалымат каражаттарында жалаң бир жактуу кабарлар жайылтылууда. Кайсыл аймакта кимди колдошпосун, ар бир кадамы укук нормасынын чегинде болушу абзел. Дагы бир ирет кайталаймын, соттун ишине кийлигишүүгө бир дагы инсандын, мамлекеттик кызматкердин же органдын акысы жок. Биринчи инстанциянын өкүмүнө канааттанбагандар кийинки тепкичтеги сотторго даттанып, маселеге чекит койдуртса болот. Ал эми жол тоскондор, курулай кыйкыргандар, коомдук тартипти бузгандар, иши кылып чектен чыккандар тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан сөзсүз жазаланууга тийиш.

- Мамасадык мырза, маегиңиз үчүн рахмат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Алайдагы нааразылык чара