Кыргызстанда спорт журналистикасы мезгилден артта калды

2008-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты деп табылган спорт журналисттери

2-июль - Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү. Бул уюм 1924- жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишмердүүлүгүн чагылдырып, көйгөйлөрдү маалымат булактарына жарыялап келет. Бул эл аралык уюмга Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы 1995-жылы мүчө болгон.
Кеңеш доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына салкын мамиле болуп келген. Гезит, журналдарда, телерадиодо спорт тармагындагы жаңылыктар куш тилиндей маалымат менен гана чектелип,бул тармактын көйгөйлөрү терең талдоого алынчу эмес.

“Учур” гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде жогорку окуу жайларындагы журналистика бөлүмдөрү же факультеттер спорттук журналисттерди даярдоого чамасы жетпей жана атайын курстарды уюштурууга көңүл бурулбай келүүдө.

-Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү үчүн, дене тарбия, спортту жайылтуу жана генофондду сактоо үчүн өлкөдө спорттук гезит- журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл. Себеби учурда бир дагы спорттук гезит же журнал жок. Кыргыз телерадиосу деле спорттук берүүлөргө маани бербейт. Адистер да жокко эсе.

1991- жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет «Байге» аттуу кыргыз жана орус тилинде чыккан спорттук гезитти жетекчилер колдоого албагандыктан бир жылдан кийин жабылган. Мындан үч жыл мурда жарык көргөн «Спортивный Кыргызстан» гезити деле каражаттын айынан чыкпай калды.

Ошондой болсо дагы эгемен өлкөнүн туусун Азия, дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарда көтөрүп барып, алына жараша намыс талашкан спортчулардын ийгилик жана мүчүлүштөрүн маалымат каражаттары кененирээк чагылдыра баштады.

Спортко кызыккан же жашында спорт менен машыккан айрым журналисттер өз демилгелери менен бул тармактын жүгүн алына жараша көтөрүп келатышат.

«Эркин тоо” гезитинин жооптуу катчысы, спорттук баяндамачы Асан Жунусовдун пикиринде өлкөнүн спорт журналистикасынын деңгээли коңшу Казакстан, Өзбекстандан төмөн. Анын айтымында спорт тармагы оңой көрүнгөн менен аны жазуу үчүн атайын даярдык, билим керек. Ошондой эле спорт журналисттери үчүн мелдеш учурунда иштөөгө шарт жок.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында Кыргызстандын спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли учур талабына жооп бербейт.

-Спорттук көйгөйлөрдү терең талдоого алышпай, жеңгендерди мактоо, утулгандарды бир жактуу сындоо менен гана чектелип, утулуунун себептерине анализ кылынбайт. Журналисттер борбордогу мелдештерди жазуу менен гана чектелип, региондордогу спорт маселелери чагылдырылбай калууда. Кыргыз спортунун башаты айыл, райондордогу көйгөйлөрдү талдоого алышса дурус болмок.

Мындай пикирге “Супер- Инфо” гезитинин спорттук баяндамачысы Базарбек Абдураимов да кошулуп, спорттук журналисттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн семинар- кеңешмелерди өткөрүүнүн, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашып туруунун зарылдыгын жана өлкөдө спорттук гезит- журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу керектигин “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда да спорт журналисттеринин федерациясы 1995- жылы түзүлгөндөн бери өлкөдөгү спортту, дене тарбияны, сергелең жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымдарын кошуп келүүдө. Федерациясынын президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен ар жыл сайын Кой-Таш эс алуу комплексинде спорт журналисттери арасында кичи футбол мелдеши өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды тапшыруу салтка айланган.

Спорт журналисттеринин эл аралык ассоциациясы (AIPS) 1924-жылы түзүлгөн. Бул бирикме учурда спорт чөйрөсүндө эң таасирдүү уюм болуп эсептелет. AIPS Пьер де Кубертен уюштурган олимпиадалык кыймылдын негизги идеяларын, спорт мелдештерин коомго кеңири жеткирип туруу милдетин аркалап келет. AIPS жыл сайын өзүнүн ишмердүүлүгү менен коомчулукту тааныштырып, төрт жылда бир отчёттук кайра-шайлоо конгрессин өткөрүп турат. Дүйнөлүк спорт журналисттер уюмун мурда Фрэк Тейлор (Англия), Тугай Баятлы (Түркия) сыяктуу белгилүү журналисттер жетектеп келген. Учурда AIPSти Италиянын атактуу “La Gazzetta delo Sport” басылмасынын баяндамачысы Жани Мэрло жетектейт.

Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы Эл аралык ассоциацияга (AIPS) 1995-жылдан бери мүчө. Өлкөнүн спорт журналисттери жыл сайын өткөрүлүүчү AIPSтин конгрессине барып турушат. Быйыл май айында Италиянын Милан шаарында өткөн 72-Конгресске кыргызстандык спорт баяндамачылары Табылды Асыгалиев менен Вячеслав Аникин барып келишкен.
AIPSтин кийики 73-Конгресс эмдиги жылы Түркиянын Анталия шаарында өтөт.