Ирландияда бүгүн референдум

Ирландия бүгүн Лиссабон келишиминин тагдырын чечет.

Ирландияда бүгүн элдик референдум өткөрүлөт. Лиссабон келишими кайрадан келттердин сотуна коюлат. Бир жыл мурда алар келишимди жактырбай коюшкан эле.
Лиссабон келишими былтыр жайда элдик плебисцитке коюлуп,аны добуш бергендердин 53 проценттен көбү жаратпай салган. Бир жылдан соң калктын маанайы өзгөрдү. Соңку иликтөөлөрдүн натыйжасына караганда Евросоюздун жаңы конституциясын борбуйлуу калктын 55 проценти колдогонго даяр, 27 проценти каршы, 18 проценти дале ойлонуп жатат.

Документти колдоо өнөктүгүн быйыл өлкөнүн премьер-министри Брайан Коуэн өзү жетектеди. Кечээ Дублиндеги маалымат жыйынында ал: "Азыр көп кишилерди финансы кризисине байланыштуу проблемалар түйшөлтүп жатканын түшүнөм. Дал ошолорго кайрылып,өз келечегиңер өз колуңарда дегим келет. Документти жактап добуш берип, мунун Ирландияга төмөндөө процессинен чыкканга көмөктөшөсүңөр. Силердин "Ооба" деген сөзүңөр жумуш бере тургандарга жана инвесторлорго Ирландия Европадагы окуялардын чордонунда болгонун жана боло турганын таасын туюнтат",-деп айтты.

Ирландиялыктар Евросоюзду кеңейтүү боюнча Ницца келишимин да 2001-жылы жыдытып таштап, бир жылдан кийин аны колдоп беришкен.

Лиссабон келишими - мурдагы Европа конституциясынын өзгөртүлүп, жымсалданган варианты. Конституция 2005-жылы Францияда жана Голландияда референдумдан өтпөй калган. Ошондон соң Франциянын мурдагы президенти Валери Жискар д’Эстен жетектеген комиссия аны кайра иштеп чыгып, Евросоюзга 2007-жылы Лиссабон келишими деген аталышта сунуш кылынган.

Документте Евросоюздун чечимдерин квалификациялуу же "эки эсе көпчүлүк" добуш менен бекитүү эрежеси каралган. Мындай ыкма шаркетке жаңы кошулган чыгыш европалыктарды ар кандай чечимге вето салуу укугунан ажыратат. Мындан тышкары еврокомиссарлар (министрлер) саны азыркы 27ден 20га,атүгүл 17ге түшөт. Шаркетте президенттин жана тышкы иштер министринин кызматы түзүлөт.

"Эгер ирландиялыктар бу жолу да "жок" деп айтышса,анда Лиссабон келишиминин өлгөнү ошол болот", - дейт Брюсселдеги саясий борбордун аналитиги Янис Эммануилидис. Анда документтеги айрым жаңы механизмдерди ишке ашыруунун жолдорун издөөгө туура келет.

Франция менен Германия Ирландияда референдумдун натыйжасы оң же терс болсо да эки план камдап коюшканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Эгер келишим кайра жыдып калса, анда Париж менен Берлин интеграцияга даяр өлкөлөрдү жетектеп алга адымдай беришет, калгандарына өз арбайын өздөрү сокконго туура келет.

Референдум оң тыянак менен бүтсө деле Париж-Берлин тутуму жараларын Le Monde гезитинде немецтердин мурдагы тышкы иштер министри Йошка Фишер ырастады. Анткени ушу эки өлкө гана Европада тартылуу күчү боло алат. "Британия четте турууну эп көрдү. Италия болсо... Италия. Испания кризиске батып алды, Полшага болсо европалык өлкө болгонго дагы көп бар",-деп белгиледи ал.

"Ирландиялыктар оң жооп бергенде деле кырдаал жакшырып кетпейт, Чехия менен Полшанын проблемасы калат",- дейт эксперт Эммануилидис.

Лиссабон келишими чехтердин жана поляктардын парламентинде ратификациядан өткөн, бирок Прагада президент Вацлав Клаус ага кол койгондон карманча баш тартууда. Клаус жаңы конституция мүчөлөрдүн улуттук укуктарын чектейт деп эсептейт. Полшанын президенти Лех Качински болсо документ Ирландияда элдин колдоосунан өткөн соң ага кол койгонго сөз берген.

Иши кылып, байкоочулар ирландиялыктар былтыркы чечими менен Чоң Европаны бутун башына каратып будуң-чаңга түшүрүп салбаса да кээ бирөөлөрдү эмеректерин орун которуштурганга аргасыз кылды дешет.