Султан ажы Гапуров: "Баткенде дин жагында көйгөйлүү маселе жок"

Баткенде 262 имам хатиб билимин жогорулатышууда. Өткөн жылы айылдык имамдар, дин жаатында эмгектенгендер аттестациядан өтүп, көпчүлүгүнүн билим деңгээли талапка жооп бербейт деп табылган. Бул иш чара өлкө аймагында Баткен облусунда алгачкы болуп уюштурулууда. Ушул жана башка маселелер боюнча Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Султан ажы Гапуров “Азаттыктагы” маегинде айтып берди.
- Cултан ажы, кызматкерлерди окуудан өткөргөнү жатасыздар. Бул окуу эмне максатта уюштурулду эле?

- Бул Баткен облустук мусулмандар казыятынын облус аймагындагы дин кызматкерлерин курстан өткөрүү жөн жайдан келип чыккан жери жок. Мунун өзүнүн орчундуу, өзөктүү максат негиздери бар.

Эң негизгиси өткөн жылы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараптан жалпы Кыргызстандагы дин кызматкерлерине аттестациялоо иштери болуп өткөн. Ошонун жыйынтыгы боюнча имамдарыбыздын көпчүлүгүнүн деңгээли начар эмес, бирок канаттандырарлык деп табылып калган.

Эң негизги максат - ошол имамдарыбыздын билим деңгээлин көтөрүү. Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандагы дин туту эркиндиги жөнүндөгү жаңы мыйзамга толуктоо, өзгөртүүлөр кошумчалар киргизилип жаңы мыйзам кабыл алынды.

Негизги өзөктүн бири - ошол мыйзам менен жалпы дин кызматкерлерин тааныштыруу. Андан кийинки дагы бир маселе, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тараптан жакынкы айларда жергебизде жүрүп аткан даабат, үгүт, насаат иштеринин бир тартипке, бир калыпка келтириш максатында атайын жобо иштелип чыгарылган. Ошол жобо менен тааныштыруу.

- Айтсаңыз, бул иш чарада эмнелер камтылган, эмнелерди окутат, башка диний агымдар тууралуу маалыматтар берилеби?

- Биринчиден, облусттук деңгээлдеги биздин имамдарыбыздын өз ара мамилелеринин, ынтымагын бекемдөө максат. Андан кийин элдин ынтымагынын бекемделиши болот. Ошол имамдарыбыз билим деңгээлин көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болот.

Мына өзүңүздөр көрүп атасыздар, акыркы жылдарда коомчулукта түрдүү агымдар, секталар, ар кандай көз караштагы багыттар көп болуп аткандыгына байланыштуу биздин облустук деңгээлде уюштурулган курска келип окуп кеткен имамдар, молдокелер ошол учурдун ичинде жогоруда айтылган мыйзам менен, андан кийинкиси дабаатын жоболору менен тааныштырабыз.

«Хизб-ут тахрир», «Вахабизм» эмне, экстремизм эмне, ушундай иш аракеттер болсо, кудай мунун жүзүн ары кылсын, ушуга жооп кайтара турган, же ушулардын негизги түбү кайдан келип чыкты, булардын максаты эмне деген суроолорго айылдык имамдарыбыздын баардыгынын деңгээли жете берет деп айтыштан алыспыз. Ошондуктан ушул маалыматтарды мүмкүнчүлүгүбүздүн барынча имамдарыбызга жеткиребиз.

Бул жерге сабак берип, имам хатибдерибиздин билим деңгээлин көтөрүштө билим тармагынан жардам берип аткан мугалимдерибиз булар дагы өзүбүздүн Баткен облустук мусулмандар казыятында иштеп аткан биздин адистерибиз.

Булардын кээ бирлери Египеттен окуп келгендери бар, кээ бирлери Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөндөр бар, Түркиядан окуп келген мугалимдерибиз бар. Ошол келген 15 имамга тамак-аш, жатакана, окуу куралдары, окуу шарттары жактарын мусулмандар казыяты түзүп бергенбиз.

- Айылдык имамдар тууралуу айттыңыз, буларды кимдир бирөө дайындайбы, алардын билим деңгээли, дегеле бекитилген жол-жоболору барбы?

- Албетте, баардык жерде өзүнө жараша тартиби болот. Биздин айылдык имамдар шайланбайт, булар буйрук менен бекитилет. Айылдык имамдарды райондук баш имам буйрук менен бекитет.

Имам деген киши бул сөзү менен эле дайын болуп турат, бул диний маалыматы, диний жогорку билими, же орто билими бар киши имам боло алат.

Имам болгондон кийин ошол айылдын дини үчүн, элдин исламы үчүн кыяматта дагы, бул дүйнөдө дагы жоопкерчиликтүү киши болот. Ошондуктан айылдын өзүндө да карайт, мүмкүнчүлүк болушунча ошондой диний билими бар кишилер болсо, салыштырып көрүп, кайсы биринин деңгээлине, жөндөмдүүлүгүнө карап, райондук имам буйрук кылып чыгарат.

- Облус аймагында ислам динин абалы кандай, башка багыттардагы тыюу салынган бирикмелердин, агымдардын аракеттери күчтүү болуп, көйгөйлөрдү жараткан жокпу?

- Мен облустун казысы катары биздин облустун аймагында диндин абалы өтө жакшы десем жаңылышпайм, аша чапкандык эмес. Себеби бүгүнкү күндө ар кандай динге байланыштуу болгон туура эмес көз караштагы кээ бир багыттар, кээ бир агымдар иш аракеттерин жүргүзүп, же коомчулуктун тынчын алып аткан учурлар дагы кездешип турат.

Баткен облусунун аймагында мындай көрүнүштөр жок деп айткандан алысмын, бирок мындай көрүнүштөр биздин тынчыбызды алып аткан деңгээлде эмес.

Бүгүнкү күндө облустун аймагындагы дин кызматкерлери райондук, же облустук, айылдык деңгээлде өздөрүнүн иштерин канаттандырарлык, жакшы аткарып атат десем болот.

Негизинен Баткен облусунун аймагында дин тараптан көйгөйлүү маселебиз жок, биз ойлогондой деңгээлде иш аракеттер жүрүп жатат.

- Маегиңизге рахмат.