Сабыржан Атажанов: Кылмышкерлердин улуту болбойт

Ош шаарынын көчөлөрүн козөмолгө алган тартип коргоо кызматкерлери. 21-июнь, 2010-жыл

Кыргызстандын түштүгүндөгү соңку кырдаал, Өзгөндөгү абал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Сабыржан Атажанов жооп берди.
- Эл аралык журналисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Ошто өзбек тектүү адамдарды туш келди кармалып, алардын укуктары аябай бузулуп атканын, кордук көрүп жатканын айтып билдирүүнү таратты. Ошто чын эле ушундай болуп атабы?

Сабыржан Атажанов: Июнда Кыргызстандын тарыхында өтө жаман окуя болду. Муну бир жактуу берген туура эмес. Эч качан кылмышкерлердин иши боюнча бир улутка, же улуттун өкүлдөрүнө баа берген туура эмес деп эсептейм. Кылмышкер улутуна карабастан кандай болбосун, кайсы жашта болбосун, мыйзамдын, кудайдын алдында жооп бериш керек.

Эгерде биздин үналгы, сыналгы, ММКлардын өкүлдөрү улутуна карабастан кылмышкерлердин жоопкерчиликке тартып атканын көрсөтсө элде мындай нерселер азырак болот деген ойду айткым келет.

- Кечээ Ош шаарында тополоңдо каза болгондордун кырк күндүгү белгиленди. Ошол иш-чара тууралуу да айта кетсеңиз.

Сабыржан Атажанов: Кырк күндүк кудайга шүгүр тынч өттү. “40 күндө андай-мындай болот” деген ар кандай ушактар тарабады беле. Азыр кандай чоң кылмыш ортодо болуп кеткени боюнча адамдарга түшүнүк жетти. Бири-бирине каршы кайра чыгууну ойлогон адамдар азыр жок десе да болот.

Ушак сөздөр көп болуп атат. Биздин молдолор намаздарда, жумаларда “ушак таратууну азайтуу керек” деп айтып атат. Боло турган иш болду, эми жакшылыкты, келечекти ойлош керек. Бир эле нерсе – жабыр таркан, үйү күйгөн адамдарга мамлекет жактан бериле турган жардамды тездетиш керек. Суук түшкүчө элдин үйүн оңдоп бериш керек.

- Эл арасында түштүктөгү коогалаңды уюштуруучулар деп кимдерди айыптап жатышат?

Сабыржан Атажанов: Уюштургандар ачык айтылбаса да, эл өзү билип, аларга баасын берип атат. Алардын көбү азыр качып кетип Кыргызстандын сыртында жүрүшпөйбү. Алар ким экенин эл билип, акылы жетип калды. Аларды тартип коргоо органдары жазага тартат. Эгер алар тартпаса кудай тарат. Мына 90-жылдагы окуясына катышкандар, колунда каны барлар көп жашабай, баары өлүп калбадыбы. Кудай өзү көрсөтөт. Ушакчылар Кыргызстандан акырын качып атат. Эл өзү баасын берип атат.

- Өзгөндүк Бактияр деген жигит Прагадагы биздин кесиптештерге кыргыздар Өзгөндө балдарыбызды уруп жатат, эгерде мындай боло берсе Өзгөндө да кагылышуу болуп кетет дептир. Мунун канчалык чындыгы бар, Өзгөндө абал кандай?

Сабыржан Атажанов: Өзгөндө абал тынч. Ал жакта мурункудай эмес, ар бир эки адамдын ортосундагы жаңжалды улуттардын ортосундагы жаңжалга айландыргысы келген адамдар бар. Мурда деле жаңжал болуп жүргөн, айрыкча балдардын ортосунда. Буга улуттар аралык жаңжал деп баа берген туура эмес деп эсептейм.

- Өзгөндө кырдаал жакшыбы?

Сабыржан Атажанов: Өзгөндө кырдаал тынч, кооптоно турган акыбал жок. Күнүмдүк гана анча-мынча жаңжалдарды улуттар аралык жаңжал деп эсептебейм. Эл аралык уюмдардын тажырыйбасын пайдаланышыбыз керек. Югославияда бир нече жыл улуттар аралык араздашуулар болбодубу, ал жакта саясатчылар, бийлик өкүлдөрү тил табышалбаган жерде окумуштуулар, маданият тармагында иштегендер биригип бир уюм түзүп, алар элдин арасында иш жүргүзгөн. Улутуна, башкасына карабастан туура сөзүн айткандыктан Югославияда тынчтык орноду.