Карышкыр адамдарга да кол сала баштады

Кыш чилдесинде тоолуу аймактарында ит-куш, карышкыр күч алып, төрт түлүк малга зыян кылууда. Ал түгүл Баткен облусунда адамга кол салган фактысы болду. Учурда 4 миңден ашуун карышкыр катталган.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агентиктин аңчылыкты көзөмөлдөө департаментинин улук кызматкери Баатыр Абдраимовдун айтуусунда өкмөттүн атайын буйругу менен жырткыч жаныбарларды атуу боюнча токтом чыккан.

Себеби өлкөнүн аймагында карышкырдын саны көбөйүп, адистердин айтымында 4 миңден ашып кеткен. Карышкырлардын санын азайтуу багытында жогоруда аталган агенттик былтыр облустарга 1 млн. 400 миң сом каражат бөлгөн. Иш чаранын негизинде былтыр өлкө боюнча 224 карышкыр жана 620 чөө атылып, алар менен кошо жара тарткан малдын эти да өрттөлгөн.

Мергенчилик чарбасынын билдирүүсүндө жырткычтарды атуу, көзөмөлгө алууда ок дары, күйүүчү май жетишсиз. Учурда Кыргызстандын бир катар жайлоолорун карышкыр каптап, малды чоң-кичинесине карабай кырып-жеп кетип аткандыгы маалымдалууда.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен алынган маалымат боюнча Кыргызстанда былтыр карышкырлар 236 ири мүйүздүү малды, 646 жылкыны, 96 топозду жана 2485 кой- эчкини жара тартып, зыян кылган.

Карышкырлар, башканы кой, жылкыларга, айрым учурларда адамдарга тиш салып киргендиги элдин үрөйүн учурууда. Жеке ишкер Дүйшөн Керимовдун айтымында карышкырлар короодогу малды колдон талашып турган учуру. Аларды атып жок кылууга мылтык жоктугун айтып, мергенчилик уюмдарынын бөлүмдөрүн райондорго ачууну сунуштайт:

-Азыр мурдакы кеңеш доорундагыдай атайын адис мергенчилер жок, болсо да карышкырларга каршы колдончу курал-жарак, ок-дарысы таптакыр жетишсиз. Мурунку кеңеш доорундагыдай малдын коопсуздугу үчүн камкордук көрүлбөйт. Санитардык тазалоо жүрбөйт. Экинчиден, карышкыр аткандарды чегарачысыбы, милициясыбы, токойчусубу, барып эле басып жыгылып , курал-жабдыгын тартып алат. Жыйырма-отуз миң сомдой айып пул салат. Анан карышкыр көбөйбөгөндө эмне көбөймөк эле! Карышкырлардын санын чектөө - программалуу мамлекеттик иш болуш керек.

Жеке ишкер Дүйшөн Керимов мал чарбасына чоң зыян апкелип жаткан карышкырларды азайтуу иш-чаралары мамлекет тарабынан күчөтүлбөгөндүгүнө кейиди. Райондук акимчилик менен айыл өкмөттөрүнүн дал ошол карапайым элден кабар алуусун, алардын көйгөйүн чечүүгө жардам беришин да талап кылды.

Адистердин баамында чындыгында эле карышкырга каршы мамлекеттик иш-чаралар 1998-жылдан баштап абдан начарлап кеткендигин. Бирок соңку эки жылдан бери карышкырдын санын азайытуу иш чаралары жүргөн менен мергендерге ок-дары, унаа жетишпейт.

Аңчылыкты көзөмөлдөө департаментинин маалыматына караганда өлкөдө карышкырлардын саны он беш- жыйырма пайызы кыскарган. Бирок алар зыян кылган чыгымдар жыл өткөн сайын арбын болууда.

Эскерте кетчү нерсе, бир канчык карышкыр аткан мергенге 2500 сом, бир дөбөт карышкыр атканга 2000 сом, бөлтүрүк үчүн 1000 сом, чөө үчүн 800 сом сыйлык акчалай сыйлык берилет. Ушул сыйлыктан дагы салыктар кармалып, мергендер нааразы болуп жүрүшөт.

Белгиленген сыйлыктар карышкыр атуу чыгымдарын актабагандыктан, айрым мергендер аргасыздан терилерди жең ичинен кымбатка сатып жиберүүдө. Ошондуктан аңчылыкты көзөмөлдөө департаменти сыйлыктардын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү боюнча сунушун өкмөткө жолдоп, жообун күтүүдө. Бирок айыл-кыштактарда кимдер карышкыр атып сыйлык алгандыгы жөнүндө дегеле маалымат жок.