Шаар башчы: биринчи орунда - тартип

Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев, 17-июль, 2009-ж

Бишкек шаарынын башчысы Нариман Түлеев 2009-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Шаар башчысынын айтымында, анын ишинде тоскоолдуктар да болууда.
2009-жыл Бишкек үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун шаар башчы өз сөзүндө белгиледи. Өткөн жылы борбор шаарда коомдук транспорттун жүрүшү, эски жолдордун оңдолушу, жаңы көчөлөрдүн курулушу, ар тармактарга инвестициянын тартылышы, муниципиалдык навайкананын ишке берилиши менен катар шаарды жашылдандыруу жана тазалык иштеринде жылыштар болгондугун белгилеп өттү.

Негизинен 2009-жылы “Жаңыланган Бишкек” программасынын алкагында 128 пункт боюнча иштер аткарылмак. Бирок бул тапшырманын он алтысы ар кандай себептерден улам ишке ашпай калган. Нариман Түлеев салык жана архитектура багыттарында кыйынчылыктар көп экендигин белгиледи:
2010-жылы эки көпүрө курулуп, 15 көчө оңдолот.


- Биз “Жаңыланган Бишкек” программасынын 88% аткардык. Ишке ашпай калган тапшырмалардын тогузу архитектурага байланыштуу. Жакында эле мен Өнүгүү кеңешинде доклад окуп, эки маселени көтөрүп чыктым. Биринчиси, архитектураны, шаардын курулуш багытын бизге өткөрүп бергиле дедик. Экинчиси, салык комитетинин шаардык башкармалыгын жергиликтүү кеңеш бекитсе деген маселени көтөрдүк. Негизи бул тармактар шаардык бийликтин карамагынан чыгып кетиптир. Биз кайтарып алсак деп турабыз. Себеби биз башкалаа үчүн жоопкерчиликтүүбүз.

Шаарды көрккө келтирүү максатында Мэриянын өкүлдөрү ири көчөлөрдөгү соода күркөлөрүн алып салышууда. Шаар тургуну Аскар Эрмековдун баамында, мындай кадамдар элдин нааразычылыгын туудуруда.

- Менин тааныштарым бир нече жылдан бери соода түйүнүн иштетип келишкен. Алар патент алып, жер салыгын төлөп мыйзамды бузушчу эмес. Анан “силердин павильон жолдун чекесинде турат экен” деген Мэриянын бир жактуу чечими менен түйүндү алып салышты. Ал жерде эмгектенгендер эптеп нанга акча таап, үй-бүлөсүн багып жатышкан. Мындай кадамдар мага аша-чаап кеткендей сезилет.

Жаңы жыл алдында Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы балаты.
Пландар көп, маселе арбын

Бирок шаар башчы тартип биринчи орунда тураарын эскертет. Н.Түлеев Киев көчөсүн жаап турган Ош базарында да соода түйүндөр алынаарын айтты. “Бишкекти тартипке келтириш керек” дейт мэр Түлеев.

- Мага чейин болгон шаардагы баш аламандык эми болбойт. Биз шаардыктар үчүн айлананы жашылдандырып, эс алуу жайларын куруп жатабыз. Акыры кимдир бирөө башкалааны тартипке келтириш керек.

2009-жылы “Жаңыланган Бишкек” программасынын биринчи баскычы аяктады. Алдыда дагы 2 жарым жылда аткарылчу иштер бар.

Бул долбоорду ишке ашырууда каржылоо маселесинин орду чоң. Ошондуктан шаар башчы ишкерлерди салыктан качпастан, өз ыктыяры менен акча төгүүгө чакырды.
Биз шаардыктар үчүн айлананы жашылдандырып, эс алуу жайларын куруп жатабыз.


Негизинен борбор шаардагы базарлардын тазалыгы жана тартиби боюнча райондук акимчилик, ал эми көчөлөрдү жана борбордук бөлүктүн көркүн арттырып, жашылдандыруу иши Мэриянын көзөмөлүндө турат.

2010-жылы Бишкектеги Түштүк Чүй каналына узундугу 650 метрдик фонтандын курулушу пландаштырууда. Андан тышкары эки көпүрө курулуп, 15 көчө оңдолот. Ошондой эле коомдук транспорттун саны артып, жаз айларында эки миллион чакты гүл тигүү пландаштырылууда.

"Азаттыктын" архивинен: Жаңыланган "Ала-Тоо" аянты

Марттан бери жабык турган Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты ачылды. Аянтка гүл саат, сквер, түстүү фонтан орнотулуп, эс алуу жайына айланды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңыланган "Ала-Тоо" аянты