Айзат Жолдошбекова Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан жаңы конуштардын биринде кичи дүкөн ишететип келет. Ал өз бизнесин кеңейтүү максатында жакында эле банктардын биринен насыя алган:
- Биздин өлкөдө насыя алуу маселеси өтө оор. Коңшу эле Казакстанды же Орусияны алсак бул мамлекеттерде кредиттердин үстөгү 11-15 пайызга барабар экен. Мен жакында кичине дүкөнүмдү кеңейтүү максатында насыя алайын деп банктардын бардыгын кыдырып чыктым. Бардыгынын тең талаптары оор, айлык акы тууралуу справка же патент, болбосо күрөөгө кыймылсыз мүлк койосуң деген шарттары бар экен. Кичи кредиттик мекемелердин пайызы 42ге чейин жетип, асмандап кетиптир. Алган акчаңдын жарымын кайра эле пайыз катары төлөөгө туура келүүдө. Айла жок, алганга туура келет.
Насыялардын пайызы: кечээ, бүгүн, эртең
Учурда Кыргызстанда каржы жана кредит жаатында 1200гө жакын мекемелер ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Алардын катарында банктар, кредиттик союздар, компаниялар, күрөөканалар жана агенттиктер бар.
Банк жана микрокредиттик ишканалардын насыя портфели үстүбүздөгү жылдын алты айында 33 миллиард сомду түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдагыдан 1 миллиард сомго көп.
Насыялардын айлануудагы сумманын көбөйүшү менен алардын пайызы дагы өскөнсүйт. Эгер мындан 3-4 жыл мурун Айыл банк 14 пайыз, Ишкерлерди колдоо фонду 16 пайыз менен каражат таратып келген болсо, эми бул көрсөткүч 22 пайызды түзүүдө.
Ал эми калган коммерциялык банктар жылдык 18-36 пайызга чейин, кичи кредиттик компаниялар 28-42 пайызга чейинки үстөк нарк менен насыя беришүүдө.
Жардам болобу? Жылыш барбы? Жаңылык күтүлөбү?
Өлкөнүн Экономикалык жөндөө министри Жеңишбек Байгуттиев кредиттердин пайызы учурда төмөндөөнүн үстүндө дейт:
- Бул багытта Улуттук банк менен банктардын союзу, ошондой эле коммерциялык банктар өздөрү иш жүргүзүүдө. Алар арзан ресурстарды тапканга аракет кылып, кредитке муктаж болгондорго таратышууда. Азыр кредиттердин пайызы жума сайын төмөндөп жатат. Ушул темп менен жүрүп отурса, жыл аягына чейин насыялардын үстөгү 3-4 пайызга төмөндөмөкчү.
Адистердин баамында мамлекеттин кепилдиги менен Кыргызстанга тартылган инвестициянын жылдык наркы 0,75 пайызды түзөт. Ал эми коммерциялык багытта келген каражаттардын жылдык үстөгү 2 пайызга барабар. Бирок бул акча кардарларга бир нече эсе үстөк баа менен насыя катары берилүүдө.
“Биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте насыялардын пайызын төмөндөтүү багытында иш жүргүзүп жатабыз” дейт Европанын Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кенжи Наказава:
- Европанын Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы тараптан берилип жаткан насыянын пайызы бир нече багыттардан көз каранды. Пайыздардын көрсөткүчү эл аралык базар, инфляция жана өлкөнүн саясий-экономикалык абалына байланыштуу болот. Кредиттин пайызын түшүрүү үчүн бул тармактардагы көрсөткүчтөр жогору болушу абзел. Биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте насыянын үстөгүн төмөндөтүү багытында иштеп жатабыз.

Коммерциялык багытта келген каражаттардын жылдык үстөгү 2 пайызга барабар. Бирок бул акча кардарларга бир нече эсе үстөк баа менен насыя катары берилүүдө.