“Ата мекен” Ынтымак курултайына катышпайт

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын координатору Алманбет Шыкмаматов.

Март айына белгиленген Ынтымак курултайы тууралуу “Ата мекен” социалисттик партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” маек курду.
- Кыргызстанда оң, сол, ичкилик деп уруулук саясатты жүргүзгөндөр чыкты. Буга сиздин көз карашыңыз?

Алмамбет Шыкмаматов: Биздин угушубуз боюнча азыр алдыда өтө турган курултайга уруучулук факторун көтөрүп, ар бир уруудан курултайга делегаттарды шайлайбыз деген маалымат келип атат. Дегеле биз курултайды саясий фарс, саясий спектакль деп эсептейбиз.

Илгери кыргыздар ар бир уруудан бирден өкүлчүлүктөрдү, же болбосо ар бир уруунун өкүлчүлүктөрүн шайлоо менен курултай өткөрүп, мамлекеттин көйгөйлүү маселелерин ортого салып келген. Себеби ал кезде заманга ылайык уруучулук фактору керек болуп колдонулуп келген. Кыргыздар ошол тапта өзүнүн өнүгүү жолундагы феодалдык баскычтан өтүп аткан убагы болчу. Ал кезде азыркыдай парламентаризм, мамлекетти башкаруу институтунун башка түрлөрү жок болгондуктан ушундай уруучулук өкүлдөрүн чакырып, курултай өткөрүү өзүнүн жемишин берип келген.
Уруучулук факторду саясий деңгээлге чыгарып, мамлекеттик башкаруудагы бирден бир механизм катары колдонобуз дегени өтө опурталдуу.


21-кылымдын босогосунда турганда башка мамлекеттер өзүнүн башкаруу системасында парламентаризмге, башка мамлекеттик институттарына таянып иш алып барып келатканда биз кайра феодалдык психологияга кайрылып, уруучулук факторун мамлекеттик саясат деңгээлине көтөрүп, Кокон хандыгынын башкаруу механизмдерине таянып калганыбыз өтө өкүнүчтүү.

- Бийлик өкүлдөрү бул саясатты жүргүзгөндөр менен жолугушуп, Ынтымак курултайына байланыштуу маселе талкуулаганы да белгилүү. Бийлик тараптан бул кадам жасалганы туурабы?

Алмамбет Шыкмаматов: Бул - бийликтин өзүнүн так, анык идеологиясынын жоктугунун далили. Бул - бийликтин азыркы парламентаризм институтунан башка башкаруу механизмдерине таяналбай калгандыгынын далили. Бул - элдин башын айландырып, түркмөн вариантына салып, бийлик элге таандык, биз эл менен эсептешип кылып атабыз деп элге көрсөтө турган декорация фактору.

Албетте ар бир адам, ар бир кыргыз өзүнүн ата тегин, санжырасын, уруусун билиши керек. Ал эми уруучулук факторду саясий деңгээлге чыгарып, мамлекеттик башкаруудагы бирден бир механизм катары колдонобуз дегени өтө опурталдуу.

- “Ата мекен” партиясы бийлик уюштурган курултайга карата кандай мамиледе? Катышабы?

Алмамбет Шыкмаматов: Жок, “Ата мекен” партиясы бул курултайга катышпайт. Себеби биз башында эле айтып кеткендей, бул - саясий фарс, бул - демократиянын декорациясы. Бул өзүнүн эч кандай жемишин бербейт.

- Бириккен Элдик Кыймыл 17-мартта Элдик курултай уюштурууда…

Алмамбет Шыкмаматов: 17-марттагы курултай БЭКтин форматында өтөт. “Ата мекен” партиясы БЭК уюмунун расмий мүчөсү. Ошондуктан биз да ушул иш-аракетке башынан аягына чейин катышабыз.

- Рахмат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ыңгайлуу Ынтымак курултайы. 1-бөлүк