Ош: азаптуу жана армандуу күндөр

Ош менен Жалал-Абадда болгон кагылышта үй-жайы өрттөлгөндөр, качып кеткендер жашаган аймактарына кайра кайтып барышканы менен, толук жайгашып, орун-очок алыша элек. Өзбек улутундагы кыргызстандык жарандар жыш жайгашкан андай аймактардын бири - Шейит-Дөбө.
Шейит-Дөбө айылынын кире беришинде куралчан эки-үч жоокер турат. Айылдын ичинде өзбек жамааттары көп жашайт, ошол себептүү бул жактан кыргыз улутундагыларды көрө албайсың. Бул жердеги үйлөрдүн көпчүлүгү өрттөлгөн. Жергиликтүү тургундар бизди тосуп алышып, арыз-армандарын айта башташты:

- Мен Мансурова Амина. Өзбекстанга неберелеримди алып өттүм. Ал жакта жакшы карашты.

"Азаттык":
Мен азыр көптөгөн өрттөлгөн үйлөрдү көрүп турам. Ушунун арасында сиздики да барбы?

- Баарыбыздыкы күйгөн, кызымдыкы да, келиндимдики да. Жашоо үчүн эч үй жок.

"Азаттыктын" кабарчысын бул жерде көптөгөн адамдар талашып, үйлөрүн көрсөтүүгө аракет кылып жатышты.

"Азаттык": Бул сиздин үйүңүзбү?

- Ооба.

"Азаттык": Канча жаштасыз?


- Мен 73 жашка келдим.

"Азаттык": Силерге азыр кандай жардам болуп атат, чатырлар берилип атабы?

- Палатка эмес эч нерсе жок. Картошка, пияз, макарон берип атышат.

Биздин алдыбызга адамдар тез эле топтолуп кетти. Алар өздөрүнүн нааразылыктарын айтышты, арыз-арманын айтып ыйлагандар да болду.

Шейит-Дөбө айылында үйлөрү өрттөлгөн адамдардын көбү кошуна-колоңдордукуна жашап аткышат. "Азаттыктын" кабарчысы баш баккан бир үй-бүлөнүн ээси бир үйдө беш үй-бүлө тыгылып жашап атышканын, азык-түлүктөн жардам берилбей жатканын айтты.

Өзбекстандан жаңы эле Кыргызстанга кайтып келген бир аял бир тууган эки элди уруштурган башка күчтөр деген пикирин билдирди:

- Мен айтмакчымын, мен кыргыз калкына эч кандай нааразылыгым жок. Анткени биз бир улут сыяктуу, пайгамбарыбыз бир, динибиз, үрп-адатыбыз бир. Биз кыргыз-өзбек калкы дайыма бир үй-бүлөдөй жашап турганбыз, бири-бирибиз менен кудачылык кылганбыз. Бул иштерди бирөөлөр кылгандан кийин ушундай иш болду. Кыргыз ким, өзбек ким? Мен баарыбыз бир калкпыз деп эсептейм.


"Азаттык": Кыргыз айылдарында "чын эле өзбек-кыргыз эч кандай урушмак эмеспиз. Бул жерде ортодо бир күчтөр отту жагып койду" деп айтышат. Сиз да ушуга кошуласызбы?

- Ооба, албетте ошондой болду. Мен өзүбүздүн маалени эле айтып кетейин, снайперлер келгенде биздин эркектер бизди коргогону келген. Мечиттерди айтып атат, азан айтканда башталды деп. Ооба, биз да билебиз. Бирок маалени сактоо үчүн, тур, уктаба, сени басып келатат деген ушактар менен чакырды.

- Азыр бул жерде көптөгөн адамдар гумжардамдын аз келгенин айтып жатышат, же болбосо такыр эле келген эмес. Ошол эле убакта чатырчалар да жок деп айтып атышат. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?

- Мен Досматов Махмуд. Мен Бишкекте окугам, кыргыз досторум бар. Эки жума болду, бирок силерге эмне болду деп бир жардам бере элек. Бир жолу гумжардам алдык. Куралдарды сурап атышат, курал жок бизде, эч нерсе жок бизде.

- Документтериңер кандай?

- Документибиз жок, кечээ убактылуу паспорт алып, домком берген справкасы менен добуш бердик.

- Сиздердин айылыңыздарда шайлоого катышуу кандай болду?

- 40-50 пайыз эл махаляга келди, эркектер жок, аялдар келдик. Тынчтык орношу үчүн добуш бердик.

Жанарбек Акаев:
Мен Өзбекстанга качып барып кайра кайтып келип, үйлөрү өрттөлгөн адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин кайра Ак-Тилек кичи районуна келдим. Бул жерде 24 чатырча тигилип, Сүрө-Таш айылы жактан, тактап айтканда Кызыл-Кыштак айылынан качып келген 300дөн ашуун кыргыз жарандары бар экен. Алар үйлөрүнө өзбектер кирип алганын, ошондуктан качып кетишкенин, бул жакта бир чатырда алты-жетиден үй-бүлө жашап атышканынан кырдаал тынчыса үйгө кайтуу ниетинде экенин билдиришти. 62 жаштагы Майрам апа:

-Үйүбүзгө баргыбыз келет, бирок кооптуу. Оштон качып барган өзбектер биздин үйлөрүбүзгө кирип, талап-тоношуптур деген сөз бар. Ал жакта жалаң өзбектер жашашат. Ошон үчүн жашоо бир калыпка келгенге чейин, биздин айылга атайын аскерлер көзөмөл салышы керек.

Жанарбек Акаев: Мен Оштун тургундарынын көптөгөн көйгөйлөрүн уккандан кийин касиеттүү Сулайман-Тоого чыктым. Адатта, адам аягы үзүлбөгөн ыйык тоодо азыр бир да адам көрүнбөйт. Шаарга көз жүгүртсөң, коомдук транспорт каттап, дүкөндөр, банктар иштеп баштаганын байкоого болот. Бирок, эки улуттун өкүлдөрү дале болсо бири-бирине аралашып кете албай турушкандай.