Жапонияда бийликке оппозиция келет

Токио -- Демократтар партиясынын лидери Юкио Хатояма жаңы өкмөт түзүүгө киришти.

Жапонияда жарым кылымдан бери биринчи ирет оппозициялык партия парламенттик шайлоону утуп алды. Анын лидери өкмөт башчылыгына шайланат,жеңилген либерал-демократтар өз жетекчисин алмаштырат.
Шайлоонун ырасмий жыйынтыктары али маалым боло элек, бирок добуш берүү күнү өткөрүлгөн сурамжылоо парламенттин төмөнкү палатасындагы 480 орундун 300дөн ашууну оппозициядагы демократтарга тиерин аныктады. Жарым кылымдан бери бийликти эч кимге бербей келген либерал-демократтардын жаңы парламентте болгону 119 гана мандаты болот.

Өлкөнүн премьер-министри Таро Асо эл шайлоодо нааразылыгын билдиргенин,муну моюнга албай койгонго болбой турганын жана бул үчүн либерал-демократтар жоопкерчилик тартууга тийиш экенин белгиледи. Асо өзү партиянын жетекчилик кызматын тапшыра турганын бышыктады.

Демократиялык партиянын лидери Юкио Хатояма өз кезегинде шайлоодогу батыл чечими – режимди өзгөртүүнү талап кылганы үчүн жалпы элге ыраазылык билдирди.Шайлоонун жыйынтыгын ал өлкөнүн "конституциялык саясий тарыхында биринчи ирет болуп отурган анык өзгөрүү" деп баалады.

Хатояма - өлкөдөгү белгилүү өнөр жай жана саясий династиянын урпагы.Алдыдагы эки аптанын ичинде парламент аны премьер-министрлик кызматка бекитет. Хатояма өз кабинетинин курамына байланыштуу сунуштарын бүгүн-эртең жарыя кылат.

Байкоочулар белгилешкендей, калктын назары эми Хатояма шайлоо өнөктүгү учурунда айткан убадаларга бурулат. Көпчүлүк аны өлкөнүн экономикасын азыркы кыйчалыш абалдан алып чыгат,кескин өсүп кеткен жумушсуздар санын кыскартканга жетишет деп үмүт кылат.

Азыркы экономикалык кырдаал либерал-демократтардын жеңилишине башкы себеп болду. Быйыл жыл этегинде ички дүң продукциянын көлөмү жагынан жапондор дүйнөдөгү экинчи орунду кытайлыктарга алдырат деген божомолдор бар. Анын үстүнө,Хатояма белгилегендей, башкаруучу партиядан эл чарчап жана тажап бүттү. Демократтар түзө турган жаңы өкмөт ири корпорацияларга жардам көрсөтүүгө эмес,негизинен керектөөчүлөр менен жумушчуларды колдоо маселесине басым жасаганы жатат.