Шылуундардын торуна түшкөндөр көбөйдү

Кыргызстанда шылуундардын торуна илингендер көбөйүүдө. Шылуунчулук боюнча быйылкы жылы сегиз айда эле эки миңден ашуун кылмыш иши козголгон.
Анипа жана Жакшылык Рыскуловдор учурда үч баласы менен бир бөлмөлүү батирде турушат. Алар балдары чоңойгончо үйүн да чоңойтууну пландашкан. Эптеп чогулткан акчасын Анипа эже жер алып берем дегендиктен өзү менен чогуу иштеген Гулнара аттуу аялга берет. Ал убакытты созуп жүрүп жерден дагы, акчадан да жок дайынсыз жоголот. Рыскуловдордун үй-бүлөсү беш жарым миң доллардан кур жалак калып, акчасын өндүрүп алуунун айласын таппай келет. Анипанын айтымында, Гүлнара бир нече үй-бүлөнү ушундай эле жол менен сызга отургузуп кеткен экен.

- Азыр элдерге ишенип деле болбойт. Өзүм менен эле чогуу иштеген бирөө жер алып берем деп 5,5 миң доллар алган. Азыр жер алып бермек турсун, колуңан сууруп алдымбы акчаны деп кайрадан бизди коркутат. Эми Кудайдан эле кайтсын, башка айла жок. Жөнөкөй эле кыз болчу. Ишеничке кирип, мына жериң болгону калды деп күн сайын, саат сайын звонок кылып атып эле жоголуп кетти. Акыры милициялар таап, отургузушту. Бирок биз акчадан да, жерден да жок калдык. Ак-Ордодон же Кара-Жыгачтан каалаган жериңен алып берем деп аткан. Ал эмес мына жер силердики деп көрсөтүп, ал жерди биз белгилеп таш коюп келген элек. Көрсө ал башка бирөөнүн эле жери экен. Ишеним кат да берген эле, ал деле болбогон документ экен, - дейт жаны кашайган Анипа.

Эрлан аттуу жигит “Азия курулуштун” лотереясын ойноп чоң телевизор утуп алган. Кубанычы койнуна батпаган Эрлан ишкананын имаратына барат. Ал жерден телевизорду бир айдан кийин гана колуңа аласың деген жооп алат. Бирок бир ай эмес, 3-4 ай өтсө да Эрлан утуп алган телевизорун көрө албайт. Ошол убактарда ал массалык маалымат каражатарынан “Азия курулуштун” жетекчиси шылуунчулук боюнча кармалганын угат:

- Убактысын улам жылдырганда деле ушунчалык чоң компания болсо, алдабаса керек деп ойлогом. Мен эле эмес телевизор, эмерек, батир уткандар да топтолуп барып жатышты. Кийин алардын эмне болгонун деле билбейм, ар жактарга арызданып жүрүшкөн. Алар деле мага окшоп түңүлүп калышты да акырында.

Жакында эле “Азия курулуш” жабык акционердик коому менен үй алуу боюнча келишим түзүп, алданып калган шаар тургундарынын тобу президенттен өздөрүнүн турак жайга болгон укугун коргоп берүүсүн өтүнүп чыгышкан. Анткени “Азия курулуш” менен түзгөн келишимге ылайык каалоочулар жаңы курулуп жаткан үйлөр үчүн акчаларын бөлүп берип олтуруп, бир жыл аралыгында үйлүү болушмак.

Ошондой эле бир эле квартиранын бир канча адамга сатуу боюнча келишимдер түзүлгөн фактылар катталган. Алар ушул убакка чейин “Азия курулушка” берген 2,5 миллион доллар акчаларын кайтарып ала албай убара. Ал эми “Азия курулуштун” жетекчиси Адинай Турдубаева жабырлануучуларды арызы боюнча кармалып, ага шылуунчулук боюнча кылмыш иши козголгон.

Адвокат Руслан Шайбеков да соңку мезгилдерде шылуундардын торуна илингендердин саны көбөйгөнүн тастыктады. Анын айтымында, мындай шартта адамдар өтө дыкат, так болушу керек:

- Бул жерде абдан так болуш керек. Жер алган учурда анын бардык документтерин өз атына өткөрбөй ишеним кат менен жүргөн туура эмес. Анткени ишеним кат берген адам бүгүн берсе, эртең эле ишенбей калдым деп кое берет. Мисалы күрөөсү жок акча бербеш керек. Акчаны алган кишиден тил кат алып гана тим болсо, анда акчадан кур жалак калышы ыктымал. Анткени тил кат акча алгандыгын гана көрсөтөт дагы, берген акчасын талап кыла албай калат.

Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка ылайык, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу алдамчылык менен кармалгандар азыраак болгону менен кармалбай, качып жүргөндөр арбын. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, акча берип алдангандар көп:

- Жалпы Кыргызстан боюнча алдамчылык боюнча 2057 факт катталып, кылмыш иши козголгон. Алардын көбү сотко жиберилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Алардын көбү машиналарын күрөөгө коюп акча алып, туугандарынын документин коюп насыя алып качып кеткендер, негизинен эле акчага байланыштуу. Арасында кармалбай, качып жүргөндөр да бар.

“Кылмыш жана жаза” кодексинин алдамчылык, шылуунчулук беренелери менен кармалгандар кылмышына жараша бир жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат жана мал-мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилет.