Мунун алдында Токаев Казакстан бул жарым аралды аннексияланды деп эсептебей турганын билдирген. Ошондой эле орус-украин жаңжалында Москва тарапта экени белгилүү болгон.
Касым-Жомарт Токаев Германиядагы мамлекеттик сапарынын алдында «Deutsche Welle» немис медиасына кеңири интервью берген. Анда «Немцова. Интервью» программасынын автору Жанна Немцова Токаевдин Украинадагы окуялар, тактап айтканда Крымдын аннексияланышы тууралуу пикирине кызыккан. Тактап айтканда, журналист «Москванын Киевге кылган мамилеси казак бийлигин да чочулатпайбы?» деген мазмундагы суроо берген.
Токаев Нур-Султан Крым жарым аралы аннексияланды деп эсептебей турганын айтып, бул маселеде Орусияны жактап сүйлөгөн:
- Биринчиден, биз Крымда болгон жагдайды аннексия деп атабайбыз. Болору болду. Аннексия деген Крымга карата өтө эле оор сөз. Экинчиден, бизде эч кандай коркуп-кооптонуу жок. Анткени биздин Орусия менен мамилебиз ишенимге, ак ниет коңшулукка негизделген. Биз башынан баштап эле орус бийлигинин жетекчилеринин ак ниеттигине, көрөгөчтүгүнө, даанышмандыгына ишенгенбиз.
Токаевдин мындай билдирүүсүнө Украина дароо үн катты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Казакстандын «Крымдын аннексияланганын танганы, жокко чыгарганы өтө олуттуу кабатыр кылат» деп айтылат.
Министрликтин басма сөз өкүлү Екатерина Зеленко казак тарапка тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти. Ал эки өлкөнүн ортосундагы алака-катыш ириде бири-биринин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн сыйлоого негизделгенин эске салды. Ошондой эле башка өлкөнүн ички ишине кийлигишпөө, эл аралык укуктук нормаларды сактоо зарыл экенине токтолду.
Нур-Султан азырынча Киевге жооп кайтара элек. Ушул тушта Токаев эки күндүк мамлекеттик сапар менен Германияда жүрөт.
Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Батыш мамлекеттери Москвага санкция киргизишкен. Ошондон тартып Крымдын макамы Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калып келет.
Кремль бардык дооматтарды жокко чыгарып, 2014-жылы Крым боюнча чечимди ошол жерде жашаган эл референдум аркылуу кабыл алган деген жүйөнү карманат.
Өткөн айда Кыргызстан да Крым маселесинде Орусияны колдоп, бул жарым аралдагы адам укуктарын коргоо боюнча БУУнун резолюциясына каршы добуш берген. Ал резолюцияда Крымдагы активисттер менен укук коргоочулардын жапырт кармалышы сынга алынган жана адам укуктарын сактоого чакырык ташталган.