Үстүбүздөгү жылы ишкер В. Хонго бир айда эки жолу кол салуу болуп, экинчисинде темир таяк менен сабап, бычактап кетишкен. Ал эми Хон өзү бул кол салууну анын ишкерлиги менен гана байланыштырууда. "Азаттыкка" курган маегинде Валерий Хон бизнести кантип баштаганын, мурдагы бийлик тарабынан кандай бут тосуулар болгонун айтып берди.
Валерий Хон: Эгер жыйырма жыл мурун бизнес жасоо кандай болгондугу тууралуу айта турган болсок, негизинен бардыгы мүмкүн эле. Мисалы, мен бир миллион насыя алып кеңсе курдум. Андан кийин 1992-жылы беш миллион рубль насыя алып каңгыраган талаада жеке өзүм борбордук базаны курдум. Дароо айта кетейин ал кезде колдоочу же таянар адамы деген түшүнүк жок болчу. Эч ким мага доомат да арта албайт эле. Анткени бардыгын мыйзам чегинде жана эч кимдин алдында милдеттүү болбостон жеке өзүмдүн колум менен бизнесимди бутуна тургузгам.
- Ал эми бийликтеги адамдар эмне себептен сиздин бизнесиңизге өзгөчө кызыктар болушкан? Сиз баштаган иштин өзгөчөлүгү эмнеде эле?
Валерий Хон: Себеби бул мунай база географиялык жактан ыңгайлуу жайга курулуп, стратегиялык мааниге ээ болуп калды. Биринчиден, бул база шаарга жана "Манас" аэропортуна эң жакын жайгашкан. Экинчиден, бул базага темир жол аркылуу да, чоң унаа жол аркылуу да келген жолдор бар. Мына ушундай географиялык абалы менин бизнесимдин ийгилигинин ачкычы болду. Бирок ошол эле маалда көйгөйлөрүмдүн бардыгы ушул мунай базама да байланыштуу болду.
- Сизге каршы кысым кайсыл убактан тарта башталды жана кандай формада болду?
Валерий Хон: Эми мен документалдуу түрдө далилдеп бере ала турчу фактыларды айтып берейин. 2002-жылы мурдагы президенттин баласы Айдар Акаевдин атынан куралдуу адамдар, милиция келип "бир фирманын алдында карызыңар бар экен, мына соттун чечими, төлөгүлө, болбосо бул мекемеге атайын башкаруучуну отургузабыз" дешти. Ал сотуна болсо бизди чакырышкан да эмес, биз билген да эмеспиз. Макул болуп төлөп берели деп акчасын коробкага салып барсак көрсөтүлгөн даректе андай фирма жок экен. Жөн гана ойдон чыгарылыптыр. Сот болсо төлөгүлө дейт, биз болсо кимге акчаны алып барарыбызды билбейбиз.
Ошентип алышып отурганда 24-марттагы окуялар болуп кетти. Бийликке Бакиевдер келди. Бул убакта мен Өмүрбек Бабановдун энесине таандык “Мунай Мырза” компаниясы менен 5 миллион долларга сатуу тууралуу келишимге кол койдум. Керектүү документтерди колдоруна бердим. Андан кийин эле менин адвокатым аркылуу айттырып жиберишиптир, "биз сага бир миллион доллар беребиз, ошого ыраазы бол" деп.
Андан соң мени өзүмдүн мунай базама киргизбей калышты. Бир жарым жылдай соттошуп жүрдүк. Сот болсо туура эмес чечимдерди чыгарып атты. Ал турсун алар мага эмес, мен аларга беш миллион доллар карыз экен дедирген документтерди жасаганга аракет кылышты. Анан биз бул ишти жалпы коомчулуктун, эл аралык уюмдардын назарына алып чыккандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бирок эч кимди жоопко тарта алган жок. Анткени ал жерде Бабанов турган.
- Мунай базаны сизге кайра өткөрүп бериштиби?
Валерий Хон: Өткөрүп берүүгө макул болушту, бирок ошол эле маалда өз шарттарын таңуулашты. Ага ылайык менен ВОССТ уюмуна ижарага берип, ал эми ВОССТ болсо "Атек ойл" ишканасына субарендага бериши керек эле. Макул деп аргасыздан ошондой кылдым. Бирок "Атек ойл" келишимде көрсөтүлгөн эреже жоболорду аткарган жок жана жасалма дооматтарды коюу менен бизге да ижара акысын төлөшкөн жок. Келишимди жокко чыгарыш үчүн сотко кайрылдым. Эч майнап чыккан жок. Мунун артында Өмүрбек Бабанов турат деп ачык эле айта алам. Ал арада минтип мага эки жолу кол салуу болуп, аз жерден өлүп кала жаздадым.
- Сизге кол салуу фактысы боюнча эмне маалыматтар белгилүү? Жылыш барбы?
Валерий Хон: Тергөө иштерине мени эч катыштырышкан жок. Кол салгандарды кармадык деп айтып жатышат, бирок бул иш аягына чыгарына көзүм жетпейт жана буйрук берген адамды табышат деп деле ишенбейм. Анткени мунун артында чоң каражат турат.
P.S. Буга чейин "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүнө катышкан Өмүрбек Бабанов өзүнө карата коюлуп келген дооматтарды четке каккан. Өмүрбек Бабанов "Валерий Хондун аркасында Алексей Ширшов турган. Мага тиешелүү компания келишим түзгөндөн кийин Алексей Ширшов аны чакырып алып, 5 млн. 500 миң төлөйм деген, ал Алексей Ширшовго кайра барып, ошого жамынып алып “Бабановду биз бурап коебуз, биз аны сындырып коебуз, сен кел мага” деп аны алдап, ал кара пиарга өтүп алып ошолор менен мамиле түзгөн" деп айткан.