Шайлоодо жети талапкер ат салышууда. Алардын арасында Назарбаев бийликтен кеткен соң өлкөнүн башына келген азыркы президент Касым-Жомарт Токаев бар.
9-июнда таңкы саат 7ден тартып Казакстандын бардык аймактарында добушканалар ачылды. Бул 1991-жылы эгемендик алган Казакстандын тарыхындагы алтынчы жолку президенттик шайлоо. Буга чейинки шайлоолордо Нурсултан Назарбаев алдына эч кимди чыгарчу эмес.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11 миллион 947 шайлоочу добуш берүүгө катышууга укуктуу.
Президенттик шайлоодо ат салышууга жети талапкер расмий катталган.
Алар:
«Улуу талаа кыраандары» биримдиги көрсөткөн, 64 жаштагы Сади-Бек-Түгөл;
Кесиптик кошуундар федерациясы көрсөткөн, 59 жаштагы Амангелди Таспихов;
Парламент депутаты, жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаева;
Бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын талапкери, 65 жаштагы утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев;
«Айыл» партиясы чыгарган талапкер, 54 жаштагы Төлеутай Ракымбетов;
Казакстан коммунисттик партиясынын талапкери, 58 жаштагы Жамбыл Ахметбеков;
«Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, 54 жаштагы Амиржан Косанов.
Эксперттер Казакстанда Назарбаевсиз шайлоо өткөнү менен талапкерлер арасында айыгышкан атаандаштык жүрбөгөнүн белгилеп жатышат. Көбүнчө бийлик талапкери, өлкөнү эки айдан бери башкарып жаткан Касым-Жомарт Токаевдин үстөмдүгү ачык эле сезилип турду.
Токаев президенттик шайлоону ачык жана бардык талапкерлерге бирдей шартта өткөрөрүн айтып келет. Казак лидери 7-июнда «Твиттердеги» расмий баракчасына «таза жана калыс шайлоону уюштуруу - менин принципиалдуу позициям. Шайлоо дал ушундай болот деп ишенем. Буга бардык мамлекеттик органдардын аракети багытталды» деп жазды.
Назарбаев бийликтен кеткен соң Нур-Султан деп аталашы өзгөртүлгөн мурдагы Астана шаарында талапкерлерге добуш берүүгө үндөгөн үгүт материалдары көп деле байкалбайт.
Талапкерлердин арасындагы теледебатка да Токаев катышкан жок.
«Азаттык» радиосунун казак кызматынын Алматыдагы кеңсесинин редактору Касым Аманжолдун айтымында, талапкерлердин арасында толук үгүт өнөктүгү жүргүзүлгөн жок. Журналист муну чыныгы атаандаштыктын жоктугу менен түшүндүрүүдө.
Казакстандагы шайлоонун алдында көңүл бурулган маселе - «Казак оппозициясы канчалык биригип, шайлоодо бийлик талапкерине атаандаш боло алат?» деген суроо турду. Дал ушундай кырдаалда казак оппозициясы бир муштумга биригип, бийликке чыныгы атаандаштык көрсөтүшү керек экени айтылып жаткан.
Талапкерлердин ичинен оппозициянын салмактуу өкүлү катары Амиржан Косанов айтылууда. 54 жаштагы Косанов - «Улут тагдыры» кыймылынын мүчөсү. Ал 2000-жылдардын башынан бери Назарбаевдин бийлигине карата оппозицияда жүрөт. Косанов «шайлоонун ачык өтөрүнө ишенбесе да бийликке каршы электораттын кызыкчылыгын коргош үчүн» талапкерлигин койгонун айтып келет.
«Мен шайлоонун ачык-айкын өтөрүнө ишенбейм. Бирок ар бир саясатчынын тандоосу бар. Бул Назарбаев катышып жаткан шайлоо эмес. Токаев катышып жатат. Бийлик транзити биз жок жасалбашы үчүн, эң жок дегенде булар калктын бар экенин билиши үчүн шайлоого баратам. Азыр нааразы электораттын катары калың», - деди Косанов.
Бирок Косановду бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы колдобой, жалпы эле шайлоону бойкот кылууга чакырган.
Буга байланыштуу казакстандык айрым саясат талдоочулар акыркы шайлоо өнөктүгүндө тандоо бийлик менен оппозициянын талапкеринин ортосунда эмес, талапкер Косанов менен ага каршы чыккан оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда жүргөнүн белгилеп жатышат. Маселен, Алматыда жайгашкан Демократияны өнүктүрүү боюнча Борбор Азия фондунун директору Толгонай Умбеталиева:
«Казакстандын ичинде жана тышында оппозициячыл активисттер, шайлоону бойкоттоо жана Амиржан Косановго каршы дембе-дем айтылган сын-пикирлер Токаевдин командасынын ишин жеңилдетти. Ошондуктан ал ургаалдуу үгүт жүргүзгөнгө аракет деле кылган жок», - деген пикирин айтты.
Оппозиция бирдиктүү талапкер чыгарып, бир күчкө бириге албаганы менен Казакстан президенттик шайлоону Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы нааразылык акциялары менен тосуп алды. Буга чейин көп балалуу энелер жана өлкөдөгү оппозициянын тарапкерлери бир нече жолу акцияга чыгышкан. Буга кошумча «Ойгон, Казакстан» жана «Токаев - менин президентим эмес» деген ураан алдында активист жаштардын акциялары утур-утур уюштурулуп жатат.
Бул нааразылыкка буга чейин мурда Нур-Султан менен Алматыда «Чындыктан кача албайсың» деген плакаттарды илип, бийликке нааразы болгон жаштарды полиция кармап кетип, айрымдарын камаганы себеп болгон эле.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ошондуктан саясат таануучулар шайлоодо ким жеңсе да казак жаштарынын жигердүүлүгү жаңы президент үчүн сыноо болорун белгилешүүдө.
Коңшу өлкөдөгү окуяларга көз салып жаткан Бишкектеги «Сереп» талдоо борборунун башчысы Искендер Ормон уулунун көз карашында, Казакстандагы соңку саясий окуялар узак мөөнөттүк көз караштан алганда өзгөрүүлөргө себеп болушу мүмкүн.
«Казакстандагы акыркы шайлоо кайсы бир деңгээлде демократиялык өзгөрүүлөр жагынан мааниси чоң. Албетте, азыркы шайлоо менен эле көп нерсе өзгөрүп кетпейт. Бирок узак мөөнөттүү өңүттөн алганда бул шайлоолор өзгөрүүлөргө себеп болушу ыктымал», - деди эксперт.
Казакстандагы добушканалар кечки саат 19да жабылат. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы 10-11-июнда айтылышы мүмкүн.
Коңшу өлкөнүн шайлоо мыйзамына ылайык, добуштардын расмий жыйынтыгы 10 күн ичинде жарыяланышы керек.