Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов 20-апрелде өкмөттөн буга чейин 42,5 миң теңге (100 доллар) өлчөмүндөгү жөлөкпул алгандардын эч кимиси текшерилбей турганын билдирди.
Өткөн аптанын аягында анын орун басарына шилтеме кылып, бир катар маалымат каражаттары жөлөкпулду мыйзамсыз алгандар акчаны кайтарып бериши керек экенин, болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартыларын жазып чыгышкан болчу.
Казакстанда бийлик карантиндин айынан ишсиз жана кирешесиз калган жарандардын баарына 42,5 миң теңге жөлөкпул берилерин өткөн айдын аягында жарыялаган. Ошондон тартып өлкөдө ызы-чуу, кымгуут башталган. Казакстандын бардык аймактарда жарандар жабыла банкка агылып, өкмөттөн жөлөкпул алыш үчүн жапырт эсеп ача баштаган.
Өткөн аптанын соңунда жергиликтүү маалымат каражаттары эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Нариман Мукушевге шилтеме кылып, бир топ адам бул жөлөкпулду мыйзамсыз алганын, эгер алар акчаны кайтарып бербесе кылмыш жообуна тартыларын жазышкан. Анда «бул акчаны карантиндин айынан таптакыр жумушу жок жана кирешеси азайган гана адамдар ала алат, айлыгы кыскаргандарга берилбейт» деп айтылган.
Аткаминерлердин мындай билдирүүсү жөлөкпул алган жарандарды дүрбөлөңгө салган. Айрымдары алган акчасын кайра которуп бергенге да үлгүрүшкөн.
Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Биржан Нурымбетов 20-апрелдеги брифингде буга чейин акча алгандардын эч кимисинин артынан сая түшүп текшерилбейт деп ишендиргенге аракет кылды:
«Өкмөттөн 42,5 миң теңге алган бир да киши ошол акчаны жаңылыш алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Биздин министрлик мындай демилгени эч качан көтөрбөйт. Биринчиден, аны жоопко тартууга эч кандай олуттуу себеп жок. Экинчиден, 42,5 миң теңге - өзгөчө абал убагындагы социалдык колдоо максатындагы төлөм», - деди министр.
Нурымбетов 42,5 миң теңге өлчөмүндөгү жөлөкпулду жалпысынан 3 миллион 70 миңге чукул жаран аларын, буга байланыштуу мамлекеттин казынасынан 368,5 миллион доллар каралганын билдирди. Өкмөт өкүлү бүгүнкү күндө канча адам алган акчасын кайтарып бергенин тактаган жок.
Анткен менен Казакстанда карантиндин айынан ишсиз калган, каражаттан мукурап кыйналган жарандар көбөйдү. Мисалы, өткөн аптанын соңунда Шымкент шаарында 20дай аял бийликтен жардам талап кылып «Нур-Отан» партиясынын жергиликтүү кеңсесине келди. Аларды бири Кундузай Койтанова карантинге чейин өзү коомдук транспортто кондуктор, күйөөсү ошол автобустун айдоочусу болуп иштечү. Ал таптакыр акчасы жок калганын, тамак-ашсыз отурушканын айтып чырылдап-сыздап жатты:
Бизге өкмөттөн 42 миң да, 50 миң теңге да берилген жок.
«Бизге өкмөттөн 42 миң да, 50 миң теңге да берилген жок. Үйүмдө бир кашык унум да, бир чымчым нанын да жок. Картөшкөм да, пиязым да жок. Батирге 30 миң теңге төлөйм. Коммуналдык кызматтарга 25 миң теңге төлөйм, электриме беш миң теңге кетет. Азыр менин бир тыйыным жок. Азыр ушул жерге чейин 200 теңге менен араң келдим. Чөнтөгүмдө бир тыйыным жок».
Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта киргизилген жана ушул айдын аягына чейин узартылган. Ушул тушта өлкөнүн бардык аймагында карантин жарыяланган.
Соңку маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус 1760тай адамдан аныкталды жана 20 киши бул оорудан ажал тапты.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.