Жалал-Абадда түн тынч өттү

Жалал-Абадда өткөн түнү эч кандай жаңжалдар катталган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов “Азаттыктын” таңкы берүүсүндө билдирди.
Бектур Асанов: Жалал-Абадда түн тынч өттү. Облус боюнча эч кандай окуялар болгон жок. Азыр биз түн боюнча жыйынтыктарын чыгардык, облус боюнча баары тынч. Бүгүн түндө бийлик толук бойдон облустагы акыбалды көзөмөлгө алып турат.

- Элдин колундагы куралдар чогултулуп жатабы? Ал эми элге ок аткандардан кармалгандар барбы?

Бектур Асанов: Сөзсүз түрдө, элден ондогон ар түрдүү үлгүдөгү куралдар кайтарылды. Ал эми ок аткандар, чагым кылгандардын бир тобу камакка алынды.

- Топурак-Белде белгисиз адамдар унааларды тосуп, элге ок атып, барымтага алып, аларды Жийде айылына алып кеткен деген маалыматтар бар?

Бектур Асанов: Бул маалыматтардын баары жалган. Муну чагымчылар чыгарып атат.

- Жалал-Абадга гуманитардык жардам кандай жеткирилип жатат?

Бектур Асанов: Жалал-Абадга гуманитардык жардамдар азыр жүрө баштады. Кечээ бир топ машина гумжардам келди. Бүгүн чоң-чоң партиядагы гуманитардык жардамды күтүп жатабыз.