Өлкөдөгү апрель-июнь окуялары миграциянын агымын дээрлик эки эсеге көбөйттү. Ошондой эле Кыргызстандан Казакстан жана Орусияга иштеп кеткендердин арасында ошол өлкөнүн жарандыгын алгандар арбыды.
Ал эми айрым жерлерде мектепте окуган кыргызстандыктарды мектептен чыгарып салган учурлар да болгон. Мына ушундай жагдайлар соңку окуялардын эмгек миграциясына тийгизген таасирин талкуулаган жыйында айтылды.
Мектепти ушул жылы бүткөн Ош шаарынын тургуну Аскар Орусияга кетүүгө камынып, поезд жана учак билеттеринин баасын караштырып жатат. Ал өлкөдөн убактылуу да кетүү соңку кырдаалдарга байланыштуу экенин жашырган жок:
- Мурда базарда иштечүбүз. Апама жардам берип, соода кылышчумун. Эми тополоңдон кийин баары талкаланган соң жакында Орусияга кеткени жатам. Азыр учакты да, поездди да байкап атам. Билеттер кымбат экен, ошентсе да кетиш керек. Мен кайра келип, мурдагы базардагы ордумду калыбына келтирип иштесем деп ойлоп атам. Кыргызстанда иш жок болгондон кийин тиричилик кылып, эптеп жан багыш керек да...
Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров да жакында эле балдарын неберелери менен чогуу Москвага жөнөттү. Бирок ал балдарынын Кыргызстандан чыгып кетүү себеби башкада деп эсептейт. Укук коргоочунун белгилешинче, бул чечим коопсуздук үчүн кабыл алынган:
- Бардыгы кетип атат. Менин балдарым да кетти. Бир балам менен кызым экиден балдарын алып Москвага кетишти. Алардан маалымат алдым, Орусияга жетишиптир.
Мына ушундай Кыргызстандагы соңку окуялардын миграция маселсине тийгизген таасири бүгүн бишкекте өткөн “Апрель-июнь окуяларынын эмгек миграциясына тийгизген таасири” деген аталыштагы жыйында талкууланды. “Замандаш” ассоциациясынын президенти Мухтар Өмүракунов соңку окуялардан улам миграциянын агымы эки эсе көбөйгөнүн жана алардын басымдуу бөлүгүн өзбек тектүү адамдар түзөрүн тастыктады:
- Акыркы убактарда жаштар абдан көп кетип жатат. Алардын арасында өзбек тектүүлөр көп. Андан сырткары Орусияда да эки улуттун ортосундагы арздашуулар да пайда болгон фактылар бар. Тилекке каршы апрель жана июнь окуялары миргацияга терс таасирин тийгизди, миграциянын агымы дээрлик эки эсеге көбөйдү.
Ал эми Алтынбек Сыдыков Казакстанда иштеген мигранттардын көйгөйүн мындайча айтып берди:
- Чын эле соңку окуялар бизге таасирин тийгизди. Депортациялар күчөдү. Үйүбүздөн балдарыбыз менен чогуу камакка алып барып койгон учурлар болду. Ошого карабай иштеп жатабыз. Миграциялык картаны мурда үч айда алсак, азыр беш күн болуп калган. Бул убакыттын ичинде Кыргызстанга кайра кирип-чыгуу мүмкүн эмес. Дагы бир маселе – базардын жанындагы Дарожник мектебинде окуган кыргызстандык балдарды чыгарып салды. Жакында эле 40 окуучуну жашоого уруксат алгыла, же Казакстандын жарандыгын алгыла деп чыгарып салды. Эми биз өзүбүз аны каалабайбыз деле, бирок алганга мажбур болуп атабыз. Азыр Казакстандын жарандыгын алгандар көбөйдү.
Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Тынаев учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана массалык депортациянын саясий өңүтү жок экенин белгиледи:
- Бул мөөнөттү көбөйтүүгө Казакстандын өкмөтү жана миграция департаменти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Ал эми ошол учурда кыргыз эмес, башка улуттар деле депортацияга кабылган. Атайын кыргызстандыктар үчүн болду деген туура эмес.
Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамила Бегиева сыртта, айрыкча курулуш тармагында иштеген мекендештерди Ош жана Жалал-Абаддагы курулуш иштерине тартууну сунуштады.
- Жер ооп кеткен мигранттардын 90 пайызы түштүк жергесинен. Алар бир топ тажрыйба алышты. Бардык учурда жол курганда, курулуш иштерине деле кытай, түрктөрдөн кызматкерлер тартылат. Ал эми биздин жарандарды Москвадан Францияга чейин үйлөрүн ремонтоо үчүн алып кетишет.
Жыйынга Орусия менен Казакстандан тышкары кыргыз мигранттары иштеп жүргөн АКШ, Италия, Чехия, Польша, Түркия өңдүү өлкөлөрдөн да биринчи ирет өкүлдөр келип катышууда. Иш чара 14-августка чейин уланып, анын жыйынтыгында бийликке конкреттүү сунуштар жолдонот.