Бүгүн парламент отурумунда “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 76 добуш менен кабыл алынды.
Депутаттар карап жаткан жаңы долбоор боюнча Конституциянын сегиз беренесине өзгөртүү киргизүү каралган. Алардын ичинен эң орчундуусу жана көп талаш туудурганы 52-берененин жоболору болуп жатат. Анда үчүнчү абзацтагы «Президенттик кеңешме» деген сөздөр «курамында Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирген мына ушул максатта гана үч күндүн ичинде чакырылган Мамлекеттик кеңеш» деген сөздөр менен алмаштырылсын" деп жазылган. Төртүнчү абзацтагы «Президенттик кеңешме тарабынан Президенттик кеңешменин» деген сөздөр «Мамлекеттик кеңеш тарабынан Мамлекеттик кеңештин» деген сөздөр менен алмаштырылсын деп сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА