Түштүктө жараат алгандарга кан керек болушу мүмкүн

Жараат алгандарга кан берүүнү каалаган шаар тургундары, 8-апрель 2010-жыл.

Республикалык кан борборунда түштүктө жабыркагандар үчүн кан тапшыруу иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда жетиштүү деңгээлде кан бар. Бирок түштүктөгү окуяларда жараат алгандардын санынын өсүшү менен канга болгон муктаждыктар да көбөйүшү мүмкүн экендигин кан борборунан билдиришет.
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга кайдыгер карабаган жарандар Республикалык кан борборуна келип кан тапшырышууда. Милициянын капитаны Нурлан Исмаилов да бүгүн аталган борборго келген:

-Эртең менен жумушта отуруп, кан керек экенин сыналгыдан көрүп калып кан тапшырып коюш керек деп ойлодум. Мен ойлойм, азыркы заманда ар бир адамдын милдети болуш керек. Анткени кан жабыркагандарга абдан керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги берген 14-июндагы таңкы маалыматтар боюнча Кыргызстандын түштүгүндө бир жарым миңден ашык адам жараат алган. Алардын 800гө жакыны ооруканага жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева Ош жана Жалал-Абадда жаракат алгандар үчүн азырынча кандын жетиштүү өлчөмү бар экендигин белгилейт:

-Учурда Ошто да, Жалал-Абадда да кандын өлчөмү жетиштүү. Эгер керек боло турган болсо бул Республикалык кан борборунан канды жеткирүүгө биз даярбыз.

Дамира Ниязалиева өз сөзүндө тургундарды Кыргызстандын түштүгүңдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабоого, мүмкүнчүлүгү бар адамдарды жараат алгандар үчүн кан тапшырууга чакырат.

Ал эми Республикалык кан борборунун 14-июнда берген маалыматтарын ылайык, учурда Ошто 97 литр, Жалал-Абадда болсо 58 литр даяр кан бар. Ал эми Бишкекте керек болгон учурда түштүккө жеткирилүүгө даяр турган 340 литрдей кан сакталып турат. Республикалык кан борборунун башчысы Мухаметалим Турсунбаев билдиргендей, өлкөдөгү окуя курчуп, жабыркагандардын саны көбөйө турган болсо канга болгон муктаждык жогоруламакчы:

- Эртерээк тынчтанып кетсе деп тилейбиз. Эгер улана берсе бир тонна кан деле жетпей калышы мүмкүн. Учурга жетиштүү. Бирок бул кандын кору көлдүн суусундай эле. Бир жагынан чыгып жатса бир жагынан куюлуп турушу керек, толуп турушу керек. Бир жолу топтоп койдук, ошону менен бир ай жыргап жашайбыз деген мүмкүн эмес. Күндө толуктап турушубуз керек.

7-апрелден 15-апрелге чейин Республикалык кан борборуна миңге жакын адам кан тапшырган. Натыйжада 400 литрден ашык кан даярдалып, анын жарымына жакыны апрель окуяларында жаракат алгандарга куюлган.