“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясында Бишкек, Ош жана Баткен облустарынын тургундарынын катышуусу менен отун-кубат жана жылуулукка тарифтерди көтөрүү маселелеси талкууланды.
Региондор менен байланыш коалиция түптөгөн интернет видео аркылуу жүргүзүлдү. Ага депутаттар, адистер жана карапайым калктын өкүлдөрү чакырылган. Пенсиядагы Салия апа жарыкты жөнсүз колдонбой, дайымы өчүрүп тургула деп неберелерине эскертип турат. Ал өкмөттүн жаңы жылдан тартып отун-кубатка жана жылуулукка тарифтерди жогорулатуу чечимине кабатырланып, ойлонуп жаткан чагы.
- Биздин эсебибиз боюнча үч бөлмөлүү үйгө жылуулук үчүн айына 2300 сом төлөйт экенбиз. Пенсионерлердин акчасы буга жеткидей эмес. Мен 1700 сом пенсия алам, дагы 200 кошуп беребиз дейт, ал эмнеге жетет? Азыр эле тигини өчүр, муну өчүр деп кыйкырып отурам. 1,5 сом болгондо кантебиз, билбейм.
Учурда бир киловатт саат электр энергиясынын баасы элге 71 тыйындан, өнөр жай ишканаларына 1 сом 9 тыйындан болуп келсе, эми өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 2010-жылдын 1-январынан тарта керектөөчүлөрдүн бардык катмарлары үчүн электр кубаты бирдей тарифте бир киловатт саатка 1 сом 50 тыйындан белгиленди. Ал эми жылуулукка жана ысык сууга баалар 1 Гккалорияга 1050 сом өлчөмүндө болот. Өкмөт бул баалар июнь айында дагы 40 пайызга жогорулатууну пландап жатат.
Эмдиги жылдан тарта көтөрүлчү баадан жүрөкзаада болгондор жалгыз эле Бишкекте эмес, Кыргызстандын булуң-бурчунда да көп. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы Бишкек, Ош жана Баткен облустарынын тургундарынын катышуусу менен электр энергия жана жылуулукка тарифтерди көтөрүү маселелесин талкуулады.
Региондор менен байланыш коалиция түптөгөн интернет видео аркылуу жүргүзүлдү. Катышуучулар баа көтөрүлгөнү артынан азык-түлүк, унаа, күйүүчү май сындуу товарлардын, кызмат көрсөтүүнүн акысын кымбаттайт деп кооптонушууда. Талкууга депутаттар, адистер жана карапайым калктын өкүлдөрү чакырылган. Тарифтерди көтөрүү эмнеден келип чыкты? Бул суроого Энергетика министрлигинин мүчөсү Канат Миршакиров жооп берди:
- Энерго системаны сактап калыш керек. Эгерде эртең эле бул система кыйраса, силер эмнеге караган жоксуңар, эмнеге тарифтерди жогоулаткан жоксуңар деп бизге келесиңер. Өндүрүштүн баасы бар, аны өткөрүп бериш керек, жарыкты үйүңөргө чейин жеткирип бериш керек. Ушуларга кеткен акчанын баары тариф болот. Бүт регионго бирдей болсун деп, социалдык акыйкаттуулук болсун деп бардык облустарга бирдей тариф кылдык.
Энергетикалык ишканалардын жетекчилери электр кубатына тарифтерди көтөрүүнү энергетика тармагынын эскирген жабдууларын жаңыртуу үчүн зарыл экенин белгилешүүдө. Өкмөттүн тарифтерди көтөрүү максаттары, башка өлкөлөр менен салыштыруулары Коммунисттер фракциясынан депутат Николай Байлону ынандырган жок.
- Бизге КМШ өлкөлөрүн мисал келтирип жатышат. Казакстанда ушул тапта көмүр эң арзан турат. Өзбекстанда жашоочулар газ үчүн тыйын төлөйт. Ал эми айлыктардын орточо эсеби Кыргызстандын айлык акысынан үч эсе жогору. Электр энергиясына бааларды айлыкты жана пенсияны көтөрүү менен катарлаш жогорулатыш керек болчу. Мунун экинчи тарабын да эске алуу зарыл болчу. Электр кубатына жана жылуулукка баалар көтөрүлөрү менен кызмат көрсөтүү жана бардык тамак-аш продуктулары кымбаттайт. Жадагалса бир байлам пияздын баасы да өсөт.
Видео талкууга катышкан Баткен шаарынын тургуну Карамат эже өкмөт тарифтерди жогорулатуу боюнча токтом кабыл албай туруп элдин талкуусуна салыш керек болчу деген ойдо:
- Баткенде эч кандай ишкана жок. Эч ким, эч жакта иштебейт. Өзүбүз датацияда отурган облуспуз. Жалпы калктын бир пайызы гана айлык алып иштейт. Эгер тарифтер көтөрүлсө баткендиктердин көбү 1,5 сомдон төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Андан көрө жарыкты өчүрүп коюп эле, чырак менен отурганыбыз жакшы.
Ал эми талкууга катышкан ушул маселе боюнча эксперт Николай Кравцов жарыкты маал-маалы менен өчүрүү өлкөгө эч кандай пайда алып келбегенин маалымдады:
- Көрсө, жарыкты өчүрүү менен электр энергиясын колдонуу өзгөргөн эмес. Өкмөт ишканалардагы, мектептердеги жарыкты өчүрүп, жапканы менен болгону 358 млн. киловатт саат электр энергиясын үнөмдөптүр. Бул төрт пайызды гана түзөт. А өкмөт 32 пайыз үнөмдөйбүз деп айткан эле.
Ал эми Ош шаарынын тургуну Репин Абдыразаков болсо, трансформаторлорду жаңыртуу, ремонттоо иштерин эл өздөрү эле көтөрүп жатканын айтты:
- Элдин эсебинен байыганды токтотуш керек. Министрликтин өкүлдөрү трансформаторлорду оңдогонго мүмкүнчүлүк жок дешет. Кайсы трансформаторлорду айтып жатасыңар? Аны эл өзү оңдоп, өз чөнтөгүнөн төлөп жатпайбы. Жомок айтканды качан токтотосуңар?
Талкууга Эмгек ардагерлер бирикмесинин өкүлдөрү да катышып, алар тарифтердин жогорулашын калыбында калтырууну жана өкмөт башчы Данияр Үсөновдун отставкасын талап кылышты. Видео талкууга катышкан өкмөт мүчөлөрү бул маселе боюнча жооптуу эмес экенин белгилешип, бардык айтылган арыз-муңдарды тиешелүү ведомстволорго жеткиребиз деп убада кылышты.