Казак өкмөтү жумуш орундарын кыскартууда

Алматыдагы тилемчи аял, мындай көрүнүштөр Казакстанга азыраак мүнөздүү болуп келген эле. 7-апрел, 2009

Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов өткөн шаршембиде мамлекеттик ишканалардан жумушчулар кетирилип, жыл аягына чейин жумушка алууга тыюу салынаарын жарыялады.
Бул күнкү сөзүндө премьер мамлекеттик Самрук-Казына корундагы жумушчулардын саны жарымына кыскартыларын, ал эми айлыктар 30 пайызга кесилерин билдирди. Ушуга байланыштуу "Азаттык" үналгысы Лондондогу Экономикалык чалгын бирдигинин Борбор Азия боюнча адиси Анна Уолкерге кайрылды.

"Азаттык": Буга чейин казак бийликтери дүйнөнү каптаган экономикалык кризисти Казакстан тоотпой деген маңызда билдирүүлөрдү жасап келишкен эле. Бир чети чынында да Борбор Азияда башка бир да өлкөнүн Казакстандыкындай резервдик ири кору жок. Азыр эми мамлекеттик чыгымдарды азайтуу жарыясына караганда, кырдаал анчейин эмес шекилдүү. Бул канчалык деңгээлде күтүлбөгөн жарыя болду?

Анна Уолкер: Менимче, кыскартуу мынчалык болот деп күтүлгөн эмес. Өкмөткө быйыл айрыкча мунайдын арзандашынан улам бюджетти тең салмакташ өтө кыйын болоору белгилүү болчу. Азыр мунай баррелине 50 доллар, былтыр 150 эмес беле. Өкмөт быйыл бюжетин мунай баррелине 40 доллар болгонго эсептеп түзгөн. Бирок глобалдык экономикалык жана финансылык кризистин узарып кетиши Казакстанды кыйнап койду.

"Азаттык": Казакстан 2009-2011-жылдардагы бюджетин мунай 40 доллардан болгонго эсептеген, бул өкмөттүн баштатан болжогонунан үчтөн бирине аз. Соңку кадамдар өкмөттүн жупуну бюджеттин аткарылышын кепилдөө аракетине шайкеш келеби?

Анна Уолкер: Өкмөт жыл башында эле көптөгөн инфраструктуралык долбоорлорду кыскартып, же убактылуу токтоторун жарыялаган. Учурдагы айлык-пенсиялар боюнча чыгымдарды стабилдүү кармап туруу үмүтү болгонунда менин шегим жок. Бирок мамлекеттик тармактагы айлыктарды жана мамлекеттик жумуштарды кыскартуу оңой болгон менен, бул элдин өкмөткө карата мамилесине залака тийгизээри шексиз.

"Азаттык": Мамлекеттик иштен бошотулгандар кантет? Алар башка жумуш таба алышабы?

Анна Уолкер: Көп жылдардан бери акырындык менен төмөндөп келген жумушсуздук жана жумушсуздардын саны акыркы бир нече айда өсүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Буга чейин негизинен жеке менчик ишканалар, курулуш фирмалар жумушчуларды бошотуп келген. Жумуш орундарын кыскартуу өтө тынчсыздантуучу көрүнүш, анткени ишсиз калгандар оңой менен башка жумуш таба албайт, жеке менчик тармак жаңы жумушчуларды алып аткан жок, тескерисинче аларды бошотуп жатат.

"Азаттык": Өкмөт жумушсуздукту күч алдыруучу чаралары менен саясий калпыстык кетирип жаткан жокпу?

Анна Уолкер: Бул албетте өкмөттүн популярдуулугуна бир топ шек келтирет. Президент Назарбаев карап отурбаганын көрсөтүш үчүн өкмөттүн курамын алмаштырып, же дагы башка кадамдарга барабы, аны дагы көрүш керек. Элдин өзүнө каршы маанайын өтө начарлатып жибербеш үчүн ал кимди алмаштырарын айтуу кыйын. Азыр ал анын буга чейинки өсүштөрдөн улам күткөн аброюна чоң зак кетиши мүмкүн экендигин сезип жатат болуш керек.

"Азаттык": Соңунда, Казакстан экономикалык ылдыйлоону токтотуу үчүн банктарды куткаруу жана экономиканы стимулдашыруу планын ишке ашырууда. Азыр өкмөттүн жумуш орундарын кыскартуу чарасы мындай пландан кандай майнап болуп жаткандыгынан бизге кандай кабар берет?

Анна Уолкер: Казак өкмөтүнүн мунай корунда бир топ мунайы, улуттук банкында ири көлөмдө чет элдик валюта резервдери бар. Буга чейин бул резервдерден стимулдаштыруу пландарына айрым каражат алынды. Бул кандай өзгөрүш алып келгендиги азырынча белгисиз, бирок дароо эле жыйынтык болот ойлобойм, анткени ал пландардын ишке киргизилгенине саналуу гана айлар болду. Ошол эле убакта өкмөттүн өкмөттүк бөлүмдөрдөгү гана эмес, мамлекеттик Самруз-Казына коруна тийешелүү болгон башкы компаниялардан да кызматкерлерди иштен алып жатышы стимулдаштыруу планына азырынча таасын огожо боло электигин көрсөтөт.