Минск шаарында өтүп аткан “КМШ өлкөлөрүн бириктиребиз” аттуу саммитке барган К. Бакиев кечээ Беларус президенти А. Лукашенко менен жолугушуп, эки өлкө алакалары тууралуу сүйлөштү. К. Бакиевдин айтымында акыркы тогуз айдын аралыгында эле эки өлкөнүн соода жүгүртүүлөрү 30 % өскөн. Кыргызстанда эки өлкө биргелешип түзгөн МТЗ үлгүсүндөгү тракторлорду чыгаруучу заводу ийгиликтүү иштеп атканын айткан кыргыз президенти, эми Кыргызстанда Беларус автобустарын чогултуучу завод куруу сунушун айтты.
Өз кезегинде А. Лукашенко Бирдиктүү бажы мейкиндиги тууралуу маселени козгоп, Кыргызстанды бул демилгени колдоого жана Бажы Союзуна кирүүгө чакырды.
Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, анын башка өлкөлөр менен соода-экономикалык алака жүргүзүүсү жаатында алган милдеттенмелери бар. К. Бакиев да дал ушул жагдайды эске алуу менен иш жүргүзүү керектигин баса белгиледи.
Белгилүү саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, кандай гана өлкө менен болбосун соода-экономикалык алакаларды жакшыртууга аракет жасоонун өзү жакшы көрүнүш:
- Беларус менен тракторлорду, башка техникаларды чыгаруу, өнүктүрүү жакшы нерсе. Буга умтулуш керек. Анын эч кандай жаман жагы жок. Кандай гана өлкө болбосун бир нерсе чогуу өндүрө ала тургандар менен иштеше бериш керек. Ал өлкөлөр Ооганстанбы, Беларуспу, Кытайбы айырмасы жок. Мындай иштерди жандантуу президенттин түздөн-түз милдети.
“iCAP Investment” компаниясынын директору Бакай Жунушовдун айтымында, Кыргызстан ДСУга (Дүйнөлүк соода уюмуна) мүчө болгондон бери анын пайдасын деле көрбөй келатат. Ошондуктан, Беларустун Бажы Союзуна кирүү сунушун колдоп, ДСУдан чыгып кетсе деле болчудай. Анткени Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрү Казакстан менен Орусия болгондуктан, Бажы Союзуна кирүүнүн пайдалуу жактары көп болмок:
- Негизи бул өлкөлөрдө бажы мейкиндигин жөндөө жаатындагы кызматташтык азыр деле бар. Ошондуктан Дүйнөлүк соода уюму менен карама-каршылыктарыбыз дагы бирге көбөйсө өлкөгө тоскоол деле болбойт. Бирок Бажы Союзуна кирүүдөгү экономикалык пайда, биздин Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө экендигибизден алда канча көп болот. Башкача айтканда, биздин Дүйнөлүк соода уюмунан чыгып, Бажы Союзуна киришибиз максаттуурак болот.
КМШнын айрым өлкөлөрү Бажы Союзун түзүү демилгесин көтөрүп чыгып, 2010-жылдан тарта ал ишке киргизилмекчи. Соода-экономикалык байланыштарды жакшыртууну көздөгөн бул союзга азырынча Казакстан, Орусия жана Беларус мамлекеттери кирүүдө. Бул өлкөлөр ДСУга өз-өзүнчө эмес, бирдиктүү бажы союзу катары кирүү керектигин айтып келатышат. Эми ДСУга мүчө Кыргызстан бул союзга кирүү-кирбөө маселесине баш оорута турган болууда.
Негизи Кыргызстан менен Беларустун окшоштуктары бир топ. Бул эки өлкөдө тең кыйладан бери авторитардык бийлик өкүм сүрүп келатат. Эки өлкөдө тең президенттеринин айткандары айткан, дегендери деген. Алардын айрымасы, Беларус президенти А. Лукашенко СССР кулагандан бери эле эки тизгин, бир чылбырды колдон чыгарбай келатса, К. Бакиев 15 жыл өлкөнү башкарган Аскар Акаевди кулатып, 2005-жылы бийликке келди.