Ооганстанда үч айлык шайлоо өнөктүгү башталбай жатып, калк кайрадан президент Карзайга ишеним көрсөтөөрү айтыла баштады. Ошол эле кезде Карзай оппозицияны өз тарабына тартууда, же бөлүп алсыратууда.
Хамид Карзай 20-августта болчу президенттик шайлоодо жеңиш алып келчү добуштарды азыртан топтой баштады. Ал 19-майда Фарахтын жаами мечитинде сүйлөп, ай башында Фарах провинциясында болгон авиачабуулдун чыгымдары төлөнөт, бузулган үйлөр оңдолот, аман калган адамдардын айрымдары ажыга жиберилет деп сөз берди.
Мечитке чогулган 1 миңден ашуун адамдын ичинде АКШлык учактын соккусунан өлгөн 140 адамдын жакындары да бар эле. Провинциалдык кеңештин төрагасы Мохаммад Назир Кидмат көпчүлүккө Карзайдын убадасы “майдай жакты” дейт:
- Ооба, ооба, эл ыраазы. Элдин баары Карзай президент бойдон калышын каалайбыз деп жатышат. Алар өткөн 2004-жылкы президенттик шайлоодогудай эле бул ирет да Карзайды колдоорун айтышты.
Карзай саясый атаандаштарын да амалкөйлүк менен алсыратууда. Апрелде бийлик мөөнөтү бүткөнүнө карабай, шайлоо өткөнгө чейин президенттикте калганга жетишти. Батыш сындаганына карабай, мурдакы коргоо министри Мухаммад Касым Фахим Ханды саясый шериги кылып алып, оппозициядагы Биргелешкен улуттук фронтту бытыратты.
Күчтүү талапкер саналган өкмөттүн мурдакы мүчөлөрү Али Ахмед Жалали жана Анвар-ул Хак Ахади, Нангар провинциянын губернатору Гүл Ага Шерзай саясый өнөктүккө катышуудан баш тартышты.
Калган 44 талапкердин арасынан мурдакы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен мурдакы финансы министри Ашраф Гани гана көпчүлүккө таанымал саясатчылардан.
Францияда жашаган ооган серепчиси Ростар Таракай Карзай өзүн дасыккан саясатчы көрсөткөнү менен, өлкөнүн коопсуздугу жана экономикасы үчүн буга дейре эч нерсе жасай албаганын айтат:
- Азыркы өкмөттүн бардык эларалык жардамды сарамжалдуу пайдаланганга жөндөмү жетпеди. Саясатты алсак, четэлдик колдоочулары аркылуу куралдуу оппозиция менен элдеше албады. Эларалык күчтөр Ооганстанды тирешүүнүн, айрыкча, регионалдык чалгындоо кызматтары таймашкан майданга айлантты.
Кабылдык серепчи Насрулла Станекзайдын баамдашынча, Карзайдын күчтүүлүгү өлкөдөгү саясый партиялар арасында биримдиктин жоктугунда жана саясый маданияттын калыптана электигинде:
- Тилекке каршы, бир жагынан күчтүү оппозиция жок. Экинчи жактан, бизде саясый партияларды колдогондой саясый маданиятыбыз жок. Бизде 102 саясый партия бар. Бул- партиялардын максаты окшош, бирок бир альяска бириге албаганын күбөлөйт. Саясый маданиятка үйрөнүүбүз керек.
Оогандар партиялар аркылуу өз талаптарын билдирүүнү үйрөнбөгөнүнүн дагы бир далили катары Карзайдын өзү да Батыштын кеңешине карабай саясый партия түзгөн эмес. Ошон үчүн, Карзай уруу аксакалдары, түрдүү аскер башчылар жана диниятчыларга таянууда, дешет талдоочулар. Ал эми карапайым оогандарга "биринчиден коопсуздук, экинчиден азык-түлүк керек. Демократия балким биз үчүн үчүнчү зарыл нерседир", дейт Ростар Таракай.