Кыргызстандын тышкы карызы 2,5 миллиардга жетти

Ноябрь айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. 499 млн. долларды түздү. Жыл башында бул сумма 2 миллиард доллардын тегерегинде болчу.
Каржы министрлигинен алынган маалыматка караганда, алынган кредиттердин 1,5 млрд. долларга жакыны көп тараптуу насыя берүүчүлөр алдындагы милдеттенме болуп саналат. Ал эми эки тараптуу насыя берүүчүлөрдөн алган карыздын өлчөмү 1 млрд. долларга чукул.

Кыргызстанга ири өлчөмдө карыз берген көп тараптуу каржы институттары – Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта кору. Ошондой эле Орусия, Түркия, Жапония, Германия сыяктуу мамлекеттерден да өлкөгө ири суммадагы кредиттер келген.

Каржы министрлигинин мамлекеттик карызды башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алтынай Бектеналиеванын айтымында, өкмөт азыр карыздардын пайыздарын азайтуу же убактысын узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Бизнеске айрым адамдар кийлигишпей, өзү иштемейинче тышкы карыздан кутулушу мүмкүн эмес.


- Доллар өскөн сайын биздеги сандар да көбөйүп жатат. Болбосо эки-үч жылда тышкы карыздарды убагында эле төлөп берип жатабыз. Бул каржылоо планына киргизилген. Тышкы карыздарды азайтуу үчүн көп өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Негизинен биз кредиттерди экономикалык жактан натыйжалуу кылып пайдалансак, өз убагында кайтарылып берилет эле. Бизде көп учурда андай болбой, карыздар көбөйүп кетүүдө.

Карызы бардын азабы көп

Негизинен экономика дүйнөсүндө карызы бар өлкө, же тышкы карыз деген түшүнүк мыйзам ченемдүү эле каралат. Мындай караганда карызы жок өлкө деле жокко эсе. Деген менен аны максаттуу пайдалануу башкы маселелерден болуп эсептелет.

Экономика илимдеринин кандидаты Бакыт Турдумамбетов Кыргызстандын калкына салыштырмалуу тышкы карыз көптүк кыларын белгилеп, сырттан келген акчалар дээрлик максатсыз ишететилип жатат деген пикирде.

- Маселе – алынган карыздардын туура эмес иштетилип жаткандыгында болуп жатпайбы. Башында жакшы максат менен эле алынып жатат. Бирок алар ишке ашпайт, анткени Кыргызстанда коррупциянын деңгээли абдан жогору. Экономиканын өсүшүнө бийликтегилер жардам берип, бизнеске айрым адамдар кийлигишпей, өзү иштемейинче тышкы карыздан кутулушу мүмкүн эмес.

Насыя бар, акча көп, бирок көзөмөл жок

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү өздөрүнчө аудит жүргүзүшүп, Кыргызстанга келген кредиттердин өлчөмүн, кайдан келгендигин аныктап чыгышкан. Бирок ал каражаттардын кандайча коротулганы, ал акчаларга эмнелер жасалганы тууралуу суроолорго ушу күнгө чейин так жооп алынбай келет.
Бир да киши, бир да министрлик “баланча акча бул жакка жумшалды, түкүнчө акча бул жакка коротулду” деп отчет берген жок.


“Таза Табигат” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева да ошол эсептөөлөргө катышкан. Анын баамында, мамлекет тышкы карызды элдин эсебинен төлөөнү пландап жатат.

- Кредит деп канча акча алдык, бир өзгөрүү көргөн жокпуз. “1 млрд. 200 млн. сом компенсация төлөйбүз” деп Социалдык камсыздандыруу агенттигинин жетекчиси Назгүл Ташпаева айтып жатат. Бул кайсы акчадан алынат? Ошол эле сырттан келген кредиттен алынат. Компенсация, пенсиялар, пособиелер кредиттин эсебинен көтөрүлүп жатат. Мамлекеттин кирешеси жок. Бир да киши, бир да министрлик “баланча акча бул жакка жумшалды, түкүнчө акча бул жакка коротулду” деп отчет берген жок.

Кыргызстан өз арбайын өзү сого алабы?

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Кыргызстандын тышкы карыздарды төлөө үчүн мүмкүнчүлүгү да, шарты да бар экенинин белгилеп келет. Жумакадыр мырзанын баамында, Кыргызстанга келген кредиттердин басымдуу бөлүгү Эл арылык банк, Дүйнөлүк фондго тиешелүү болгондуктан, алардын көзөмөлү күч. Кыргызстанга жакпаган айрым мыйзамдардын киришине да ошолор таасир берүүдө дейт ал. Алардын катарына кыймылсыз мүлккө бир пайыз салык төлөө да кирет экен.

- Алтын өндүрүү тармагында 12 жылдан бери 200 тоннадан ашуун алтын эритилди. Мисалы, келишим туура түзүлүп, Кыргызстан өзүнүн үлүшүн алганда капкачан тышкы карызды төлөп салсак болмок. Бирок Кыргызстан андан пайда көргөн жок. Ошол эле энергетика тармагын алсак. Мисалы, бул тармак жылына 100 миллиондун тегерегинде киреше алып келиш керек эле. Карыздын бир бөлүгүн ушундан кутулсак болмок. Бизде болсо тескерисинче болуп, энергетика тармагынан киреше алмак турсун, бюджеттен акча бөлүп берип жатабыз. Демек, биз бул тармакты туура эмес пайдаланып жатабыз дегендик. Экономиканы жакшы иштететсек эле эки-үч жылда карыздан кутулганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Акыркы төрт жыл ичинде Дүйнөлүк банк Кыргызстанга кредит берүүнү токтоткон. Мындай чечим алынган акча каражаттар белгиленген чектен ашып кеткендигине байланыштуу кабыл алынган. Ал эми эксперттер Кыргызстан өзү эле экономиканы жакшы тейлеп, жогоруда айтылган тармактардан сырткары тоо кен, энергетика, көмүскө экономиканы жөнгө салганда эле карыздан оңой кутулат элек деп айтып жатышат.