Израил түзгөн комиссияга Түркия ишенбейт

Франция - Палестиначыл активисттердин Париждеги демонстрациясынан. 3-июнь 2010-жыл.

Израил "эркиндик флотилиясына" байланышкан окуяны териштирүү үчүн комиссия түзмөк болду. Ага эл аралык байкоочу катары чет элдик эки киши кирет. АКШ өкмөтү иликтөө ыкчам өткөрүлөрүнө жана анын натыйжалары дүйнө коомчулугуна шардана кылынарына үмүт билдирди. Түркия Израилдин комиссиясына эч кандай ишенич жоктугун айтып, баштагыдай эле эл аралык иликтөө өткөрүүнү талап кылды.
Комиссиянын башчылыгына Израилдин жогорку сотунун мурдагы төрагасы Яков Тиркел дайындала турган болду. Эл аралык байкоочу катары комиссияга Нобел тынчтык сыйлыгынын эгеси, лорд Уилям Дэвид Тримбл менен кезинде Канаданын аскер юстициясынын башкармасын жетектеген Кен Уоткин катышат.

Израил мурда 31-майдагы окуяны эл аралык деңгээлде иликтеп чыгууга чакырган Улуттар Уюмунун сунушун четке каккан эле. Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббс Израилдин бул кадамын кубаттап, териштирүүнүн жыйынтыктары калыс болоруна, эл аралык коомчулук үчүн жарыя кылына турганына ишенич билдирди.

АКШнын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Сюзан Райс эл аралык коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусу териштирүүнүн натыйжаларына ишенимди күчөтөт эле деген каалоосун айтты.

31-майда Газага гуманитардык жүк алып бараткан "эркиндик филотилиясына" израил аскерлери десант түшүрүп, кагылышта 9 киши набыт кеткен эле. Алардын көбү түрк жарандары болгон. Израил активисттер аскерлерге кол салгандыктан күч колдонууга аргасыз болгонун айткан. Активисттер болсо эч кандай себепсиз эле аскерлер аларга ок атканын билдиришкен.

Израил түзгөн комиссиянын ишине ырасмий Анкара ишенбей турганын билдирди.

"Эл аралык суу тилкесинде жарандык кемелерге кол салган мамлекет ишти адилет териштирип, калыс тыянак чыгарарына биз ишенбейбиз, - деп айтты Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу. – Ошондуктан биз Улуттар Уюмунун тикелей контролдугу астында эл аралык комиссия түзүүнү талап кылабыз жана ушул талабыбызда турабыз. Израилдин бир тараптуу иликтөөсүнүн биз үчүн эч кандай мааниси жок".

Буга катарлаш эл аралык Кызыл Чырым уюму Израилди Газа тилкесин камалоону токтотууну талап кылды. Демейдегиден катаң апаздарда жазылган билдирүүдө Израил Газаны камоолго алып, эл аралык укуктарды көз көрүнөө бузуп жатканы айтылат.