Мигранттардын коопсуздугу кооптондурат

2010-жылдын 5-январында Орусиянын Владивосток шаарында кыргызстандык жаран киши колдуу болду. Ал эми анын жанындагы өзбек улутундагы жаран качып кетип жан сактаган. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү делген 19 жаштагы жигит кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Орусиянын Владивосток шаарынын Бурачек көчөсүндө 5-январда 8-үйдүн жанында Кара-Суу районунун тургуну, 1983-жылы туулган Куштарбек Барпиев эс-учун жоготуп, кансыраган абалда табылган.

Ал ооруканага жеткен соң каза болгон. К.Барпиевге бир нече жолу бычак урулганы айтылып жатат. Учурда күнөөлүү адам табылып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгын Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” маалымдады.
Кайсы улуттан болбосун адамды түсүнө, көзүнүн түзүлүшүнө карап бөлгөн туура эмес. Алар оорулуу адамдар десем да болот.


Анын айтымында, тергөө иштерине байланыштуу шектүү адамдын аты-жөнү жана улуту айтылган эмес. Кылмыштын себептери азырынча ачыктала элек.

- Барпиев Куштарбек менен бирге өзбек улутундагы Зайнабидин Исмаилов деген Жалал-Абад облусунун тургуну жанында болгон. Ал да жеңил жарадар болуп, качып жан сактап калган. Ал ооруканага барып көрүнүп, азыр үйүндө. Ошол эле күнү Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип 19 жаштагы жигит кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мына ушундай окуялардан улам айрым адистер өлкөдөн сырт, айрыкча Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айтышууда.

“Сактансаң - сактаймын”

Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамила Бегиева кыргыз жарандарынын каза тапкан фактылары болуп эле келатканын белгиледи. Бирок Ж.Бегиеванын белгилешинче, алардын өз ара чыр-чатактан же улутчулдардын колунан каза болдубу такташ кыйыныраак.

- Мен көп эле кыргызстандык жарандардын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн көрдүм. Анда киши колдуу болгондугу, башынан жана башка жерлеринен жараат алгандыгы жазылган. Бирок анын кимиси эмне болуп каза болгонун тактаган жокмун, менде андай укук жок.

Чолпонбай Токоев эки жылдан бери Москвада көчө шыпырып иштейт. Ал да бир кезде такырбаштардын колуна түшүп, орус улутундагы кемпир-чалдын кийлигишүүсүнүн жардамы менен качып кутулган. Чолпонбай улутчулдардын колуна түшпөс үчүн кечинде сыртка чыкпаганга жана жалгыз бой жүрбөгөнгө аракет кылат.

- Негизи эле түнкү саат 12ден кийин көчөгө чыкпаганга аракет кылыш керек. Улутчулдар ошол убактарда бир-экиден жүргөн адамдарга тийишет экен. Коргонгондун бир эле жолу - кечинде эшикке чыкпаш керек.

Кандуу статистика

Кыргызстандагы Славян фондунун жетекчиси Валерий Вишневский улутчул зөөкүрлөрдүн иш-аракетине кайдыгер карабай, күрөшүү керектигин белгилейт.
Түнкү саат 12ден кийин көчөгө чыкпаганга аракет кылыш керек. Улутчулдар ошол убактарда бир-экиден жүргөн адамдарга тийишет.


- Мен бир гана нерсени айта алам: кайсы улуттан болбосун адамды түсүнө, көзүнүн түзүлүшүнө карап бөлгөн туура эмес. Алар оорулуу адамдар десем да болот. Тилекке каршы, бардык этникалык топто ушундай адамдар бар. Биринчиден, алардын жасап аткан ишин көрүп туруп унчукпай калбаш керек. Совет тараган маалда дубалдарда “Орустар чочколор, Кыргызстандан чыгып кеткиле!” деген жазуулар пайда болгон. Мына ушулар да оорулуу адамдар. Андайлар Орусияда да бар. Башкысы ашкере улутчул болуп, аны башка багытта пайдаланганга жол бербешибиз керек.

Элчи Р.Аттокуров өткөн жылдарга салыштырмалуу улутчулдардын колунан каза тапкан окуялар азайгандыгын белгиледи. Анын айтымында, элчилик мигранттардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында диаспоралар, мигранттардын өздөрү менен бирге иштешүүнү улантат.

"Азаттыктын" архивинен: Сербия: Улутчулдар цыгандарга каршы

Акыркы жылдары Сербияда теги цыгандарга кол салуулар күч алды. Бирок цыгандардын айрым лидерлери көзгө жылма расизмдин түрү өтө коркунучтуу болгонун ырасташат. ZMa.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сербия: Улутчулдар цыгандарга каршы