Эл аралык иликтөө эрегишти басабы?

Израилдин жортуулу өзгөчө Түркияда катуу нааразылык жаратты.

Израиль армиясынын Газа секторуна гуманитардык жүк алып бара жаткан кемелерге жакында жасаган жортуулун Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча ортомчулардын төртилик тобу талкуулаган жатат. Мунун алдында Израиль БУУнун башкатчысынын окуяга иликтөө жүргүзүү үчүн эл аралык комиссия түзүү сунушун четке какты.
Палестиначыл тогуз активисттин өлүмү менен аяктаган окуя боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүүсүнө көнүүгө Израилди Түркия да чакырды. Түрк тышкы иштер министри Ахмет Давутоглынын айтымында, эгер Израиль мындай иликтөөнү четке какса, бул аларда жашыра турган бир нерсеси бар экендигин туюндурат жана эки өлкөнүн алакасынын нормалдашуусу жөнүндө “сөз кылуу мүмкүн эмес”.

31-май күнкү жортуул учурунда каза тапкан тогуз адамдын сегизи, ошондой эле Газага жүк тартып бара жакан кемелердин ичиндеги активисттердин көбү Түркиянын жарандары эле. Израилдин жортуулунан кийин расмий Анкара Тель-Авив менен мамилеси эми эч убакта “мурдагыдай болбой турганын” эскертти.

Ишке ашпай жаткан иликтөөнүн маңызы

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун бейтарап төрага астында иштей турган эл аралык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Бирок сунушту четке каккан Израилдин АКШдагы элчиси Майкл Орендин түшүндүрмөсүнө караганда, Тель-Авивдин иликтөөнү өз алдынча жүргүзүүгө укугу да, мүмкүнчүлүгү да бар. Израиль элчиси ага катар анын өлкөсү иликтөөнүн формасы боюнча азыр АКШ менен сүйлөшүп жатканын кошумчалады.

Дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгү болсо иликтөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоонун жалгыз жолу комиссия курамына эл аралык өкүлдөрдүн кошулуусу экендигин билдирүүдө. Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Париждеги пресс-конференцияда мындай деди:

-Биз Газа флотилиясына байланыштуу өткөн дүйшөмбүдө орун алган окуя боюнча ыкчам, ишенимдүү, бейтарап, ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүүсү абдан маанилүү деп эсептейбиз. Жок дегенде бул иликтөөдөбү, тергөөдөбү эл аралык өкүлчүлүк камтылуусу керек.

Ушундай эле ойду британ кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Франциянын тышкы саясий мекемесинин башчысы Бернард Кушнер да айтты:

- Эл аралык жана ар тараптуу иликтөөнүн болушу - биздин израилдик досторубуздун кызыкчылыгындагы маселе. Буга алар жооп берүүсү керек. Бирок, менимче, кыйла эле так сунуш америкалыктар, француздар, Улуттар уюму тарабынан жасалды. Биздин британ досторубуз да ушул эле багытта бара жатышат.

Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча ортомчулардын төртилик тобуна АКШ, Орусия, Евробиримдик, Улуттар уюму кирет. Алар өз жыйынында Израилдин жортуулун кандайча иликтөө маселеси талкууланары күтүлүүдө. Бирок иликтөөнүн формасы кандай болоруна карабай, комиссия окуялардын жөөт аскерлери палестиначыл активисттерге ок ачканга чейинки өнүгүшүн иликтемекчи. Жүк тарткан кербендин уюштуруучуларынын айтымында, аскерлер көч башындагы кемеге түшкөндө эле атып киришкен. Израиль тарап болсо аскерлер темир-тезек, бычак менен куралданган адамдар озунуп кол салгандан кийин коргонуу үчүн ок ачууга аргасыз болгон деп ырастоодо.

Жүктү текшерүү

Франция Хамас тобунун башкаруусунда турган Газа секторунун блокадалануусун жеңилдетүүчү чараларды сунуш кылууда. Француз тышкы иштер министри Бернард Кушнердин айтымында, Газага деңиз аркылуу жүк алып бара жаткан кемелерди, ошондой эле Египет менен чек арадагы Рафах бекети аркылуу өтүүчү жүктөрдү Евробиримдик текшерип тура алмак. Евробиримдик Газаны жерден жана деңизден блокадалоону токтотууга мурда эле чакырган. Бирок Израиль блокада Хамас уюмунун Газадагы согушкерлерине гуманитардык жүк деген ат менен курал өтүп кетпөөсү үчүн зарылдыгын айтып келүүдө.

Ирандын жардамы

Хамас уюму колдогон Иран болсо өз тарабынан Газанын деңизден блокадаланышын бузуу үчүн аскер күчү менен кийлигишерин эскертүүдө. Жарым расмий “Мехр” агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын элиталык аскерий бөлүгү – Революциялык гвардия Газага жетүүгө аракеттенген кемелерди коштоп жүрүүнү сунуш кылган.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин өкүлү Али Ширази, Тегерандан түшкөн кабарларга караганда, Революциялык гвардиянын деңиз күчтөрү бул үчүн колдон келгендин баарын жасары жөнүндө айткан. Ирандын Кызыл жарым ай коому ушул апта соңунда Газага эки кеме менен жардам жөнөтөрүн билдирди. Ал кемелерди Революциялык гвардиянын күчтөрү коштоп барабы же жокпу, азырынча белгисиз.