Жамааттык бала бакчалар көбөйүүдө

"Нурпейилим" бала бакчасы

2004-жылдан баштап Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Кыргызстанда 302 жамааттык бала бакча ачылган. Учурда мындай бала бакчаларда өлкө боюнча 13 100 жеткинчек тарбияланып жатышат. Кадимки бакчалардан айырмаланып жамааттык бакчалар жергиликтүү башкаруу органдары жана ата-энелер тарабынан каржыланат.

Токтогул районундагы Бала-Чычкан айылынын тургундарынын демилгеси менен дагы бир ушундай бала бакча ачылып айыл жеткинчектерине ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Мындан бир жыл мурда Бала-Чычкан айылынын тарыхында биринчи жолу бала бакча ачылган. Айыл лидерлеринин өз демилгелери жана Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу астында айылдагы кадимки эле үй бала бакчага айландырылган. Бирок балдар бакчасы эртең мененки саат тогуздан түшкө чейин гана иштейт. Төрт сааттын ичинде ата-энелер төлөгөн 200 сомдун эсебинен балдар үчүн бир маал чай да каралган.

Учурда кырк бала тарбияланып жаткан бул бакчанын директору Венера Айтмырзаева бала бакча жөнүндө буларды айтат:

- Көбүнчө бизде ата-энелер талаага чыгышат. Ошол убакта кичине болсо дагы балдар бири-бири менен байланышып, кичине болсо дагы оюнчуктар менен ойноп, бир сап ыр болсо да үйрөнүп кетип жатышат. Ата-энелер дагы ыраазы болуп жатышат.

“Нурпейилим” бала бакчасында каражаты тартыш болгон ата-энелерге жеңилдиктер да берилген. Токтогул райондук билим берүү борборунун башчысы Касым Өскөмбаев билдиргендей, кадимки бала бакчалардан айырмаланып жамаат тарабынан колдоого алынган бул бакчалар көп жеткинчектердин тарбия алуусуна шарт түздү:

- Негизи айылдарга бала бакча жетпейт. Ушул долбоордун жардамы менен бүгүнкү күнгө чейин район боюнча 1418 баланы мектепке чейинки тарбияга тарта алдык да.

Айылда жамааттык бала бакчанын ачылганына ата-энелер да кубанычта. Алардын көпчүлүгү бакча мындан дагы кеңейип, шарттар жакшыртылса дешет. Бала-Чычкан айылында мугалим болуп эмгектенген Алмаш Аттокурова уулу бала бакчага баргандан бери иши жеңилдеп, баласынын аң-сезими өскөнүн айтат:

- Балдарда жылыштар аябай эле байкалууда. Ырларды, санакты, оюндардын ар кандай түрлөрүн үйрөнүп келе жатышат. Бирок жеткинчектер бала бакчада төрт гана саат тарбияланып жатат. Жок дегенде бешке чейин болсо жакшы болот эле.

Жамааттык бала бакчалардын курулушу “Жамааттык деңгээлде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” долбоорунун негизинде ишке ашып, аны Азия өнүктүрүү банкы колдоого алган. Бул долбоор иштеп жаткан Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарында 302 жамааттык бала бакча ачылып, учурда 13 100 жеткинчек бул бакчаларда тарбия алышууда.

Аталган долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Жыпар Сатарова долбоор жөнүндө буларды баяндайт:

- Жамааттардын деңгээлинде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоору кыргыз өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин негизинде ишке ашууда. Бул долбоордун негизги максаты кенже курактагы балдардын тамактануусун жакшыртуу, ден-соолугун чыңдоо жана психо-социалдык жактан өсүп өнүгүшүнө жардам берүү.

“Жамааттык деңгээлде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” долбоорунун негизинде бала бакчалар гана курулбастан, Жалал-Абад облусу боюнча жергиликтүү дарылоо борборлорунда да түзөтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада аталган долбоор ушул жылдын 31-мартында соңуна чыгып, бакчаларга жоопкерчилик айыл өкмөттөрүнө тапшырылат.