Баткен: Чегарадагы үйлөр тымызын жана тынымсыз кошуналарга өтүүдө

Өрүкзарлуу Баткен аймагы

Баткендин жергиликтүү бийлиги буга чейин Тажикстандын жарандарына үй сатуу учуру акыркы 3 жылда катталган эмес деп келишкен. Бирок бул маселе каралган облустук жыйында 133 үй кошуна өлкө жарандарына өтүп кеткени ачыкталды. Чегара аймагындагы эл мындай кадамга барышын кошуналардын кысымы жана социалдык маселелердин чечилбегени менен байланыштырууда.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чегарасында жайгашкан айылдарда үйлөр тынымсыз эле сатылып тургандыгы акыры келип облустук жыйында ачык болду. Алсак Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө мурда 60 там сатылган болсо 2007-жылы 7, 2008-жылы 8 үй тажикстандыктарга соодаланып кеткен.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Төрөбай Бостонов жергиликтүү бийликтин аракетинен майнап чыкпай жатканын, сугат суу маселеси чечилбесе маселе оор бойдон кала берээрин айтат:

- Сатылган үйлөр баары эле катталбайт. Азыркыга чейин жалпысынан 75 үй тажикстандыктарга сатылып кетти. Негизги эле маселебиз агын суунун келбей жатышы. Биз тургундарга түшүндүрүп жатабыз. Айланайындар, сатпагыла суу келет деп. Бирок бизден сурабай эле сатып кетип жатышат.

Баткен районунун Тажикстанга чектеш Таш-Тумшук айылында да ушундай эле абал. Жергиликтүү тургундар 40-50 үй сатылып кеткен дешсе, райондук акимчилик 13 эле там дешет. Маалыматтын так эместиги сатылган үйлөрдүн расмий түрдө катталбаганында. Сатып алгандар болсо ижарада турабыз дешет.

Бирок район акими Дастан Ходжаевдин айтуусунда, күч кызматтары аракеттенип да ижарачыларды чыгара алган эмес, тажиктер болсо Кыргызстандын атуулдугун алууга кызыкдар:

- Негизги эле көйгөй - үйүн сатам дегендерге мамлекет тарабынан укуктук бөгөт коё албай жатабыз, ижарада турган тажик жарандарын паспорттук режимди бузгандыгы үчүн деген айып менен депортация кыла албай жатабыз. Бүгүнкү күндө ушундай маселе болуп жатат, тажик жарандары Кыргызстандын жарандыгын алсак деп жатышат. Биз элдик дипломатияны да колдонуп көрдүк, бирок маселе чечилбей жатат. Ал эми азыр жашап жаткан эл саткандарды жазалагыла, биз анан сатпайбыз дешет. Аларды жазалаганга юридикалык жол жок болууда.

Ушул эле Таш-Тумшук айылынын тургуну Халил Амираев болсо өткөн жылы эле айылдан кошуналарга 4 жер сатылганын, кысымчылыктын айынан өзү да үй-жайын кардарга койгонун айтат.

- Мына былтыр эле 2үуй, 2 бош жер сатылды. Кошуналардын кысымчылыгы улам күчөп жатат, бала-чакабыз кенен баса албай калды. Анан айласыздан мен да үйүмдү кардарга койдум. Наркы келишсе сатам да, суусу жок болсо да тынч жайга кетем.

Облус губернатору Марат Жумабеков болсо чегарадагы үйлөрдү сатууга тыю салуу менен маселени чечүүгө болот деген ойдо:

- Мыйзам боюнча биздин аймакта мыйзамсыз жашап жаткан башка өлкөнүн атуулдарын депортация кылышыбыз керек . Бирок кантип деген суроо туулат. Жок дегенде чегарада турган үйлөрдүн сатылуусуна мараторий киргизибиш керек. Үй ээлерине эскертүү берип, анда эгер сатып жиберсе кылмыш ишин козгоо тууралуу жазылууга тийиш. Президент да ошондой сатууга жол бербөөнүн мыйзамдуу жолу жок болгондуктан мамлекетке сатып алабыз деп айтып жатат.

Канткен менен чегара аймагында жашаган калктын сатууга мажбур болгон үй-жайын мамлекет эсебинен сатып алабыз деп айтылганына 3 жылдан ашты, бирок андан бери да бул аймакта үй-жайлардын кошуна өлкө жарандарына сатылуусу токтогон жок. Мамлекет да сатып ала элек...