Ошко гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө

Бүгүн Бишкекте 70 тоннага жакын гуманитардык жардам чогулду, 13-июнь 2010-жыл.

Кыргызстандын бир канча аймагында Ошто жабыркагандар үчүн тамак-аш, кийим-кечек жана медициналык каражаттар топтолуп жатат. Бишкектеги №2 мектепте шаар тургундары, жеке ишкерлер жана бир канча уюмдар тарабынан 70 тоннага жакын жүк чогултулуп, Ошко жөнөтүлүү алдында.
23 жаштагы Бишкек тургуну Кубаныч Ош тургундарына жардам берүү максатында достору менен бирге 40 миң сомго жакын акча чогулткан. Бүгүн ага кум шекер, ун, кесме жана бир аз кийим-кечек алышып, аны тапшыруу үчүн Бишкектеги "2 мектепке келишкен:

-Биз ушул окуяларды сыналгыдан көрүп, өзүбүз алыс болсок дагы, өзүбүздү жаман сезип жатабыз. Үйдө жөн эле отурбай, кандай жардам болсо дагы берели дедик. Ун, май, бүт керектүү азык-түлүктөрдү алып жөнөтөлү деп жатабыз.

Ал эми Бишкек тургуну Марат Рабидинов болсо Кыргызстандын түштүгүндө жабыргандар үчүн жардам акциясы уюштурулуп жатканын интернет аркылуу билип калып дароо өз салымын кошууга шашылган:

-Интернетте жардам көрсөтүү иш-чарасы уюштурулуп жатканын окуп калып, буга катышайын дедим. Анткени мындай оор кырдаалда коом ынтымактуу болушу керек. Ошентип төрт досум менен бирге колдон келген жардамыбызды бул жерге алып келип бердик.

Шаар тургундары кайдыгер карашкан жок
Бул өңдүү иш-чаралар Бишкек шаарында № 2 мектепте гана эмес Кыргызстандын бир нече аймактарында ар кыл уюмдар, жеке адамдар тарабынан уюштурулуп жатат. Экинчи мектепте топтолуп жаткан гуманитардык жардам тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Акматов Кубанычбек буларды айтат:

- Шаардагы төрт район биригип, Ленин райондун экинчи мектебинде жеке ишкерлер жана ар түрдүү компаниялардан жардам келип жатат. Ошко тамак-аштар, кийим-кечелер жана биринчи, эң зарыл болгон буюм-тайымдар жөнөтүлүп жатат.

Ал эми Ленин райондук администрация башчысынын орун басары Сауле Мерманова болсо шаар тургундары гуманитардык жардам чогултууга активдүүлүгүн көрсөтүп жатканын белгилейт:

- Шаар тургундарынын жардам көрсөтүү иштерине көмөк көрсөткөнү жакшы болду. Кээ бирлери ун, кээ бири кум шекер, кесме алып келип жатышат. Ушундай чоң колдоо көрсөтүшүүдө. Негизи биздин эл боорукер экен.

Натыйжада Сауле Мерманова түшкө чейин эле 16 тоннага жакын жардам чогулганын айтып, гуманитардык жардамдар кеч менен Ошко жөнөтүлөөрүн белгилейт.

Жардам топтоого жеке ишкерлер, ак кыл уюмдар өз салымдарын кошушту.
12-июнда Ош шаарына алгачкы гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. Убактылуу өкмөттүн социалдык иштер боюнча орун басары Эльмира Ибраимованын "Азаттыкка" билдиришинче учурда алгачкы жардам таркатылуу үстүндө:

-Жардамдар биринчи кезекте ооруканаларга, балдар үйлөрүнө берилет. Мындан сырткары шаарда үч нан бышыруучу жайлар уюштурулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ар күнү Кара-Суу жана Кызыл-Кыя шаарларынан Ошко ун жеткирилип турмакчы.

Түштүктөгү окуялардан жабыркагандарга жардамын берип жаткан бишкектиктер берилип жаткан жардамдар муктаж болгондордун колуна тийсе деп ниет кылышат. Мындай пикирин 30 ишкер менен бирдикте Ош элине 185 миң сомдук жардам көрсөткөн ишкер Бабакулов Байыш билдирет:

- Эми момундай адамдар ачка болуп жатса, кээ бирлери агасын, инисин жоготуп кыйналып жаткан заманда мен ойлойм жардамдар өз кызыкчылык үчүн пайдаланылып кетпейт деп. Ушундай эле болсун деген таза тилегим бар.