Тажикстандык футболчулар Бишкекте машыгышты

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтөт.

Футбол ышкыбоздору Тажикстан «ак шумкарлар» үчүн ыңгайсыз атаандаш деп эсептейт. 

Эки өлкөнүн футбол боюнча курама командалары өз тарыхында 10 жолу беттешип, үч жолу Кыргызстан жеңишке жетсе, бир жолу тең чыгышкан. Калган оюндарда жеңиш тажик футболчулары тарапта болгон.

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде утулган.

Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. 

Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев Мьянма менен болгон оюнда упай жоготконуна кейип, ошол эле учурда Тажикстандын тайпадан суурулуп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш турдан кийин F тайпасында алтыдан упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып келатат.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.

Тажикстандын футбол боюнча курама командасы 17-ноябрда Бишкекке келип, 18-ноябрда Бишкектеги акыркы машыгуусун өткөрдү. Өткөн аптада тажик футболчулары Мьянмага 3:4 эсебинде утулуп калышкан.