Китеп окубаган жаш муун

Интеллигенция өкүлдөрү сонку жылдары Кыргызстанда китеп окурмандардын саны кескин азайганын белгилешүүдө.
Ушул күндөрү Оштогу китепканалардын көп орундуу окуу залдарында бирин-экин гана адам китеп карап отурганын көрүүгө болот. Китепкана кызматкерлеринин айтымында, жайкы эс алуу учурунда жаңы чыгармаларды, дегеле көркөм адабияттарды сурап келгендер дээрлик жокко эсе. Чон залда жалгыз китеп тиктеп отурган Акимбек «Бизнести кантип баштоо керек?» деген орусча басылманы окуп жатат:

- Мен компьютерде окуган көзгө зыян болгон үчүн, атайын китепканадан эле окуйун деп чечтим. Бизнес жөнүндө китеп окусан, келечекте акча табууга оной болот ойлойм. Негедир, окурмандар аз, мен өзүм эле отурам.

«Азаттык плюстун» сурамжылоосуна катышкан көпчүлүк тургундар, өздөрүнүн кесибине байланышкан гана китептерди анда-санда окуй тургандыктарын айтышты. Советтер союзу мезгилинде тарбияланган улуу муун гана орус жазуучуларынын чыгармалары менен тааныштыгы болбосо, жаштардын көпчүлүгү мектепте окуткан гана адабий чыгармаларды билишет экен.

Айдай: Китепти мектепте окуганбыз. Азыр убакыт деле жок, күндүзү базарда, кечинде чарчайбыз. Жакшы китептер деле чыкпай калбадыбы азыр. Балдарым болсо китеп окушпайт, кино көрүшөт. Өзүм он жыл мурун окусам керек, так эсимде жок.

Жаштар китеп окубаган себебин азыр технологиянын доорунда интернет менен эле иштөө ынгайлуу деп түшүндүрүшөт. Айыл жаштары болсо, китеп окугандан көрө Батыш же өзбек кинолорун көрүшөт. Жаштардын өкүлү Аскат Камчиев:

-Мен мектепти бүткөндөн бери эле китеп окубайм, анын зарылчылыгы жок деп ойлойм. Азыр интернеттен керектүү нерсенин баарын табууга мүмкүн. Жазуучулар мындан ары китеп чыгарбай коюшса да болот.

Бирок мындай пикирге каршы оюн билдирген Ош облустук китепкананын жетекчиси Бактыгул Мырзаева, китеп окугандар саны азайып бараткан менен жаштар катмарында акырындап китеп окурмандары көбөйүп келатканын айтат. Анын жеке баамында азыр китеп окуу үчүн келгендердин дээрлик сексен пайызын жаштар түзөт.

- Студенттер көп келишет. Анан пенсионерлер. Пенсионерлерге өзүнчө бурч ачып койгонбуз, бүжүңдөп келип ошол жерде китеп окушат. Бирок 30 жаштан 50 жашка чейинки интеллигенция өкүлдөрү өтө аз келет. Окушпайт десем да болот. Бул өтө уят.

Ошто облустук жана шаардык китепканалардан башка, бирин-экин гана чакан китеп дүкөнчөлөр бар. Жалан кыргызча адабияттар сатылчу «Таберик» китеп дүкөнүнүн сатуучусу Керимбек Калыкулов, өз кардарлары дээрлик 50 жаштан өйдө адамдар экенин айтат. "Жаштардын заманбап технология менен гана чектелип, китеп окууну такыр эле унутта калтырганы кабатыр кылат", дейт Калыкулов:

-Китеп окуган адамдын мүнөзү башкача калыптанат. Жан дүйнөсүн китеп менен азыктанткан адамда боорукердик, чыдамдуулук, кайрымдуулук, гумандуулук өндүү сапаттар болот. Көркөм чыгарманын адамга таасири абдан чон.

Анткен менен соңку жылдары айылдык китепканалар да өз ордун жоготуп, айыл жерлеринде китеп окуган тургундар дээрлик жокко эсе болуп баратканы айтылат. Адабиятчы-жазуучулар мунун арты коомдун руханий кыйроосуна алып келет деген кооптонууларын билдирип келишет.