В.Пономарев: Кытайдын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү күчөй берет

Бейжиндеги аскердик музейде тартылган сүрөт. Жазуулары, түшүндүрмөсү бүт кытайча. Мындай карталарды Кытайда көп көрүүгө болот. Бирок Кытайдын экспанционисттик мүдөөлөрүн айгинелеген мындай карталар ички колдонууга гана пайдаланылат шекилдүү.

Кытайдын Пекиндеги аскердик музейинде Монголия, Тува, Якутия, Алтай, Казакстан менен Тажикстандын бир бөлүгү жана Кыргызстандын басымдуу бөлүгү Кытайга карай тургандыгы көрсөтүлгөн карта илинип турат. Бул сүрөттү музейден сүрөткө тартып алган орусиялык укук коргоочу Виталий Пономарев биздин радиого өзгөчө Кыргызстанда Кытай кийинки кездери кескин активдешкендигин белгилеп, Бейжин Кытай менен чектеш аймактарда Кыргызстандагыдай элдик төңкөрүштүн кайталанышын каалабай тургандыгы менен түшүндүрдү. Пономарев - Москвадагы укук коргоочу "Мемориал" уюмунун Борбор Азия боюнча улук аналитиги.

- Сиздин ырастооңузда, Кытай кийинки кездери айрыкча Кыргызстанда активдешип кетти. Бишкекке Москвада орусча жогорку билим алган адистерин жиберет экен. Эмне үчүн Кытай Казакстан же башкалар эмес, дал Кыргызстанды тандал алды деп ойлойсуз?


- Бул абдан чоң маселе. 1990-жылдары Борбор Азияда Кытайдын бар-жогу билинген эмес, анын бул аймак боюнча сөз кылаарлык саясаты бар экенин билбейбиз. Бирок акыркы бир нече жылда бул саясат күжүрмөн ишке ашырылууда. Насыя бөлүнүп, долбоорлор сунушталып, коммуникациялык долбоорлор болуп жатат. Алтургай кээ бир бейөкмөт уюмдарга бейрасмий деңгээлде жардам сунуш эткендигин билем, студенттерди Кытайда окутууга алышат.


- Кытай башка жумурияттарга караганда, Кыргызстанга көбүрөөк сунуштарды кийрип жатат деп эсептейсизби?

- 2005-жылы мен Шинжанда (Кытайдын Кыргызстан менен чек арасындагы Уйгур Автономдук районунда) болгондо, айрым өкмөттүк органдардын жетекчилери менен сүйлөштүм. Ошондо алардан абдан кызыктуу нерселерди уктум. Алар мага «Кыргызстандагы 2005-жылдагы элдик төңкөрүш Кытайдын кызыкчылыктарына абдан оор кесепет келдирди, ошондуктан Кытайда саясий деңгээлде мындай окуялардын коңшулаш жумурияттарда кайталанышына жол бербөө жөнүндө чечим кабыл алынды, буга конкреттүү акча бөлүнүп, конкреттүү структура түзүлүп жатат» деп айтышты. Бул албетте бейрасмий баарлашууда болгон сөз. Кеп Кыргызстанда эле эмес. Бирок Кыргызстан буга чейинки жылдары башкалардан эркинирээк болгондуктан, мындай нерселер дароо көзгө урунат. Азыр эми Кытай Орусияга атаандашып, Борбор Азияга көп миллиарддаган насыя бөлөм деп жатат. Башкача айтканда, гео-саясий таасир үчүн күрөш жүрүп жатат. Менмче, Кытайдын Борбор Азиядагы таасири, бул жумурияттардын ишине кийлигишүүсү өсө берет. Буга чейин аймакта Кытайдын ири инвестивиялары жок болчу. Азыр мындай долбоорлор улам көбөйүп жатат. Кыргызстанда темир жол долбоору өтсө, алардын инвестивиясына коркунуч келген учурда кытайлардын туруму дагы активдешет.

- Кытай канчалык катуу кетет деп ойлойсуз?

- Канча катуу кете алаарын айтуу кыйын. Канткен менен, ортодо эбегейсиз мадания, лингвистикалык тоскоолдук бар. Борбор Азияада таасирдүү аракеттениш үчүн Кытай алгач ушул тоскоолдукту жеңиши керек. Кандай болгон күндө да Кытайдын Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда таасири өсө берет. Бирок Түркмөнстан сыяктуу адамдын баскан-турганы бүт көзөмөлдө болгон, баары борбордошкон өлкөдө (таасирин жайылта албайт болуш керек).

- Экинчи жагынан, коррупция кеңири тамырлаган, баш-аламандык өкүм сүргөн өлкөлөрдө Кытайга өз таасирин жайылтуу да оңой болот болуш керек?

- Ооба, Кытайда керектүү адамдарды «сатып алуу» практикасы кеңири таркаган көрүнүш. Мындан эки жыл мурда (Кытайда сеператист деп айыпталган) уйгурлардын кээ бир жетекчилерине мамлекеттин эсебинен Шинжянга, Бейжинге барууга сунуш, каржы алышкандыгын кулагым чалды. Башкача айтканда, Кытайдын саясий маданияты бөлөкчө, ошондуктан кандайдыр бир маселелер чыгат болуш керек.

Жогорудагы сүрөт Виталий Пономаревден алынды. Ал аны 2006-жылы Бейжинде болгон учурда тартып алган.