Ж.Жолдошева: Оштогу толкунду эл өзү токтотуш керек

Азыр Ошто кырдаал курч бойдон турат. “Эки элдин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?” деген суроо менен “Азаттык” Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы достук коомунун вице-президенти Жылдыз Жолдошеваны кепке тартты.
- Бул жарандар арасында кутумчул иштерди жүргүзүп, араздашууну күчөтүп жаткан адамдарга, күчтөргө каршы кандай аракет көрүлүш керек деген ойдосуз?

Жылдыз Жолдошева: Албетте Оштогу окуя чоң трагедияга айланып кетти. Чындыкты айтышыбыз керек, бул атайын жасалып атат. Азыркы учурда Фурхат айылы тарабында кырдаал абдан курч болуп турат. Оштогу окуяга бир гана ички күчтөр эмес, тышкы күчтөр да абдан ынтызар болуп атканы билинип калды.

Мен кошуна өлкөбүздүн аскери кирип кетеби деп чочуп турам. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Исаковнага, ошондой эле башка мүчөлөрүнө кайрылат элем, тез аранын ичинде Өзбекстан, Казакстандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл. Эгер сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөсө түн киргенде кандай болуп кетет – аны эч ким айта албайт. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек.

Экинчиден, «Азаттыкты» бүт дүйнө жүзү угат, ошондой эле түштүктө ким угуп атса, айрыкча энелерге, аталарга кайрылып кетет элем: өзбектер кыргыз досторуңарга, туугандарыңарга, кыргыздар өзбек туугандарыңарга, досторуңарга токтотолу деп айтсаңар. Азыркы ушул толкунду бир эле эл өзү токтотуп алганга кудурети жетет, акылдуу кишилер чочубастан, коркпостон элди ынтымакка чакырса. Андан башка жол жок.

- Сиз бул атайын сценарий менен даярдалган деп айттыңыз. Анын авторлору ким деп ойлойсуз?

Жылдыз Жолдошева: Мен, тилекке каршы, тышкы күчтөр бар деп чочуп турам. Менин өкүнгөнүм, эгерде кыргыз эли бири-бири менен ынтымактуу болсо эч качан улут арасындагы маселелер чыкпайт болчу.

- Эки элдин аксакалдары тарабынан кандай аракет зарыл?

Жылдыз Жолдошева: Азыр аксакалдар эмес, ар бир кыргыз, ар бир өзбек, Ош облусунда жашагандар жоопкерчиликти сезип, өзбек-кыргыз аралашып жашаган айылдар толтура, ошолор бири-бирине кирип “токтотушубуз зарыл, болду” деп айтыш керек. Ошондой эле атайын кызматтар жакшы иштеши керек. Буга жол бербеши керек болчу. Бирок, тилекке каршы, жол берип жиберди. Эми азыр кошуна өлкөлөрдүн президенттери менен сүйлөшүү жүргүзүү зарыл.

- Рахмат.