Аталган теманын тегерегинде талкуу жүргүзүү үчүн "Азаттыктын" студиясына “Ак жол” партиясына мүчө болгон бир катар депутаттар чакырылган, бирок эч ким келген жок. Андан сырткары Акыйкатчы Турсунбек Акун да чакырылган, ал да телефонун өчүрүп, байланышка чыкпады.
Талкууга "Ата Мекен"
партиясынын лидери
Өмүрбек Текебаев
“Кылым шамы”
укук коргоо
уюмунун лидери
Азиза Абдрасулова
(телефон байланышы аркылуу) катышты.
“Азаттык”: - Евгений Гуревич өткөн жылдан бери, өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик түзүлгөнгө чейин эле, Кыргызстанда иштеп келаткан. Анын айланасындагы Надел, Генкин деген да жолдоштору бар. Гуревич Италия мафиясы менен байланышы бар деп айыпталууда. Максим Бакиев алып келген бул топ Кыргызстанга кандайдыр бир жардам бере алабы, булардын эмне максаты менен келген?
Өмүрбек Текебаев: - Березовский Кыргызстанга келип бизнес жасап атат экен деген чуу 2005-06-жылы чыкканда, Кыргызстандан эмнени алмак эле, Кыргызстандын бюджети 250-300 млн. доллар болсо деп сөз чыккан. Ошондо Березовский бир гезитке интервью берип, эбин тапса Кыргызстандан көп акчаны кырып алса болот деп айткан жери бар.
74 тонна алтын запасы бар “Жерүйдү” бекер эле англичандардан тартып алып, аны кийин казак компаниясынын үстүнө кошуп сатып, акча алган жайын билебиз. Гуревич дагы ушуга окшогон эл аралык аферист. "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" дегендей Гуревичти болуп көрбөгөндөй таланттуу жаш менеждер, Кыргызстан өзүн-өзү башкара албай калды, мына ушулар Кыргызстандын байлыгын башкарып, бирге экини кошуп бизди баратат деп жарыялашкан.
Мына “Ак Жол” фракциясынын депутаттары бүгүнкү дебатка келген жок, аларды түшүнсө болот. Анткени алар Максим Бакиевди дагы, Гуревичтин тобун дагы байдын кызындай эле мактаган, мына бизге таланттуу жаш адамдар келди, ушулар бизди жыргатат деген. Алар үчүн кыргыз элинин алдында убаданы берип, алар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Бүгүн Гуревич эл аралык иликтөөгө салынып, мафиянын финансисти экен деп Италия соту жарыялагандан кийин акжолчулар үчүн жеңил эмес, өтө оор саясий нокдаун да.
“Азаттык”: - Азиза айым, сиз дагы ушул акыбалды укук коргоочу катары, ошол эле мезгилде өлкөдөгү саясий абалга назар салган инсан катары айтсаңыз, калган Надел, Генкин сыяктуу адамдар биздин Кыргызстанга кандайдыр бир жардам бералабы билими менен?
Азиза Абрасулова: - Мен бул маселени ичинен таанышып, окуп чыккан жокмун. Бирок Кыргызстан өзү ушундай чуусу бар, дүйнөлүк финансылык аферага аралашып калган адамдар менен эле жакын болуп алабыз. Бирштейн сыяктуу мына эми Гуревич чыгып калып атат.
Менин таң калганым, Кыргызстанда ушулардын акыл-эсиндей акыл-эси бар, финансыны, башка саясатты, экономиканы түшүнгөн, өлкөгө жаны күйгөн өзүбүздүн жигит, кыздарыбыз жокпу. Эмне себептен эле сырттан келишет, эмне себептен сырттагылар менен жакын болуп калат деген ой, албетте, бир эле мени эмес, Кыргызстандын көпчүлүгүн тынчсыздандырып атат бүгүн.
1-мартта эле Гуревич, анын компаниясы менен келишимди жокко чыгардык деген маалыматтарды шашылыш таркатып атышат. Эмне себептен эл аралык деңгээлде издөөгө алынып, күнөө коюлуп аткан адам бул жерде жүрсө, Кыргызстан ал адамды ээн-эркин коюп коюп, балким өлкөдөн чыгып башка жактарга качып кеткенге өбөлгө түзүп атканы дагы мени таң калдырып атат.
Эмне себептен эл аралык деңгээлде күнөөлөнүп аткан адамга, күнөөсү барбы, жокпу, анан презумция невиновности деген бар, бирок ошончолук күнөөсү жок болсо биздин Кыргызстан ал адамга Италиянын өкмөтүнүн алдында жооп берүүгө жардам бербейт.
“Азаттык”: - Азыркы дагы бир маселеге токтолсок. Бул топ деп айттык, президент Бакиев ушул топ менен байланышты үзүшү керекпи, же кандай болуш керек?
Өмүрбек Текебаев: - Италиянын сотунун чечими белгилүү болоору менен биз Гуревич менен байланышыбыз жок деп андан баш тартып, келишимди үздүк деди. Бул хамелеон деген жандыктын амалын түшүндүрөт. Ал куйругунан кармалып калса, куйругун кесип, өзү аман кете берет.
Бүгүн Гуревичти куйрук катары кесип, биз билбейбиз деп четке чыга бергенге аракет кылып жатышат. Четке чыга бербейт. Анткени алар Гуревич менен кылыктары терең байланышкан. Ал кылыктарынын кесепети кыргыз элине мындан ары дагы тийет.
Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон, ошонун кеңеши менен 500 миллиондон 1 млрд. долларга чейин турган биздин эки байлыгыбыз, ар бири 500 млн. доллардан жогору турат, бири 3 млн. долларга, бири 40 млн. долларга сатылды.
Эмне үчүн Гуревич бизге келди. Гуревич телекоммуникация тарабындагы афераларга маш болгон адис. Булар Италиянын Телекомун 2 млрд. 700 млн. долларга отургузган. Бул Кыргызстанга келип Бимакомдун айланасында дагы афераларга аралашкан. Убагында Бителди революциядан кийин 20 млн. долларга сатып алышып, азыр баасы 1 млрд. долларга жетти.
“Азаттык”: - Анын артындагы адамдар менен байланыш үзүлүш керекпи, эмне болуш керек?
Азиза Абрасулова: - Биринчиден, байланыш үзүлүш керек, албетте. Экинчиден, мен Кыргызстандын жараны катары айткым келет, Гуревич аралашып, ушунун кеңеши менен сатылган биздин мамлекеттик мүлктөр, стратегиялык объектилер эмне болуп атат. Ошол сатылган келишимдер бүгүнкү күндө жарактуубу, жараксызбы, ал жагына дагы көңүл бөлүнүш керек.
“Азаттык”: - “Ак Жол” фракция башчысы Улукбек Ормоновдун парламентте Социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаеванын ушул окуяга байланыштуу айткан сын пикирине карата мындай каршы пикирин айткан эле, ошону окурмандарга тааныштыра кетели.
Улукбек Ормонов: - Албетте, бүгүнкү күндөгү айтылган иштер боюнча биздин Өнүктүрүү фонду Гуревич менен бүт келишимдери үзүлгөндүгү жөнүндө өзүнүн маалыматын берген. Муну артынан айткандын кереги жок деп ойлойм.
“Азаттык”: - Темабызды бир аз өзгөртүп азыр кызуу болуп жаткан тариф маселесине келсекпи деген оюм бар. Саясат таануучулардын кээ бирлери азыркы абалдан чыгыш үчүн тарифти калыбына келтирилиш керек деген пикирди айта бештады. Бийлик, өкмөт тараптан бул кадам мүмкүнбү?
Өмүрбек Текебаев: - Тариф адилет болуш керек. Кыргызстанда коюлган тариф адилет эмес. Кыргызстандагы коррупциянын кесепетин жаап-жашырыш үчүн Гуревичке окшогон алармандардын келечектеги 100 миллиондогон доллар пайдасын камсыз кылыш үчүн элге жүктөлгөн бул тариф. Ошондуктан тариф азайыш керек, мурунку калыбына келиш керек. Элдин дарамети өскөнгө жараша, инфляциянын өскөнүнө жараша, албетте, бул аз-аздан көтөрүлүп турушу мүмкүн.
“Азаттык”: - Азиза айым сиз кандай деп ойлойсуз, ушул абалдан кантип чыгабыз биз эми?
Азиза Абрасулова: - Бул абалдан эң биринчи стратегиялык объектилердин сатылгандыгы, менчикке өткөнү канчалык мыйзамдуу, канчалык мамлекет үчүн пайдалуулугу каралыш керек. Анан тарифтерди кайрадан мурдагы калыбына келтириш керек. Азыр элдин акыбалы өтө эле оор болуп калды тарифтер көтөрүлгөндөн кийин.
“Азаттык”: - Бийлик даярбы ушуга?
Азиза Абрасулова: - Бийлик даярбы, даяр эмеспи өзүлөрү айтса жакшы болот эле, бирок бүгүнкү күндүн талабы ошол.
“Азаттык”: - Ушул тарифтердин айынан элдин толкундоолору Нарында болуп өттү, жалпы эле Кыргызстанда ушундай толкундоолор болушу, же 2005-жылдагы марттагыдай окуялар кайталанып кетиши ыктымалбы?
Өмүрбек Текебаев: - Эл Бакиевдин жүргүзгөн экономикалык жана жалпы эле саясатына нааразы, каршы. Кыйын турмуш эмес, кыйын турмушта кыргыздар согуш убагында да, согуштан кийин да жашаган. Эгер ага негиз болсо, түшүнсө кыргыз эли чыдайт.
Бирок ачыктан-ачык кыргыз элин тоноп атса, 100 миллиондогон, миллиарддаган долларларды, элдин ырыскысын өзүнүн гана чөнтөгүнө салбастан, чет элдин аферисттердин чөнтөгүнө салып берип атса. Эгер кыргыз уурдаса Кыргызстанга калат эле. Ал эми бүгүнкү биздин тапкан баардык байлыктарыбыз четке агылып чыгып кетип атат. Биздин экономиканын эң чоң кесели ушунда. Ошондуктан мен ойлойм эл өзүнүн сөзүн айтат, буга окшогон элге жараксыз, каршы саясатка чечкиндүү нааразылыгын айтып, токтотот деп ишенем.
“Азаттык”: - Азиза айым, сиз Ынтымак курултайына делегат болуп шайлангандардын катарында экенсиз. Ошол курултайда ушул орчундуу маселелерди көтөрүшкө даярсызбы?
Азиза Абрасулова: - Бир гана ушул эле орчундуу маселе эмес, андан башка дагы Кыргызстанда дээрлик социалдык-экономикалык укуктар боюнча, жарандык, саясий укуктар боюнча өтө көп проблемалар бар. Албетте, мен ал курултайга жөн эле барып катышып эмес, мүмкүн болушунча сөз сүйлөөгө жана сүйлөгөн убагымда ушул маселелерди, элдин көйгөй маселелерин көтөрүп чыгуу үчүн катышайын деген максатым бар.
“Азаттык”: - Менин оюмча 17-марттагы оппозициялык курултайда дагы ушул маселелер негизгилерден болушу ыктымал. Өмүрбек мырза кандай дейсиз?
Өмүрбек Текебаев: - Сөзсүз түрдө бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясат жөнүндө болот, ошонун ичинде тариф саясаты, биздин стратегиялык баалуулуктардын арзан чет элге кетип жаткандыгы каралат. Мен ойлойм, 17-мартта боло турган Элдик курултай саясий чоң фактор боло алат, ал Кыргызстандагы саясаттын багытын бурушу толук ыктымал.
Сөзсүз эле бийлик алмашат экен дегендик эмес. Алар тобо деп, алганын ордуна коюп, тарифти төмөн түшүрүп, күнөөлүүлөрдү жазалап, соттоло тургандар соттолуп, камала тургандар камалса жан соогандын бир түрү ошол болот, ошондо гана бүгүнкү бийлик убактылуу өмүрүн узартышы мүмкүн.