Т. Балтабаев: Баткенде шайлоо комиссиялары мыйзамсыз жол менен түзүлгөн

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Баткендеги штабы облустук шайлоо комиссиясын сотко берди. Ага эмне себеп болгонун билүү үчүн аталган талапкердин облустагы штабынын башчысы Ташболот Балтабаевди аймактагы кабарчыбыз сөзгө тартты.
- Ташболот мырза, алгач сотко кайрылууга эмне себеп болгонун айтсаңыз?

- Эми бүгүнкү Шайлоо кодексинин негизинде биз облустук, райондук жана шаардык шайлоо комиссияларынын курамы менен таанышып чыкканыбызда, кээ бир жерде 70 пайыз, кээ бир жерде 50 пайыздан көп шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү мамлекеттик кызматта, же муниципиалдык кызматта иштеген атуулдар болуп чыгып жатат. Ошол эле учурда саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын берген сунуштарын кабыл алышпай четке какканы бизге маалым. Кодекстин жобосуна ылайык, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматчылардын саны шайлоо комиссияларында үчтөн биринен ашпоосу керек. Мына ошого таянып туруп биз сотко бердик, ушул комиссиялардын ыйгарым укуктарын жокко чыгаруу өтүнүчү менен. Мыйзамсыз жол менен түзүлгөндүгүнө байланыштуу.

- Бул боюнча облустук шайлоо комиссиясына, жергиликтүү бийликке кайрылдыңыздарбы?

- Биз сотко кайрылаардан мурда облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Исаковго кайрылдык. Бирок ал ар түрдүү шылтоолор менен бул маселени кароодон баш тартты. Ошого байланыштуу биз маселени сот аркылуу чечүүнү туура көрдүк. Ар бир мыйзамсыз кирген шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнүн тактап, баардык далилдер менен арыз бердик.

- Шайлоочулардын тизмесин жергиликтүү бийлик тактады эле, ошого карабай сиздер да кээ бир айылдарда тизмени кайрадан тактап жатыпсыздар…

- Биз өткөн шайлоолордон сабак алып калбадыкпы. Мен өткөн шайлоонун протоколдорун көтөрдүм, катышуу көп жерлерде 80 пайыз, кээ бир айылдарда жүздөн ашып кетип жатат. Ошого байланыштуу биз өз күчүбүз менен канча шайлоочу туруктуу жашабаганын тактап чыктык. Мисалы Бужум айылындагы көрсөткүч таптакыр башкача. Бул бир эле ушул айылда эмес. Облустун баардык эле айылдарында ушундай көрсөткүч. Жок шайлоочулардын тизмесин биз кармап турабыз. Анан шайлоо алдынан тизмени расмий түрдө илишкенде биз өзүбүздүн тизмебизди алып чыгабыз. Анан шайлоочулардын тизмеси туура эмес болсо ошол тизмени тактаганга жоопкерчиликтүү болгон жергиликтүү бийлик башчыларын сотко беребиз. Бул - бийликтин добуштарды бурмалоонун бирден бир жолу, биз мындайга жол бербөө үчүн ушундай иш чараларды жасап жатабыз.

- Сиздин оюңузча, Баткен облусунда оппозиция тарапкерлерине кандай мамиле жасалууда?

-Мамиле биз күткөндөй болууда. Баардык жерлерде биз менен иштешкен атуулдарга түн-күн дебей бийлик тараптан кысымчылык, коркутуу, үркүтүү болуп жатат. Биз штаб ачкан имараттардын ээлерин коркутуп, жаптырып жатышат. Биз менен кызматташам деген активисттерди да бир-бирден коркутуп, аларды да бизден четтетүүгө аракеттер болууда.

-Маегиңизге рахмат.