- Султан мырза, айтыңыз маарек болсун! Мына ушул жума күнү кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болсо 80 жашка толмок. Ага байланыштуу быйылкы Айтматов жылында бир топ иш-чараларды өткөрүү белгиленген эле. Ушул жума ичинде юбилейди жыйынтыктоочу кандай иш-чаралар өтөт?
- Быйылкы жыл өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген. Бул жардыктын негизинде биздин республикабызда бир топ иш-чаралар өттү. Эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар да болду. Айтматовдун юбилейи жалгыз эле Кыргызстанда эмес бүткүл дүйнө жүзү боюнча белгиленди. Мен жакында эле Түркиядан келдим. Түркиянын Бурса шаарында эл аралык үчүнчү театр фестивалы Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналып өткөрүлдү. 12-декабрда Чынгыз Айтматов тирүү болсо 80 жашка чыкмак. Биз бул күнү юбилейлик иш-чараларды өткөрөлү деп жатабыз. Ал иш-чаралар эртең менен Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жаткан Ата-Бейиттеги мүрзөсүнө гүл коюу менен башталат. Андан кийин китеп жана сүрөт көргөзмөлөрү болот. Кечинде салтанатуу кече болот. Ага театралдык оюн даярдап жатабыз. Ал кыргыз маданият чеберлеринин чоң концерти менен коштолот. Ушул күнү Чынгыз Айтматовдун чыгармалары топтолгон 8 томдук китебинин басмадан жаңы чыккандыгына байланыштуу бет ачарын өткөрөбүз. Ошондой эле райондордун, облустардын борборлорунда жана айылдарда да ушул юбилейге арналган эскерүү жыйындары болот.
- Бирок эл арасында Айтматов жылы дегендей жүрөк сүйүнткөн, башка элдерге даңаза кыла алгандай иш-чара, аракеттер болгон жок деген сөз көбөйдү. Ага негиз бар деген ойдосузбу?
- Республикалык деңгээлде гана эмес эл аралык деңгээлде да чоң иш-чараларды өткөрбөдүкпү! “Айтматов жана азыркы мезгил” деген театралдык жана кино фестивалдары жана башка чоң жыйындар болбодубу! Эл деген айта берет экен. Кээ бирлер президиумга отурбай калса эле Айтматовдун юбилейинде эске алынбай калдым деп таарынычтарын айта беришет экен. Ушундай кыргызчылык майда ойлорду ташташ керек да! Айтматов деген планетардык масштабдагы улуу гуманист жазуучу болгон. Ал эми майда-чүйдө, кыргызчылыктан чыккан, мен чакырылбай калдым, тиги катышпай калды деген сөздөрдү айтпаш керек эле. Эгер Айтматовду чындап сүйүп, сыйлаган болсо ал адамдар эч кандай чакырыксыз эле өз милдетин аткарыш керек. Эми мындай адаттарды ташташ керек. Айтматов деген улуу гуманист адам болгондон кийин, бүткүл дүйнө белгилеп жатканда майда көр пендечиликти, көр сезимди ташташыбыз керек.
- Айтматовдун көзү өткөндөн кийин анын ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн көп жерлерге ыйгаруу керек, эстелигин коюу керек дегендей көп сунуштар айтылды эле. Бирок андан бери жарым жылга жакын убакыт өтсө да бир жерге аты бериле элек. Кыргызстанга салыштырмалуу башка мамлекеттер ысмын берип, көп иш-чараларды өткөрүп жатат. Буга эмне себеп же ичи тардык күчтүү болуп жатабы?
- Бул жерде эч кандай ич тардык жок. Кудай буюрса бир топ чоң иштер жасалат. Мен аларды алдын-ала айтпай кое турайын. Айтматов бүгүнкү күн, ушул жыл менен эле унутуп кала турган адам эмес. Ал түбөлүктүү инсан. Ошондуктан кыргыз эли Айтматовду жүрөгүбүздө түбөлүккө сактап калуу үчүн көп иштерди жасайбыз. Бул алгачкылары эле, Кудай буюрса Айтматовдун экинчи, руханий өмүрү башталды. Айтматов, Айтматов деп эле куру сөздөрдү көп айта бербей ал кишинин чыгармаларынын жана өзүнүн улуулугун жүрөгүбүз менен сыйлашыбыз керек.
- Ал эми Айтматовдун ысмын Бишкектин ири көчөлөрүнүн бирине же болбосо тарыхый маанилүү жайларга берүү маселеси көтөрүлүп жатабы? Алар качан ишке ашчудай?
- Албетте, көтөрүлүп жатат. Аны күтө туралы. Кудай буюрса, ал тууралуу чоң жардыктар чыгат. Ошондо жалпы элибиз кулакдар болот.