Талапкер Бакиев тил сынактан өттү

Курманбек Бакиев бүгүн, 26-майда, мамлекеттик тилден экзамен тапшырды. Тил комиссиясы президенттикке талапкер К. Бакиев кыргыз тилинде жазат, сүйлөйт жана окуй алат деген тыянак чыгарды.
Экзаменден көтөрүңкү көңүлдө чыккан Курманбек Бакиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сынак дурус өткөнүн айтты:

- Сыноо болгондон кийин толкундануу болот экен. Бирок катуу толкундандым деп айта албайм. Менин жашоомдо көп эле сыноолор болуп жатат. Көнүп да калсам керек.

Курманбек Бакиевге үч тапшырма берилди: өзүнүн шайлоодогу программасын кагазга жазды, аны кайра айтып берди. Көркөм окуу бөлүгүнөн Эне-Сай кыргыздары тууралуу тарыхый баяндамадан үзүндү окуду.

Сынакта Курманбек Бакиев эмес эле, комиссия мүчөлөрү экзамен тапшырып жаткандай толкунданып отурушту. Сынак соңунда бир ооздон талапкер кыргыз тилин билет деген бүтүм чыгарышты.

Комиссия төрагасы Ташбоо Жумагулов буга чейинки экзамен тапшырган талапкерлерден озуп К. Бакиев үч бетке эки жүздөн ашык сөз жазганынын, үч эле жеринен үтүр койбой ката кетиргенин айтты.

Ушуну менен президенттикке талапкерлердин төртүнчүсү тил сынактан өттү.

Шайлоо кодексине ылайык, президенттикке талапкер мамлекеттик тилди билгендигин тастыктап сынак тапшырышы керек.

Совет доорунда иш кагаздары жалаң орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн, президенттикке талапкерлерди кыргыз тилден сынактан өткөрүү зарылчылдыгы келип чыкты, дейт комиссия мүчөсү Турусбек Маразыков:

- Биздин республиканын көпчүлүк калкы сүйлөгөн кыргыз тилинде иш жүргүзүлбөгөндүктөн, илим-билим, маданияттын тили көбүнчө башка тилден болгондуктан, кыргыз тилинин үй тилине айланып калуу коркунучу туулган. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын президенти сөзсүз түрдө мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо зарыл, деген муктаждык пайда болду. Мына ушул себептен ушундай сынак жүргүзүлүп жатат.

Мындай сынак ушуну менен үчүнчү ирээт өткөрүлүп жатат. Биринчи жолу 2000-жылы Аскар Акаев тапшырган. Анда саясий талдоочулар А. Акаев айрым атаандаштарын шайлоодон четтетүү үчүн ушундай экззамен ойлоп тапкан, деп айтып чыгышкан.

Экинчи жолу март ыңкылабынан кийин 2005-жылы өтүп, анда да президент Курманбек Бакиев кыргыз тилин билет деп аныкталган. Азыр да ат салышып жаткан дарыгер Жеңишбек Назаралиев болсо кулап калган.

Ж. Назаралиев жакында эле президенттикке талапкерлердин тилден экзамен бериши керек деген талапка каршы ачык кат менен чыккан.

Эртең мамлекеттик тил сынагын оппозициядан талапкер Алмазбек Атамбаев тапшырат. Ал 2000-жылдагы президенттик шайлоодо тил сынагынан ийгиликтүү өткөн эле.