Чолпонбек Турусбеков: “Мамлекеттик чек арада көп маселе бар”

28-май – Чек ара кызматынын кесиптик күнү. Бул майрам Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда да белгиленет. “Азаттыктын” суроолоруна Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбеков жооп берди.
- Чек арачылардын кесиптик күнү менен куттуктайбыз. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын чек араларынын коопсуздугу канчалык деңгээлде сакталууда?

Чолпонбек Турусбеков: Биринчиден, биздин чек арачылардын күнү менен куттуктаганыңарга чоң рахмат. Мамлекеттик чек аранын коопсуздугуна бүгүнкү күнү чоң көңүл бурулду десем жаңылбайм. Жеке эле биз, мамлекеттик чек арачылар эмес, башка күч структаралар да өзүлөрүнүн иш-чараларын алып барууда. Жалпысынан апрель айындагы окуялардан кийин бүгүнкү күндө да чек арачылар катуу тартипте мамлекеттик чек араны кайтарууда.

Бүгүнкү күндө көптөгөн атайын иш-чаралар бар. Айта кетсек, майдын ортосунан баштап 10 күндүн ичинде атайын биргеликте «Биримдик» деген ат чек ара операциясы менен өткөрүлдү. Бул жерде чоң мааниси бар операция болуп атат, жеке эле Кыргызстандын чек арасынын коопсуздугуна байланыштуу эмес. Бул Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Орусиянын чек араларындагы коопсуздук, коркунучтарга каршы атайын аракеттер өңдүү маселелер.

- Буга чейин мурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алик Орозов “Дело №” гезитине берген маегинде Жаныш Бакиев Чек ара кызматын жеке карап, маң заттарын ташуучу жолду көзөмөлдөгөндүгү тууралуу айткан экен. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

Чолпонбек Турусбеков: Мен бул кишини абдан жакшы билем, абдан урматтайм, бүгүнкү күндө биздин ардактуу кыйын чекисттердин бири деп айтсам болот. Анын берген маалыматын мен окуган жокмун. Бирок баа берсек болот: биздин мурдагы бийликтин көз карашы кандай болду эле, кандай иш-чараларды алып барды эле? Мен жаңылбайм, атайын ишти алып барууда каталар бар, көңүл бурулган эмес десек деле болот.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек арада көп маселелер бар, муну биз жашыра албайбыз. 1999-жылы Орусиянын чек ара аскерлери Кыргызстандан чыгып кеткенден бери өзүбүз мамлекеттик чек арабызды кайтарып жатабыз. Санап көрсөк, бүгүнкү күнү өзүбүздүн майрамыбыз, 11 жылыбызды белгилеп жатыптырбыз, бул биз үчүн аз. Ушул аз жылдардын ичинде кандай иштерди аткардык, кандай жетишкендигибиз бар – элибизге белгилүү эле болуп атат.

- Ошол эле маегинде Алик Орозов орус депутаты Багдасаровдун “Орусияга маң заттардын 70 пайызы Кыргызстандан өтөт” деген сөзүн мисал келтириптир. Бүгүнкү күндө баңги заттарын чек арадан өткөрбөө маселеси кандай каралууда?

Чолпонбек Турусбеков: Чек арачылардын мамлекеттик чек араны кайтарууда да өзүнүн милдеттеринин ичинде баңгизатка каршы күрөшүү да бар. Мынча процент баңгизаты өтүп атат деген ар түрдүү маалыматтар бар. Наркотрафиктин ар түрдүү жолдору бар. Маңзатты алып бараткан аткезчи өткөрүүчү пунктан эле өтүп кетпейт, анын өзүнүн маршруттары бар.

- Рахмат.