Америка Борбор Азияда да аброюн кайра көтөрүүгө аракет жасайт

“Азаттык” АКШнын жаңы президенти Барак Обаманын Борбор Азияга карата жүргүзүүчү саясатынын айланасында түз ободо талкуу уюштурду. Анда АКШ үчүн бул аймактын кандай кызыкчылыгы бардыгы тууралуу сөз болду.
Талкууга ЖК депутаты, социал-демократтар партиясынын мүчөсү, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева, “Таза коом” саясий партиясынын жетекчилеринин бири Табылды Акеров жана АКШнын Мэриленд университетинин саясат таануу багытында докторанты Эмил Жороев катышты.


“Азаттык”:
- Барак Обама бийликке келүүсү менен Ооганстанга дагы 33 миң аскер кошумча жиберилери айтылган. Демек, Ооганстанда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүүнү көздөп жаткан Барак Обаманын өкмөтү Борбор Азия мамлекеттери менен АКШнын ортосундагы мамилени бекемдөөгө аракеттенет деген пикирлер бар. Роза айым, сиз бул ойлорго канчалык деңгээлде кошула алат элеңиз?

Роза Отунбаева: - Албетте, толугу менен кошулам. Анткени Ооганстандын абалы, андагы кырдаал бизге тикеден-тике тиешеси бар. Ооганстан канчалык тынч болсо, бизде да бейпилдик болот. Өткөн жумада Орусия президенти Дмитрий Медведев Өзбекстанга барганда президент Каримов менен чогуу өтө чоң демилге көтөрүштү. Мына азыр Ооганстанда НАТОнун 30 миңден ашуун аскери бар, алардын да күчү жетпей атат. Ооганстанда ушунчалык терең, ушунчалык чоң согуш болуп атат. Эми ага ШКУ да киришсин, мунун негизинде Борбор Азиялык, же дүйнөлүк алкакта жыйын өтсүн деген демилге бизге абдан жакшы сезим берди.

Табылды Акеров: - Ооганстанды тарыхый жактан алсак да, бул мамлекетти илгертен эле эч ким басып алган эмес, өз каада-салтынын негизинде өнүгүп келе жатат. Ошондуктан, азыр Ооганстанга кошумча аскер киргизүү –АКШнын саясатындагы бир багыт. Ал эми Орусия Борбор Азиядагы өзүнүн таасирин жоготпоо үчүн аракеттерди көрүп жатат. Буга орус президентинин Ташкенге жасаган иш сапарын айтсак болот, анткени Өзбекстандагы Орусия кызыккан эң негизги ресурс бул - газ. Алар Өзбекстан менен так, даана сүйлөшүп, газды Орусияга гана сатууга келишишти. Орусия өзүнүн таасирин берип туруу, бул аймакта өзүнүн маанисин жоготпоо максатында алар Ооганстандагы согушка ШКУ да киришсин, деген демилге көтөрүштү деп эсептейм.

“Азаттык”: - Эмил мырза, эми сөздү сизге берсек, АКШнын Борбор Азияга болуучу мамилеси Ооганстан үчүн гана болушу мүмкүнбү? Мындан башка да кызыкчылыктар тургандыр, балким..

Эмил Жороев: - Менимче, АКШ жаңы бийлигинин саясаты негизинен Ооганстанга багытталып, Ооганстандагы жана Пакистандагы болуп жаткан көйгөйлөрдөн улам өнүктүрүлөт. Азыркы мезгилде Пакистанда да террористтерге каршы антитеррордук күчтөр тарабынан ок атылып атат. Эки-үч күн мурун Пакистандын Вазиристан аймагындагы террористтерге ок атылды. Бул деген - куралдуу жактан саясат күчөтүлүп жатат. Аскердик кошумчалар дагы болот, жакында аскердик күчтөр Ооганстанга киргизилет. Бул учурда Кыргызстандын ролу да чоң болушу керек. Эгер биздин бийлик, биздин айланабыздагы мамлекеттик жетекчилер аны туура түшүнүп, туура мамиле кылса, бул деген өзүбүздүн да, Борбор Азия аймагынын да, дүйнөнүн да коопсуздугу менен тынчтыгы үчүн чоң мааниге ээ.

“Азаттык”: - Чоң рахмат. Кээ бир саясатчылар акыркы жылдарда Борбор Азия мамлекеттери, өзгөчө постсоветтик өлкөлөр АКШга караганда Орусияга көбүрөөк ыктап кетти, деп айтышууда. Ошондой эле күзгө жуук, өзгөчө Кавказдагы чатакташуудан кийин Орусия Борбор Азия өлкөлөрүн өзүнө тартууга аракетин күчөттү, деп да айтылат. Роза айым, өткөн жумада “Азаттыкка” берген маегиңизде КМШ мамлекеттеринин ичинде демократия баалуулуктары унутулуп, анын ордун ресурстарды иштетүүгө багытталган гана максаттар ээлеп алды, деп айтып кеттиңиз эле. Барак Обаманын өкмөтү канчалык деңгээлде салымын кошо алат, бул аймактарда демократияны орнотууга?

Роза Отунбаева: - Бул суроого жооп берерден мурун мен Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу дагы бир нерсени айтып кетейин дегем. Абдан чоң орчундуу иш болуп атат. Биз баарыбыз четте туруп, ким эмне жасап атканын байкап, сындап отургандан көрө, баарыбыз ошол жакка ыкташыбыз керек да. Иштешибиз керек. Мына айталык, Орусия менен Өзбекстандын ошол маселеге кийлигишип атканы колдоого аларлык. Анткени Ооганстандагы согуш – канча жылдан бери бүтпөй аткан согуш. 1979-жылы СССРдин аскери кирди эле. Андан бери 30 жыл өттү. Ошондон бери ал жерде согуш тынган жок. Талиптер кайра кырдаалды көзөмөл кылууга ээ болуп атышат. Биз – Борбор Азия мамлекеттери, Орусия үчүн анын канчалык кесепеттери тийип атат. Баңзат ташуу кыйла өсүп кетти. Эгер талиптер бийликке келсе, кандай режим болот? Бул – бизге фундаменталдык жагынан жаман таасир эте турган режим.

Ошондуктан, азыр жалаң эле Өзбекстан менен Орусия эмес, Казакстан да ага киришүүдө. Барак Обаманын программасы боюнча Ирактан 2010-жылга чейин аскерлер чыгарылат. Ал жактан чыккан Казакстандын аскерлерин, анын ичинен медицина кызматкерлерин казак өкмөтү Ооганстанга жолдоп атышат. Казакстандын абдан чоң демилгелери бар. Мисалы жакында эле Барак Обама тарабынан Ооганстан менен Пакистанга өкүл болуп дайындалган Ричард Холбрук –тажрыйбалуу дипломат. Ал Югославиядагы Дайтон келишимин түзүп, ошол согуштан чыгууга абдан чоң аракет жасаган. Холбрук Казакстандын президенти Назарбаев менен тыгыз иштешкен адам. Демек, биздин айланабыздагы өлкөлөрдүн баары Ооганстан боюнча иштеп атышат. Ошондуктан, баарыбыз же Орусия, же Казакстан, же Кыргызстан дебей, Ооганстандын тегерегинде иштешибиз керек. Жакында эле АКШнын башкы командачылыгынын өкүлү Девид Петреус келип кетти. Анын иш сапары Ооганстандагы окуяларга тике тиешеси бар.

АКШнын аскерий “Манас” аба базасынын айланасындагы чайкоочулукту токтотуу керек. Жөн эле бөйрөктөн шыйрак чыгарууга негиз жок. Орусия деле аскерий аба базанын Кыргызстандан чыгарылышына кызыкдар эмес, тескерисинче алар үчүн да кызыкчылыгы бар, базанын Кыргызстанда турганы. Биз, кыргыздар өзүбүз чуулдап, “кереги жок, кетсин” деп талап кылып, чуу кылуунун кереги жок. Менин оюмча, Ооганстандагы кырдаал тынчымайынча, алыбызга жараша иштешибиз керек.

“Азаттык”: - Табылды мырза, Орусия Борбор Азиядагы таасирин сактап калуу үчүн түрдүү аракеттерди жасап жатат, деп айтып кеттиңиз. Орусияны ээрчиген учурда Кыргызстанда, же жалпы эле Борбор Азия мамлекеттеринде демократиялык баалуулуктардын өнүгүшү кандай болушу мүмкүн?

Табылды Акеров: - Чынын айтканда Орусия демократияны өнүктүрүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү болуп бере албайт. Себеп дегенде андан да демократиялуу өлкөлөр бар: булар Батыш Европа өлкөлөрү жана АКШ. Америка мурдагы ФРГда, Түштүк Кореяда өздөрүнүн үстөмдүгүн кылганы менен ал мамлекеттерде демократиялык өнүгүүнү шарттап, натыйжада алар адам укугу жана башка жааттарда өтө чоң жетишкендиктерге жетишип, өнүгүп кетишти. Мындан тышкары АКШда демократиялык партия бийликке келген учурда дайыма демократияга көп көңүл бурулат. Ошондуктан, Ооганстанга булар үстөмдүк кылган учурда да демократияга көп көңүл бурулуп, ал жерде демократиялуу өлкөнү орнотуп, бүтүндөй Орто Азияга демократиялык өнүгүүгө үлгү катары көрсөткүлөрү келип жатат, деп ойлойм. Бул жерде сөз жок кошумча аскердин киргизилиши – ал жерде демократиялуу өлкөнү куруу максаты болуп эсептелет.

Эмил Жороев: - Роза эже айтып кеткен Ричард Холбруктун дайыдалышы тууралуу сөздөргө мен мамлекеттик катчы, же бизче айтканда тышкы иштер министри болуп дайындалган Хиллари Клинтонду да кошуп кетет элем. Аны дайындоо учурунда Обама айтып кетти: Клинтон айым тышкы иштер системасын, анын ролун күчөтүп, АКШнын тышкы саясаты боюнча активдүүрөөк роль ойношубуз керек. Бул дегени – коргоо жана күч министрликтерине караганда тышкы саясаттагы дипломатиялык жагын активдештирүү керек, дегени болуп атат. Менимче, бул бир жагынан тынчтык жолу менен демократияны, жарандык коомду өнүктүрүү программаларын өнүктүрүү. Ошону менен бирге Барак Обаманын өтө прагмативдүү түрдө саясат жүргүзүп жатканын да белгилей кетишибиз керек. Анын нукура идеалдуу демократия курабыз, деп ураалап келе турган саясаты ишке ашпай калуусу мүмкүн. Ал эми Орусия менен канчалык биз тыгыз байланышта болсок, демократия багытында ошончолук өнүкпөй калабыз. Бул –анык.

“Азаттык”: - Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга кызыкдар болуп, Барак Обама Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктарынын сакталышына көңүл бурбай калуусу мүмкүн, деген тынчсыздануулар да айтылууда. Мисалы Түркмөнстандагы, Өзбекстандагы адам укугунун абалы.. Дегеле акыркы жылдарда АКШ ушул жаатта Борбор Азияны унутуп калды деген пикирлер да айтылып атты эле. Роза айым, мындай тынчсызданууга негиз барбы?

Роза Отунбаева: - АКШ Ирактагы согушту баштап, демократияны артка сүрүп, дүйнө жүзүндөгү демократиянын өнүгүүсүндө артка чоң кадамдарды жасады эле. Бул тууралуу Барак Обама ант берген күнү сөзүндө да айтып кетти. АКШнын мурдагы вице-президенти Альберт Гордун китеби Кыргызстанда да сатылып атат, биздин жарандар да алып окуп коюшса жакшы болмок. Ошол китепте Жорж Буштун саясаты канчалык зыян келтиргени жазылып турат. АКШ өзү демократиялык лидердик сапаттарын жоготту, деген мааниде жазылган. Эми мына Барак Обама келип, ошол демократиялык баалуулуктарды кайра ордуна коюуга аракет жасап жатат. Американын дүйнө жүзүндөгү аброюн кайра көтөрүүгө чоң аракеттер жасалууда. Мында тышкы иштер министрлиги чоң курал болуп эсептелет. Мен айтат элем: мына ушундай чоң казатка чыгып атышат, чоң иштер башталып атат. Дүйнөлүк каржы кризиси да бар, аны да унутпашыбыз керек. Эл курсагын ойлойт. Бирок баары бир жалпы дүйнөдө демократия бара-бара ордуна келгени биз үчүн чоң дүйнөлүк тенденция. Ушунун ичинде биз өзүбүз аракеттенип, катуу иштешибиз керек.

Ооганстанга демократияны алып келүү деген – менимче жаңылыш, анткени Ооганстанга биринчи кезекте жаңылануу керек. Ал жерде азыр орто кылымдык маанидеги эле турмуш өтүп жатат. А түгүл биздин Кыргызстанда да жаңылануу жүрүп атат, ошонун үстүнө дагы демократияны алып келип атабыз. Караңгылыкта жашабайлы десек, укугубузду жоготпойлу десек, ар бир адам четтен карап, “мына соттор болуп атат”, деп байкап отурбай, биздин тегеректеги өлкөлөрдөй абалда калбайлы десек, иштешибиз керек.

Табылды Акеров: - АКШ Ооганстанга демократия апкеле албайт, деп айтуу өтө татаалыраак. Эмне үчүн Ооганстанды тандап алышты? Себеп дегенде, биринчиден алардын мурдагы королу, бийлик башчысы Италияда, же башкача айтканда ал Европалык типтеги өнүгүүгө кызыкдар. Ал эми анын жардамчысы бүгүн Ооганстанда бийлик башында турат. Ошондуктан, булар мусулман өлкөлөрүнө Батыштагыдай демократияны алып келүү өтө оор болуп жаткандыктан, АКШ Ооганстанды тандап алды. Экинчиден, Ооганстан Борбор Азияга өтө жакын тургандыктан да бул өлкөнү тандап алышты. Бирок Орто Азия мамлекеттери Америка менен кандай байланыша алат, деген – сөз жок алар АКШнын пландарына туура келген багытта аракет кылышат. Себеп дегенде Кыргызстанда, Казакстанда, же башка өлкөлөрдө кландык система орногону менен алардын балдары же башка урук-туугандары Батышта ишкерлигин жүргүзүп жатышат. Мындайча айтканда өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн Борбор Азиядагы кланчыл система Орусия менен иштеп атат дагы, ал эми экономикалык кызыкчылыкта Батыш менен, же АКШ менен алака түзүп жатат.

“Азаттык”: -АКШдагы Мейсон Университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис, саясат таануучу Эрик МакГлинчи биздин кабарчыбыз менен болгон маектешүүсүндө “мурдагы президенттер Клинтон дагы, Буш дагы Борбор Азия өлкөлөрүндө тез арада абдан чоң өзгөрүүлөрдү күтүшкөн, ал тургай айрым мүмкүн болбогон өзгөрүүлөрдүн болушун күтүшкөн. Тилекке каршы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясаты андай тез өзгөрүүлөргө ийкемдүү эмес болуп чыкты, ал тургай бул өлкөлөрдө жетекчилер алмашса дагы баштагыдай эле саясат улана берээрин көрүп жатабыз,” деген пикирин айткан. Эмил мырза, Американын жаңы президентинин саясаты Орто Азияда демократияны орнотууга канчалык деңгээлде күчү жетет, буга канча убакыт талап кылынышы ыктымал?

Эмил Жороев: -Менимче, бир нерсени байкап коюу керек. Биринчиден “суук согуш” эрасы бүткөндөн кийин эйфория заманы келген болчу. СССР кулагандан кийин ошол он беш республиканы демократиялаштырабыз, бул мүмкүн, деген ишеним бар эле. Ошол эйфория заманы бир аз өттү азыр, менимче. Терроризм биринчи орунга чыгып, ар бир өлкө негизинен тынчтык, коопсуздук маселелерин ойлонуп калышты. Башка мамлекеттер канчалык демократиялуу болушат, боло алышат, бул – ар кимдин өз ыктыярына калчудай иш болуп турат. Албетте, азыр Барак Обаманын администрациясы Буштун администрациясына караганда көбүрөөк демократия программаларына көңүл бурушат, бирок ошол эле учурда булардын прагматикалык жеке кызыкчылыктары, АКШнын улуттук кызыкчылыктары баары бир алар үчүн биринчи орунда турат.

“Азаттык”: -Урматтуу маектештер, сиздерге чоң рахмат!