Токмоктогу атышуу боюнча ача маалымат

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй милициясы "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанындагы чуулгандуу окуяны "Бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергей баштады.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары бул өткөрмө бекеттин жанында өткөн аптанын аягында аткезчилик менен алектенген эки топтун ортосунда болгон жаңжал атышуу менен аяктаганын, окуяга Токмок шаардык кеңеши менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын да тиешеси бар экенин жазып чыгышкан.

Мындан туура бир жылдай мурун парламенттин ошол кездеги депутаты Дамирбек Асылбек уулу аткезчилик боюнча айыпталып Казакстандын Алматы шаарында кармалган. Ушул тушта анын сот процесси жүрүп жатат.

«Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинин жанындагы окуянын чоо-жайын «Кактус.медиа» маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды. Андагы маалыматтарга караганда, 25-январь күнү аткезчиликтин кыныгын алганы сөз болгон Дастан менен Кубан аттуу жарандар аткезчилик менен жаңыдан алектене баштаган Бахтияр, Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөн. Ортодо талаш-тартыш чыгып, Аскат аттуу жаран травматикалык тапанчадан денесинин төрт жеринен жаракат алган. Интернетте башына, аркасына жана санына желим ок тийген киши тартылган кыска видео да тарады. Андагы сүйлөшүүлөрдөн ок тийген адам аны «Чемпион» деген каймана аты бар адамдын Дастан аттуу таанышы атканын айтып жатканын угууга болот.

Азырынча расмий такталбаган маалыматка караганда окуянын Кубан аттуу каарманы Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев болушу мүмкүн. Кочкорбаев болсо Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев менен жакын мамиледе экени белгилүү. Тар чөйрөдө депутат Самаев «чемпион» деген каймана ат менен таанымал. «Кактус. медиа» агенттиги бул окуядан кийин «Чемпион» аттуу каймана аты бар депутат райондук ички иштер бөлүмүнө келип, «травматикалык тапанчадан жабыркады» деген жаран менен жолугуп кеткенин да жазды.

Биз бул окуяга байланыштуу Урматбек Самаевдин өзү менен байланышканга аракет кылдык, бирок бул макала жазылып жаткан маалда анын телефондорунун баары өчүк болду. Анын жардамчысы да депутат менен байланыша албай жатканын ырастады:

- Мен Урматбек Самаевдин жардамчысы болом. Атым Улан Кадырбек уулу. Мен Урматбек Обозбекович менен байланыша албай жатам. Телефону өчүк болуп жатат. Эртең комитеттин жыйыны болот, ошол комитетке келгенде бир байланышалы. Азыр байланышуу мүмкүн болбой жатат. Комитеттен кийин байланышып, жообун берели.

«Азаттыктын» күч түзүмдөрүндөгү булактарынын маалыматы боюнча, жаатташкан экинчи тарапка Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Бакытбек Жетигеновдун да тиешеси болушу мүмкүн. Бирок депутат өзү мындай сөздөрдү негизсиз катары четке какты:

Бакытбек Жетигенов.

- Бул жомок го. Менин аткезчиликке эч тиешем жок. Ал жерде контрабандисттердин чыр-чатагы да. Мени контрабандага миң жерден жармаштырса да жармашпайт. Токмокто аткезчилик менен кимдер алектенип жатканын баары эле билет. Муну тиешелүү органдар да билет. Аны тиешелүү органдар териштирсин. Ошондой атышуу болгонун мен соцтармактардан билдим. Аны териштирсе эле чыгат. Алардын артында кимдер турганын тез эле тактаса болот.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы «атышуу «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинин аймагында болду» деген маалыматты жокко чыгарып жатат. Аталган кызматтын басма сөз өкүлүнүн айтымында, ошол күнү таңга маал өткөрмө бекеттин жанында мушташ болгон.

- «25-январда Дунларов көпүрөсүнүн жанындагы «Токмок-Автожол» өткөрмө бекетинин аймагында атышуу болду» деген маалымат жалган, - деди мекеменин өкүлү. - Өткөрмө бекеттин аймагында атышуу да, мушташ да болгон эмес. Бирок 25-январда таңкы саат 5.28де өткөрмө бекеттин шлагбаумуна Кыргызстандын жараны чуркап келген жана чек арачылардан жардам сураган. Чек арачылар өткөрмө бекеттин аймагынан чыгып мушташып жаткандарды ажыратып коюшкан. Эки минутадан кийин эле, тактап айтканда 5.40 ченде мушташып жаткандар туш тарапка качып кетишкен. Өткөрмө пункту режимдеги объект болуп саналат. Ал бекеттен өткөндөрдүн да, чек арачылардын да коопсуздугу камсыз кылынат. Баштапкы маалымат боюнча өткөрмө бекеттин жанында «ок тийди» деген унаа, октун гильзасы табылган жок.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан бул окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси менен каттады. Чүй милициясынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиеванын маалыматына караганда, окуя болгон жерге ИИМдин жана Чүй милициясынын жетекчилиги барды жана териштирүү үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү. ЖМКда аты аталган жарандардын баары күбө катары суракка алынды жана алардын арасында травматикалык тапанчадан бир канча жолу ок жеген адам аныкталды.

- ЖМКда аты аталган адамдардын баарынын тек-жайы такталып, алар райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, күбө катары суракка алынды, - деди Назира Имангазиева. - Бирок алардын баары «эч кимге эч кандай дооматым жок, окуя каякта болгонун билбейм» деп айтып жатышат. Андан сырткары алар соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып жатышат. Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин негизинде аларды милиция кызматкерлери мажбурлап соттук-медициналык экпертизадан өткөрө албайт. Азыр айрым маалымат каражаттарында «Токмоктогу өткөрмө бекеттин жанында ок жеген адам тартылган» деген видео тасма таратылып жатат. Ал адам биз 26-январда күбө катары суракка алган жарандардын бири экени аныкталды. Денесине кантип жаракат алганын такташ үчүн ал кайра ички иштер бөлүмүнө чакырылды.

Чек арадагы чуулгандуу жагдайда аты аталып жаткан, тар чөйрөдө «чемпион» деген каймана ат менен таанымал Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Урматбек Самаев 32 жашта, жигердүү деп эсептелген депутаттардын катарына кирбейт. Буга чейин кайсы бир мыйзам долбоорлорунун автору болуп, кандайдыр бир сунуш-демилгелер менен чыккан эмес. Самаев - парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү.

Урматбек Самаев 2012-жылы Каракол шаарындагы Юридикалык академияны аяктаган. 2006-2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген. 2012-2015-жылдары Токмок шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Учурда Көкбөрү федерациясынын вице-президенти. Өткөн аптада эле Улуттук ат оюндары боюнча «Аргымак» федерациясынын президенти болуп шайланды.

Былтыр февраль айында Казакстанда аткезчиликке каршы ири операцияда 35 адам кармалган. Алардын арасында Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын ошол кездеги депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган үч кыргыз жараны болгон. Экс-депутат күнөөсү жок экенин айтып жатат. Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Алмазбек Баатырбеков бул фракциянын депутаттарынын аткезчиликке байланыштуу аттары аталып жатканы боюнча журналисттерди күнөөлөдү:

Алмазбек Баатырбеков.

- Мен журналисттерден такталбаган маалыматтарды кымгуут кылып чыгара беришпесин деп суранат элем. Ошол маалымат такталса, «депутаттын катышы бар» десе бир жөн. Чек ара бекети кайтарууда турат да. Ал жерде депутаттын эле атын атап жатышат. Эки адам чырдашып кетсе, «анан биринин тууганы депутат экен, ошол турат» дей берген туура эмес. Анан калса ал депутат окуяга тиешеси жок экенин айтыптыр. Анан дагы эмне деген суроону бергиңер келип жатканын түшүнбөйм. Журналисттер муну аябай жаман жагынан козгоп жатат. Дамирбек Асылбек уулу болсо күнөөсүн мойнуна алган жок. Сотко биздин депутаттар барып катышып жатат, ал башка иштер менен барып камалып калганын айтып жатат. Аны менен кошо кармалган адамдар болсо «Асылбек уулун тааныбайбыз» деп жатышат.

Өткөн аптада Талас облусунда кыргыз-казак чек арасында курал колдонулган окуя катталган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Манас районундагы Жайылган деген жерде чек арачылар 10-15 чакты жылкыны чек арадан мыйзамсыз айдап бараткан үч адамды кармоого аракет кылышкан. Бейтааныш жарандар каршылык көрсөтүп, бычак колдонгондо чек арачылар курал колдонууга аргасыз болушкан. Натыйжада экөө Казакстанга качып кеткенге үлгүргөн, ал эми ок тийген үчүнчү адам ажал тапкан.

Расмий маалымат боюнча чек араны бузуп аткезчилик кылган фактылар былтыр мурдагы жылга караганда үч эсе көп катталды. Маселен, 2018-жылы 80 факт катталган, аткезчилик менен ташылган товарлардын бааасы 36 миллион сомду түзгөн болсо, 2017-жылы 12 миллион сомдук товар алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.