Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:03

Ош - Эркеч-Там жолу тосулду


Алайдын Сопу-Коргон айылынын кире беришине боз үй тигип, нааразылык билдирип тургандар бүгүн түштөн кийин Ош - Эркеч-Там жолун тосушту. Жол тоскондор саны 300-400дөй киши. Аларды мыйзамсыз жолго барбоого райондук бийлик өкүлдөрү үндөп жатат. Жол тоскондор Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылышууда.

Анын алдында Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитети жыйын куруп, Алай жергесине президент Курманбек Бакиевдин келишин талап кылышкан. Алар мурдагы шайлоо өнөктүктөрү алдында Курманбек Бакиев Алайга Исмаил Исаковдун коштоосу менен келип, элдин батасын алып кеткенин эскеришти.

Ошондой эле бүгүн Сопу-Коргон айылында төрт киши ачкачылык акциясын баштаган. Ал жерде ошондой эле төрт жүздөй киши генерал Исмаил Исаковду саясий куугунтуктоону токтотууну, боштондукка чыгарууну талап кылып турушат. Акциянын катышуучуларынын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элдерди көчөгө чыкпоого үндөп, айрым учурларда каматабыз деп коркутуп-үркүтүүдө. Бул тууралуу окуя болгон жерде жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев кабарлады.

XS
SM
MD
LG