"Люстрация": таза коом таза адамдардан турат

Бишкектеги Тарых музейинде “Люстрация жөнүндөгү” мыйзамды ишке ашыруу маселеси жана анын механизмдери талкууга алынды.

Талкууга 7-апрелден кийин коомду “акаевчил", "бакиевчил" паракорлордон тазалоо демилгесин көтөрүп чыккан президенттин саясий маселелери боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жана “Люстрация” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү катышты.

Кимдин фамилиясы жок?

Феликс Кулов,
Акматбек Келдибеков,
Зайнидин Курманов,
Токон Шайлиева,
Шарипа Садыбакасова,
Мелис Эшимканов,
Мыктыбек Абдылдаев,
Бактыбек Бешимов,
Николай Танаев,
Айтибай Тагаев...

Ушул жана мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин туугандарынан, алардын тушунда иштегендерден турган узун тизме коомчулукту Акаев, Бакиев бийлигинин тушунда иштегендерден тазалоо, башкача айтканда "Люстрация жөнүндө" мыйзамды канткенде ишке ашыруу зарыл деген талкууда окулду. Тизмени “Люстрация” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү түзгөн.

Курманбек Бакиев

Талкууга катышкандар отузга чукул тизмени дагы улантуу керектигин белгилешти. Ал арада “Айкөл - Ала-Тоо” уюмунун өкүлү Марипа Алыйкулова “Люстрация” мыйзамын референдумга чыгаруу жолун сунуштады. Бул боюнча азырынча документтер даярдалууда. Элүү кишиден турган демилгечи топ БШКдан каттоодон өткөн.

- Конституцияны деле өкмөттүн демилгеси менен референдумга салбадыкпы. Мына ошондо да 79-беренеде мыйзам чыгаруу укугуна Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт жана 10 миң шайлоочу, башкача айтканда элдик демилге топ ээ экен. Биз мыйзамдан четке чыкпай 10 миң киши демилге көтөрүп, референдумга салалы деп жатабыз. Анда бул мыйзамды кабыл аласыңарбы, жокпу деген бир эле суроо болот.

“Люстрация” коомдук бирикмесинин мүчөсү Таалайбек Айдаров Убактылуу өкмөттүн да, парламентке келе турган айрым партиялардын арасында да ушул мыйзамдын алкагында жооп бере тургандары бар деп эсептейт.

- Айыл өкмөттөн башташ керек. Анткени айыл жерлеринде Бакиев учурунда бир нече акча желген. Алардын бардыгы архивдик кагаздарды көтөрсө эле тастыкталат. Муну биз акыр аягына чейин чыгарабыз.

Мыйзам кимдерге?

Апрель окуяларынан кийин "Люстрация" мыйзамын киргизип, коомду "акаевчил", "бакиевчил" паракорлордон тазалоо демилгесин Топчубек Тургуналиев көтөрүп чыккан. Убагында бул боюнча атайын долбоор иштелип чыккан болчу. Ага ылайык, коррупцияга аралашкан адамдар мамлекеттик аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигине алынбасын, шайланбасын деген жобо киргизилген.

Топчубек Тургуналиев

Экинчиси, аларга түздөн-түз көмөк кылып жүргөн адамдар беш жылдан он жылга чейин ошондой укугунан ажыратылсын деген жобосу бар. Демилгечи Топчубек Тургуналиев мыйзам ишке ашат деген ишеничте.

- Жазаланбаган кылмыш кайрадан кылмышты жарата берет. Кийинки чиновниктер да, мурдагылар деле кутулуп кеткен, жазаланган эмес. Ошондуктан кылмыш жасай берсе болот деген аң-сезим турат. Бул мыйзамдын кереги жок дегендер өтө аз жана аны кылмышкерлер гана колдобошу мүмкүн. Кыргызстанды бүгүнкү баткактан алып чыгып кете турган, ниети таза, ак адамдар келсин дегендердин баары муну колдоп жатат.

Бул мыйзамды күн тартибине киргизип, талкуулоону Топчубек Тургуналиев 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү бийликте турган кезде эле көтөргөн. Бирок кесиптештери арасында көп колдоо тапкан эмес.

"Ата Журт" паракорлордун бийликке келишине каршы

Анткен менен айрым саясатчылар “Мекен шейиттери”, "Айкөл - Ала-Тоо", “7-апрель” сыяктуу "Люстрация" мыйзамын кабыл алууну колдоп жаткандарды айрым партиялар бетке тутуп, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууда деп баалашууда. Мисалы, “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров партия парламентке келгенден кийин бул мыйзам каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров

- Бул мыйзамды Жогорку Кеңеште караш керек. Эгер бул мыйзамды алып чыга турган болсо, чоң маселе көтөрүлөт. Ошол мыйзамды алып чыгып аткан айрымдарын жок кылыш керек. Ошол эле эски режим менен иштешип, ичип-жеген, тойгон адамдар бийликке келип алып эле тазалашыбыз керек деп алып чыгып аткандардын арасында 30-40 пайыздайы таза эмес. Анан жөн эле кыйкырып чыга берген туура эмес, бул популизм да. Мен мамлекетке ичип-жегендерди алып келгенге каршымын.

Ал эми акыйкатчы Турсунбек Акун "Люстрация жөнүндө" мыйзам долбоору коомчулуктун кээ бир катмарларынын укуктарын бузат деген пикирин билдирип чыккан.

Люстрация (лат. lustratio) – бул айрым адамдарды мыйзамдык жактан чектеген саясий практика. Ал айрым жарандардын профессионалдык, диний, партиялык ж.б. өңүттөгү ишмердүүлүгүн иликтеп, аларга мамлекеттик кызматта иштөөсүнө, профессионалдык ишмердүүлүгүн аткаруусуна тыюу салып, жеке турмушу тууралуу маалыматтардын ээн-эркин таркатылышына жол берет.