Нарындагы, башка аймактардагы нааразылык жыйындар, Кыргызстандын каржы булактарынын башында турган Е.Гуревичтин көз боемочулугу өлкөдө саясий кырдаал уламдан-улам курчуп баратканын айгинелөөдө.
«Азаттыктын» бүгүнкү студиясынын катышуучулары мударис Кусейин Исаев, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Туратбек Мадылбеков өлкө капталган калтыс абалдын чоо-жайын талкууга алышмакчы.
Эсебин тапкан эки курултай чакырат
- Кусейин мырза, Конституцияда Элдик курултай деп белгиленгени менен бийлик өкүлдөрү Ынтымак курултайын чакырышууда. Ушуга токтоло кетсеңиз.
Кусейин Исаев: - Антип аргасыздан айтылып калган болуу керек. Курултай чече турган тарыхый маселелер, милдеттер бар. Мына 21-кылымдын башында жашап жатабыз. Эгемендиктин 20 жылдыгына бараткан кезибизде коомубузда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып алдыга жылып кетишибизге мүмкүнчүлүк болбой жатат. Курултай чакырышка көп себептер негиз берди. Ынтымак деп алгач президенттин кайрылуусунда айтылып калды окшойт. Курултайда чын эле элди ынтымакка алып келе турган чечимдер кабыл алынабы же кыжылдашып, ыйкы-тыйкы болуп тарап кетебизби – бул башка маселе.
- Туратбек мырза, эки жерде эки курултай өтүшү бүгүнкү саясий кырдаалдын курчуп кетишине таасирин тийгизген жокпу?
Туратбек Мадылбеков: - Азыр социалдык абал кыйындап, ага кошумча бийликтин Ынтымак курултайын чакырып алышы элдин көбүнүн кыжырын келтиргени жашырын эмес. Эмне үчүн Ынтымак курултайы? Андай курултай Конституцияда да жок. Бийлик өзү мыйзамдарды такай бузуп келатат. Аны Элдик курултай деп, кандай маселелер анда карала тургандыгын элдин алдында коюшу керек болчу. Эл кандай маселе Ынтымак курултайында козголорун билбейт. Ага өкүлдөр жергиликтүү бийлик тарабынан тандалып шайланды. Чүй өрөөнүндө өкүлдөр кандай шайланганы мага дайын. Курултайда элдик максат-мүдөөнү көздөгөн, таламын талашкан адамдар сүйлөшү керек. Айыл өкмөттөрүнөн шайланган 450 кишинин бирөө да жыйында кандай маселелер талкууланарын билбейт. Оппозиция мыйзамды сыйлап Элдик курултайды чакырып жатат. Аны эл чечиши керек.
Кусейин Исаев: - 2007-жылы Кыргызстан азаттыкка чыккандан кийинки 8-Конституциясын кабыл алганда 23-беренесинин 2-пунктунда кыргыз элинин ыйык салты болуп калган Элдик курултайдын өткөрүлүшү жазылган. Анда кандай маселелер козголору уюштуруу тобу тарабынан такталып алса азыркыдай сөздөр айтылбас беле дейм.
Каржы булак башындагы Евгений Гуревичке эмне болду?
- Кусейин мырза, Нарында эл көтөрүлүп нааразылык жыйындарга чыгат деп эч ким ойлогон эместир. Анан да Кыргызстандын кадырын түшүргөн осол окуя бул жердеги каржылык булактардын башында турган Е.Гуревичтин айланасындагы иштер болду. Бул маселелер Ынтымак курултайында талкууланабы?
Кусейин Исаев: - Бул татаал маселе. Кыргыз элинин байлыгын жашырып, чет элдик жарандын колуна топтоп бергени мына ачыкка чыкты. Муну Кыргызстан эмес, жанагы Е.Гуревич деген 2 миллиард ашуун долларды алдап алып кеткенин Италия өкмөтү ачып чыкты. Е.Гуревичке Кыргызстандын ири мамлекеттик ишканаларынын акцияларын башкаруу берилген болчу. Ага көп акча каражаты берилгени жашырын жасалган. Эртең да бул иштин көп сырлары чыгат. Ынтымак курултайында контр элитанын – оппозицияны мен ушундай илимий тил менен атайм, жыйынындагыдай ачык, катуу сөз болбойт деп ойлойм. Мага сөз берилип калса биз ушундай жагдайга кандайча туш болгонубузду айтат элем. Курч проблемаларды ачык айтууга мүмкүнчүлүк беришеби-жокпу билбейм.
-Туратбек мырза, кырдаал курчуп баратат. Бирок өкмөт оппозициянын тилин таап, анын нааразылык иш-чараларын токтотуп койбойбу?
Туратбек Мадылбеков: - Оппозиция лидерлери такай сүйлөшүүлөргө бийликти чакырып келатат. Ага президент өзү келбей, жанындагы кишилерин жөнөтүп коюуда. Өзү келип, азыркы кырдаалды көзөмөлдөй турган болсо мындай болбос эле. Анын жагдайдын кандай экенин көрүшкө кызыгы деле жок окшойт. Петровка, Балыкчыдагы окуяларды, башкаларды оппозиция уюштуруп атат деп келишти эле. Бирок Нарындагы окуялар. Эл өзү чыгып, күндөп, айлап, жылдап чогулган маселени агынан жарылып айтып жатышат. Тарифтердин көтөрүлүшү элдин көкөйүнө көк таштай тийгени көрүнүп калды го. Аны орто катмар өкүлдөрү да көтөрө албай жатышат. Дагы кымбаттаса эл чыдабайт.
2005-жылдын карааны жокпу?
- Кусейин мырза, кырдаал курчуп кетип баратканы белгилүү. Бул 2005-жылдын мартын элестетпейби? Бийлик андан чыгуунун жолун издеп жатабы?
Кусейин Исаев: - Ага жетпейбиз. Себеби бул бийлик кантип жана кандайча нааразылыкты басуунун жолун жакшы билип калды. Ноокаттагы окуяны динге шылтап, Балыкчыдагы окуяны шайлоонун жүрүшүнө тоскоол кылды, Петровкадагы окуяны кичинекей кыздын зордукталышына байланыштырып соттун колуна салып берди. Бирок элдик наарызылыкты сот колу менен токтотуу көпчүлүктүн кыжырын келтиргенден башкага жарабайт. Сот менен коркутуу жакшылыкка алып барбайт. Эл көтөрүлсө сел жүрдү дей бериңиз. Аны тартипке салыш кыйын.
- Туратбек мырза, Элдик курултайды өткөрүүчү жай аныктала элек. Ошол маселеге токтоло кетсеңиз.
Туратбек Мадылбеков: - Азырынча ал жер тактала элек. Уюштуруу топтун жетекчиси Роза Отунбаева депутат, фракция жетекчиси катары биртоп жерлерге кайрылган. Баары бош эместигин айтып макул болушкан жок. Анан мен орун берет экен дегендей кепти угуп калдым. Кеч болуп баратат. Өтүүчү жерди биз белгилеп койгонбуз. Таптакыр уруксат бербей койсо Алматы менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги “Медиа-Форумдун” алдына өткөрөбүз. Бийлик нааразылыкты күч менен басабыз дейт. Баары эле алдана бербейт, коркуп отуруп калбайт.
-Кусейин мырза, ушу маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай?
Кусейин Исаев: - Калыс киши катары пикиримди айта кетейин. Мен эл тарабындамын. Анан 2005-жыл менен 2010-жылдын ортосунда асман менен жердей айырма бар. 2005-жылы эл эки гана маселе боюнча каршы чыккан. А.Акаевдин үй-бүлөсүнүн мамлекетти башкарууга кийлигишкени, экинчиси шайлоодо элдин добушун каттатпай, будуң-чаң салганы үчүн. Быйыл болсо экономикалык маселе коюлуп атпайбы. Электр энергиясынын өздүк наркы аз, баасы өтө көп болууда. Жабдуулар эскирди деген тек шылтоо гана. Суу башындагы кыргыз эли үчүн суу кымбаттап жатат. Коммуналдык акылар аябай жогорулап кетти. Аны элден жашырбай, ачык айтып, ишти кеңешип чечишсе алда канча жеңил болор эле. Азыр абал чынында эле татаалдашып баратат.
Туратбек Мадылбеков: - Бүгүнкү оппозиция кандай максат, кандай милдеттерди аткаруу керектигин талкуулап алыш үчүн чогулганы жатат. Эл арасынан азаматтар чыгууда. Мисал катары айтайын. “Түндүкэлектрди” 3 миллион долларга сатышты. 2 жыл мурун ал 137 миллион долларга бааланган. Аны сатып алган “Чакан ГЭСтин” чөнтөгүндө бир тыйын жок. Анын артында кимдер турганын биз жакшы билебиз. Азыр аны 350 миллионго сатабыз деп баалашып жатышат. “Кыргызтелекомду” 40 миллион долларга сатышты. Аны 900 миллион долларга сатабыз деп жатышат. Мунун башында Е.Гуревич турган. Ал Кыргызстанды башкарып жаткан. Өткөндө Б.Березовский келгенин айтканбыз. Азыр экөө тең Интерпол аркылуу издөөдө жүрүшөт. Ушундай адамдар бизге жыйналып алыптыр. Алардын баары такталып, эртең эле ачыкка чыгат. Документтери бар.
- Анда эмесе сөзүбүздү жыйынтыктасак. Мырзалар сиздердин ишиңиздерге ийгилик!