Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Жаңы бийлик демилгеси жалпы элдик талкууга коюлабы?


Бийликтин "улагы" деле умтулгандыкы
Бийликтин "улагы" деле умтулгандыкы

Мурунку бийликтин камчысын чаап, элге каршы иштегендерди жооптуу кызматтарга жолотпоо жөнүндө жаңы декрет долбоору даярдалууда.

«Азаттыктын» бүгүнкү бетме-бет талкуусунун катышуучулары «Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев менен саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев мына ушул маселе боюнча ой бөлүшөт.

Ара жолдогу арасат тосмо

- Мурдагы бийликтин камчысын чаап жүргөндөрдү жооптуу кызматка жолотпоо жөнүндө жаңы декрет долбоору иштелип жатат. Ал элдик талкууга коюлар-коюлбасы азырынча белгисиз. Эмил мырза, бул аракеттин артында парламенттик шайлоодо айрым атаандаштарды жолун бууп коюу аракети турган жокпу? Болбосо буга мурдагы бийликте иштегендердин текши баары киреби?

Эмил Алиев: - Мындай кишилер элдин арасында болот экен. Кекчил, өз колунан келбегенин көргөндөн кийин ушундай мыйзамдарды ойлоп табышат. Мындай ишти жасоо алардын оюнда мурда эле бар болчу.

- Бекбосун мырза, ушундай мыйзамдын азыркы учурга кереги барбы? Анан бул саясий атаандаштарды орто жолдон тосуунун аракети эмеспи?

Бекбосун Бөрүбашев:
- Люстрация деп атпайбызбы. Бул коомдун тазалануу мыйзамы. Ал жалгыз эле бизде иштелип жаткан жери жок. Коом ирип-чирип кеткенден кийин ал революциялык жол менен жаңыланууга өтсө ушинтип тазалануу жөнүндө мыйзамдар кабыл алынат. Советтер Союзу кезинде Н.С.Хрущев жеке адамдын керт башына сыйынуучулукка каршы чыкса, 90-жылдары посткоммунисттик Европа, Балтика боюндагы мамлекеттер ушундай мыйзамдарды кабыл алышкан. Мунун оң да терс да жактары бар. Мына акыркы 20 жылда Кыргызстанда саясий элита алмашкан жок. Мурдагы коммунисттик бийликте тургандар менчиктештирүү башталганда байлыктын бир бөлүгүн топтоп алышкан. Бизде шайлоо, референдумдар көп өтөт. Шайлоого колунда барлар гана, окаттуулар гана катышып калышты. Анын натыйжасын 2005-жылкы, быйылкы окуялар көрсөттү. Бийликке мурдагы эле адамдар келишүүдө. Колунда бар адамдар өздөрү каалаган кишилерди бийликке алып келишип өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына жараша иш жүргүзүп жатышат. Тазалануу мыйзамы бизге керек. Бирок аны абыдан карап өзүбүзгө ылайыктуусун гана алышыбыз керек. Азыр мына шайлоо алдында айрымдар өз оппоненттерин ушул жол менен четке түртүп коюшу мүмкүн. Мыйзам долбоору чыгып калса аны коомчулук талкуулап, кайсы жагын алышыбызды такташы абзел. Биздеги саясий элитанын дымагы бийик, бирок да кесиптик камылгалары абыдан начар. Ошон үчүн бизде саясий кризистер көп болот.

Дымактар жарышы

- Эмил мырза, тазалануу деп атабыз. Бирок анын чен-өлчөмү кандай болот? Азыркы бийликте деле мурдатан эле мансаптан түшпөй келаткандар отурушпайбы.

Эмил Алиев:
- Менимче мындай мыйзамдын деле кереги жок. Люстрация деп өзүнчө мыйзам жазыштын кереги жок. Биз бирдеме жасасак эле аша чаап кетебиз. Аны чектөөнүн демократиялык жолдору бар. Мисалы, шайлоо. Эл өзү эле кимди шайлоо керектигин жакшы билишет. Бул жерде Убактылуу өкмөттүн 4-5 кишиси отуруп алып эле кимдин жарабастыгын элдин элегине салбай эле чечип коюшу туура эмес. Люстрация өзү революционерлердин атаандаштарын шайлоого катыштырбаш үчүн жасаган аракетинен чыгат. Ошол эле большевиктер бийликке келгенден кийин атаандаштарын жок кылышкан. Кийин Европада коммунисттик режим кулагандан кийин колдонушкан. Бизде болсо саясий чектөөнү антип мыйзам түрүндө кабыл албастан, башка демократиялык жол шайлоо аркылуу элдин элегинен өткөрүү тура болмок.

- Бекбосун мырза, эгер бул мыйзам жалпыга жайыла турган болсо ошол эле Убактылуу өкмөттүн өзүндө отургандарга деле тийиши мүмкүн. Анда кандай болот?

Бекбосун Бөрүбашев: - Бул өзү абдан татаал маселе. Мыйзамды даярдап аткан топтун өзүнүн кызыкчылыгы бар деңизчи. Анан бул мыйзамга кайсы категориядагы кызматкерлер туш болот, ушуну аныктап алыш керек. Анан мамлекеттик кызмат саясий жана административдик болуп бөлүнөт. Административдик кызматтагы канцеляриялык, техникалык башка кызматтагыларга мунун тиешеси жок. Буга саясий кызматта туруп, мамлекеттик саясатка багыт берген адамдар гана туш келиши керек. Муну бир-эки киши даярдап анан ура-ура менен кабыл алынып кетсе коомдо чыр-чатактар чыгып кетиши мүмкүн. Мыйзам чоң талкууга түшүп, андан соң гана талаштуу маселелерди чечиш керек.

- Эмил мырза, бу жаңы мыйзам Убактылуу өкмөт тарабынан кабыл алынып калса анын мөөнөтү бүткөндөн кийин жараксыз болуп калбайбы?


Эмил Алиев: - Бул өзү парламенттик шайлоонун алдындагы эле акция. Кийин бийликке келгендер деле ошол мыйзамды мурдагыларга каршы колдонот. Жакшы иштешсе деле кийинки келген жаңы революциячылар «силер жаман иштедиңер», деп жок кылып коет. Мыйзам артка кайрылбайт. КГБда же ИИМде он жылбы, беш жылбы мыйзам негизинде эле иштеген кишини «сен туура эмес иштедиң», деп кине кое беришет да. Андай болсо кийинки келген бийлик ээлери өзүнүн саясий оппоненттерин жок кыла берет.

- Бекбосун мырза, сиздин пикир.

Бекбосун Бөрүбашев: - Бул мыйзам керек. Саясий жоопкерчиликти көтөрөт. Кыргызстанда 150-200 киши саясий активдүү процесске аралашып жүрөт. Партияларды айтпай эле коеюн. «Алга, Кыргызстан», «Акжол», «Аракет» деген партиялар болду. Бир эле кишилер ушул үч партияга мүчө болуп чыгышты. Ошол эле партиялар бирөөлөр келип тыйын берсе аларды мүчөлүккө алып турушту. Эгерде люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алынса ар бир саясий партия, адам өзүн ойлойт. Жаман иштесе эртеңки күнү кандай жазага кириптер болорун билет. Бизде саясий жоопкерчилик жок. Эки президентибиз качып кетти. Ким саясий жоопкерчилик тартты? Мурдагы бийликтегилер тыйынын салып алышып көрүнгөн партиянын эшигин тепкилеп жүрүшөт. Бизде коом кызыкчылыгынан бир адам кызыкчылыгын жогору коюп алганбыз. Бийликтен-бийликке партиядан-партияга көчүп-конуп жүргөндөргө эми оор болот. Мамлекетти сактап калалы десек коом кызыкчылыгын биринчи планга коюшубуз керек. Эгер люстрация менен 50 же 100 киши иштен четтетилип калса ал мамлекет тагдырын чечип жибербейт.

- Эмил мырза, жаңы мыйзам убагында жазылып жатабы же бираз кечигип калдыкпы?

Эмил Алиев: - Мында кечигип калдык деген болбош керек. Бул маселени дайым көтөрүп туруу зарыл. Анын механизми кандай киргизилери тууралуу сөз болушу керек. Менимче ким татыктуу ким жарайт, ким жарабайтты эл өзү чечиши керек. Аны мыйзам аркылуу аныктоо болбойт. Люстрация мыйзамы жок эле мурунку-кийинки бийлик өзү каалаганын жасап жатат. Саясий зарылдык деп жатышат. Чын-чынында бардык маселе сот аркылуу чечилиши керек.

- Бекбосун мырза, кеп сизде.

Бекбосун Бөрүбашев: - Ушул мыйзамга биз 5 жылдай кечигип калдык. Эгер ал мурдараак алынып калса азыркы кездегидей терс көрүнүш болбойт эле. Мыйзам алыныш керек. Эгер укуктук жагынан күнөөлүү болсо жазасын алышы керек. Ал эми саясий кызматта туруп саясий эркинин жоктугунан, башкалардын эркин аткарууга гана ыкташып алган адам болсо аны мындай иштен чечттетип коюш керек. Анан бул жерде Эмил мырза, шайлоо аркылуу эле эл өзү чектөөлөр коюп коюшат, деп айтты. Бирок бизде калыс шайлоо өтпөй калган. Шайлоого эл да, мурунку-кийинки бийликтин өзү деле ишенбейт. Шайлоо таза өтсө люстрациясы жок эле элдин өзү кимди бийликке өткөрүү, кимди өткөрбөөгө өзү эле чекит коюп коймок.

- Ырахмат! Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик!

XS
SM
MD
LG