Каржы кризиси мигранттарды кыйнады

Москва - кыргызстандык мигранттардын чоң ордосу

Бишкекте миграция маселесине арналган конференцияда каржы кризисинин айынан Россиядагы кыргыз мигранттары иш таппай, кыйналып жатканы тынчсыздануу менен белгиленди.

Миграция маселесине арналган бул иш-чараны “Замандаш” ассоциациясы уюштурган. Жыйында миграциянын социалдык-экономикалык кесепеттери, мигранттардын укуктарынын корголушу, кыргыз диаспоралары менен бийлик бутактары ортосундагы байланышты жакшыртуу маселелери талкууга алынды.

Конференцияда каржы кризисинин мигранттарга тийгизген таасири өзгөчө сөзгө алынды. “Замандаш” ассоциациясынын башчысы Муктар Өмүракуновдун айтымында, каржы каатчылыгы эмгек мигранттарына чоң таасир этүүдө:

- Каржы каатчылыгынан улам чет жактагы бир топ замандаштар ишсиз калышты. Бир топтору мекенине кайтып келүүгө мажбур. Учурда каржы кризисинин эмгек миграциясына тийгизген таасири өтө курч маселе болгондуктан, жыйында ага өзгөчө көңүл бурууну чечтик.

Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы Өктөм Мамаеванын айтымында, каржы кризисинен улам жүздөгөн мекендештер жумушсуз калып, айла таппай жаткан кездери:

-Абал өтө оор. Чү эле дегенде мигранттар иштен кыскартылды. Жумуштан ажырап, үй-жайсыз калган, кайда бараарын билбей вокзалда түнөгөндөр да бар. Аларга кыргыз диаспорасы колдон келишинче жардам берип жатат. Бирок бул маселе мамлекеттик деңгээлде каралып, тез арада чаралар көрүлбөсө, акыбал мындан да начарлайт.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Миргазы Исаковдун айтымында, каатчылыктын таасири анчалык деле сезилген жок:

-Чынында дүйнөлүк каржы кризисинен улам миграция агымы күчөйт го деп жатканбыз. Бирок андай деле болгон жок. Көбү башка жумушка орношуп же болбосо башка аймактан иш таап кетти. Андыктан чоң деле өзгөрүү болуп кеткен жок.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, сыртта иштеген кыргыз мигранттарынын саны миллиондон ашты. Мигранттардын негизги бөлүгү Орусияда жана Казакстанда иш алып барат.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2004-2008-жылдар аралыгында 190 миңден ашык кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алган. Азыр дагы бул өлкөгө кетип жактан замандаштардын саны азайган жок. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысынын орун басары Юрий Кушнарев ишсиз калган мигранттардын санын азайтуу үчүн атайын чаралар көрүлүп жатканын билдирди:

-Орусияга агылган мигранттардын көбү ал жакта эмне иш кылаарын, канча убакыт болоорун билбей эле жөнөп кетет. Иш берүүчү менен келишим түзүү, кайсыл бир адистик боюнча иш алып баруу жөнүндө көптөрдүн түшүнүгү жок. Каржы кризиси күчөп турса, албетте, алар ишсиз калууда. Андыктан мигранттарды ишке алууда жаңы эрежелерди иштеп чыгуудабыз. Орусияга кетүүнү каалагандардын адистиги, иш-тажрыйбасы, ден-соолугунун абалы, мурда соттолгон-соттолбогону өңдүү болгон маалымат топтолот. Мигранттар өз өлкөсүнөн чыкпай туруп иш берүүчү менен байланышып, келишим түзө алышат.

Мындан тышкары чет жердеги кыргыз мигранттарынын укугун жетиштүү түрдө коргоо үчүн Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитети алдында атайын агенттик түзүлөт. Бул агенттик мигранттарды кесиптик жана укуктук жактан даярдоо боюнча иш алып барат.