Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси өтөт

Бүгүн кыргыз коомчулугу белгилүү кинорежиссер, Кыргыз Эл артисти Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чарасын өткөрүп жатат. Мына ушуга байланыштуу Маданият министринин милдетин аткаруучу Рыскелди Момобеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
- Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чарасы бүгүн кайда өтүп жатат жана аны кимдер уюштуруп, кимдер катышууда?

Рыскелди Момбеков: Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мындан туура 2 жыл мурун кыргыз элинин чыныгы чыгармачыл инсаны Дооронбек Садырбаевдин о дүйнөгө кеткен. Мындан эки күн мурун Убактылуу өкмөттүн атайын токтому менен Д.Садырбаевдин атын түбөлүккө калтыруу боюнча эскерүү кечелери уюштурулмак. Бүгүн саат үчтө Ала-Арча көрүстөнүндө Дооронбек Садырбаевге куран окутулат, андан кийин саат төрттө Улуттук филармониянын чоң залында Убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева катышкан атайын салтанат өтөт.

- Мурунку бийлик учурунда кыргыз элинин маданияты, тили жана элдик искусствосу үчүн күйгөн жана эмгек сиңирген адамдарга көңүл бурулбай калды эле. Жаңы бийлик бул кемчиликти түзөө үчүн кандай аракеттерди көргөнү жатат?

Рыскелди Момбеков: Кечээ өкмөттүн атайын жыйыны болуп, Д.Садырбаевдин атын “Кыргызтелефильм” студиясына берүү боюнча өкмөттүн токтому бир добуштан жактырылды. Ошондой эле уюштуруу комитети түзүлгөн болчу, анын төрагасы болуп Азимбек Бекназаров, анын орун басарлыгына мен бекитилгем.

Д.Садырбаев Кыргыз Республикасынын үч жолку чакырылышындагы депутаты болгондуктан, кыргыз оппозициясынын күзгүсү, эгемендик алгандан берки эки жолку бийликке катуу кармашка чыгып жүргөн, депутат кезинде эле Кыргыз эл баатырлыгына, “Ак шумкар” орденине татыктуу деп көрсөтүлгөн экен, эмнегедир ал берилбей келген.

Мен ойлойм, 27-июндагы референдумдан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Д.Садырбаевдин эмгегин эске алып, Кыргызы Республикасынын Эл баатыры деген наам берет го деген ойдомун.

Билсеңиздер керек, былтыр Д.Садырбаевдин ашын өткөрөлү деп биз ошол кездеги Бириккен Элдик кыймылынын мүчөлөрү аябай аракет жасаганбыз. Бирок бийлик ар кандай чагымчыл аракеттерди жасап, ашын өткөртпөй койгон.

Бүгүн филармонияда аны эскерүү кечеси, эртең Оштогу музыкалык драма театрында да салтанат болот. 30-майда, Д.Садырбаев жерге берилген күнү, киндик каны тамган Ноокен районунда анын айкели тургузулуп, куран окутулуп, ашы берилет.