"...Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун"

Алыкул Осмоновдун үй-музейинин ички көрүнүшү

12-декабрда Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө карата акындын үй-музейи ачылды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана Маданият жана маалымат агенттиги чакырылганы менен, бир да өкүл катышкан жок. Жергиликтүү тургун катары келген коомдук ишмер С.Урманаев Ысык-Көлдү дүйнөгө даңазалаган Алыкул акынды облус бийлиги барктабай келатканын сынга алды.
Классик акын А.Осмонов кургак учук менен ооруп жүрүп, 35 жашында көз жумган. Ошол дарттын азабынан 1945-50-жылдары Чолпон-Ата шаарындагы кургак учук санаториясында дарыланып, ал жерден 3 бөлмөлүү үйдү байырлап калат. Бул учур акындын өмүрүнүн акыркы жылдары болуп калды.

Алыкул Осмоновдун жээни Нестан Сыдыгалиева
Алыкул Осмоновдун жээни Нестан Сыдыгалиева акындын өлгөн күнүндө музей ачылганын кубаттады.

- Көл жергесинде музей ачылганына кубанып атабыз, ыраазыбыз. Атам Болотбек Сыдыгалиев А.Осмоновдун жээни болот, ал киши 80 жашты таяп, алыскы Каптал-Арык айылынан келе албай калды, бирок саламын айтты.

Акындын Чолпон-Ата шаарындагы үй-музейинин ачылышына чакырылган Жогорку Кеңештин ысык-көлдүк депутаттары, акын-жазуучулары, Маданият жана маалымат агенттигинин бир да өкүлү келген жок.

Коомдук ишмер Султан Урманаев эч ким Ысык-Көлдү Алыкул Осмоновдой урматтап, даңазалай электигин белгилеп, жергиликтүү бийлик акынга сыртын салып келгенин ачыктады.

Коомдук ишмер Султан Урманаев
- “Кумтөрдүн” акчасын жебеген бир да чиновник калган жок го Кыргызстанда. Ошондон деле бир аз бөлүп, эчак эле музейге көңүл бөлүш керек эле да. Эми музей ачыпсыңар, музей музей менен. А.Осмоновдун чыгармаларын кайра басып чыгаруу керек. Азыр акындын жазган китептери жокко эсе. Биз бардыгыбыз ошого жардамдашалы. Бийлик да өз милдетин, парзын аткарсын, иштесин.

Мурда Жогорку Кеңештин депутаты, министр, губернаторлук кызматта жүргөн Султан Урманаев музейдин ачылышына 5 миң сом берсе, Рамис Рыскулов баштаган Бактыгүл Чотурова ж.б. акындар китептерин тапшырды.

Алыкул Осмоновдун үй-музейи
Ысык-Көл районунун акими Т.Мансуров да келип, чакан материалдык жардам берди.

Жергиликтүү бийлик Алыкул акындын үйү турган аймакты Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы паркка айландырып, ошол жерге айкелин орнотууга уруксат берерин убада кылды.
А.Осмоновдун чыгармаларын кайра басып чыгаруу керек. Азыр акындын жазган китептери жокко эсе.


Алыкул Осмоновдун үй-музейинин негиздөөчүсү, фотожурналист Б.Асанбаев ага Бишкектеги “Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмесинин башчысы Памир Казыбаев да көмөктөшкөнүн белгилеп, бул ишке эмне түрткү болгонун чечмеледи.

Б.Асанбаев А.Осмоновдун Чолпон-Атадагы үй-музейинин негиздөөчүсү
- Акындын үйү кароосуз калганын көрүп, чыгармачыл адам , көлдүк атуул катары кайдыгер боло албадым. Чолпон-Ата шаар башчысына барсам Нурлан Насирдинов чечип берди. Анан чоңдорго же ишкерлерден барып суранган деле жокмун, үй-бүлөмдүн жардамы менен оңдоп чыктым, экспонаттарды чогулттум.

А.Осмоновдун ондогон ырлары эл оозунда ырдалып жүрөт. Обончулардан Камчыбек Букалаев акындын “Жалжалым” жана “Түнкү кайык” аттуу ырларына обон чыгарганын айтып, аткарып берди.

Атың жакшы Ысык-Көл
Ата-бабам сыйлаган...
Айланасы жашыл көл
Көрбөй калсам сагынам...