АКШга сыр көрсөткөн ирактык оён

Ахмад Чалаби

Адилеттик жана жоопкерчилик комиссиясынын төрагасы Чалабинин кесепетинен “Шайлоо шиитер жана суннилер арасындагы жикти тереңдетеби же басаңдатабы?” деген кооптонууну жаратууда.
Ирактык аял 7-марттагы парламенттик шайлоого катышчу талапкерлердин тизмесин окууда. Басра. 3-март 2010
Ахмед Чалаби жүздөгөн дүниябий талапкерлерди, көбүн эсе сүннилерди мурдакы БААС партиясы менен байланышта деп, шайлоого катыштырбай койгон. БААС президент Саддам Хусейн доорундагы башкаруучу партия. Азыр партияга тыйуу салынган.

Чалаби акыркы жети жылда Ирактын саясатына түрдүү жолдор менен, көбүн эсе жаман жагынан катышып келет.Генерал Рэ Одиерно, АКШ



Чалаби өз оюнун улантууда

Көптөгөн байкоочулар Саддам Хусейнди кулатууда өтө активдүү роль ойногон Ахмад Чалаби Вашингтондун Иракты саясый стабилдештирүү аракетине кедерги болуп жатканын айтышат. Шиит Чалаби Ирандын Багдаддагы өтө таасирлүү ынагы катары да белгилүү. Ал 2003-жылы апрелде Саддам төңкөрүлгөндөн кийин кыска мөөнөт Мунай министри жана вице-премьер да болгон.

Чалабинин баасы АКШ түптөгөн Адилеттик жана жоопкерчилик комиссиясынын төрагасы болгондон тарта көтөрүлдү. Мурдакы баасчыларды элеп электен өткөрчү бул комиссия көптөгөн саясатчылар жана серепчилер түгүл, АКШнын өзүн да баасчыларды кайра бийликке отургузууну каалайт деп каралаган.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Ирактагы элчиси Христофер Хилл 18-февралда Вашингтондо Тышкы байланыштар кеңешинде буларды айткан:
Ирак полициясынын кызматкери парламентке талапкердин плакаты алдында күзөттө. Багдад. 3-март 2010


-Таң калычтуусу, мен шаар кыдырып, мунун баары Ахмед Чалабинин айынан болгонун түшүндүрүп жүрөм. Баасчыларды тазалоо ортолоп калды. Бул иш ачык-айкындык жок болгондуктан, чоң партиялар элдин добушу үчүн күрөшө албай жатат. Силер бул ишке этият карагыла. Анткени, кээ бирөөлөр АКШ баасчылардын кайра келишин каалайт деп түшүнөт. Мунун баарын элге түшүндүрүп жүрөм.

Вашингтон өз кезегинде Чалаби башындагы комиссияны ишин жабык негизде жүргүзөт деп күнөөлөгөн. Ал эми Ирактагы АКШ аскерлеринин командачысы, генерал Рэй Одиерно жакында Вашингтондо сүйлөп:”Чалаби акыркы жети жылда Ирактын саясатына түрдүү жолдор менен, көбүн эсе жаман жагынан катышып келет” деген.

Райдер Визер Ирактын “Historiae.org” сайтынын редактору жана Норвегиянын Эл аралык изилдөөлөр институтунун талдоочусу. Анын сөзүнчө, Чалаби өлкөдө шиитердин диний партияларынын үстөмдүк кыла берүүсүн көздөйт:

-Чалаби өзүнүн саясый өмүрүн сактоо үчүн шиитердин артыкчылыгын камсыздоону өзүнө милдет кылып алган сыяктай. Анын стратегиясы Шиит ислам партияларын колдоо аркылуу Ирактагы саясый таасирин сактоо деп ойлойм.

Былтыр январда болгон жергиликтүү шайлоодо премьер-министр Маликиге союздаш партиялар Иранга ыктаган шииттердин диний партиялары менен жакын кызматташып, өлкөнүн жиктешүүсүнө өбөлгө түзгөн. Мындай “бузуку стратегияны” иштеп чыгууга, Визердин
Премьер-министр Нури Малики Кербала шаарында өз тарапкерлери алдында сүйлөөдө. 15-февраль 2010
айтышынча, Ахмед Чалаби ортомчулук кылган. Биригүү сүйлөшүүсү майда Тегеранда болуп, ага Кумда жашаган Муктада Садр, Ирактын Жогорку ислам кеңешинин башчысы, ошо кезде Иранда дарыланып жүргөн Абдул Азиз Хаким катышкан.

Чалаби башындагы комиссия суннилердин көрүнүктүү лидери Салех Мутлакты тыйуу салынган БААС партиясы менен байланышы бар деп, 7-мартта болчу парламенттик шайлоого катыштырбай койгон эле. А чындыгында, азыркы парламент мүчөсү Мутлак 1997-жылы БААСтын саясатына нааразы болуп, анын катарын калтырып кеткен.
АКШлык жоокер Саддам Хусейндин кулатылган айкелине таңданып кароодо. Багдад. 9-апрель 2003


Береги окуядан соң Мутлак башындагы Улуттук диалог майданы парламенттик шайлоого байкот жарыяламак болду. Бирок өткөн жумада сот Адилеттик жана жоопкерчилик комиссиясынын чечимин жокко чыгаргандан кийин Мутлак өз тарапкерлерин өлкөнүн биримдиги үчүн жапырт шайлоого катышууга чакырды.

Маликинин саясаты: "Төө көрдүңбү-жок, бээ көрдүңбү-жок"

Премьер-министр Малики марттагы парламенттик шайлоодо шиитердин диний партияларынын колдоосун алуунун амалын кылууда. Ошон үчүн Чалабинин комиссиясы шайлоодон четтеткен тлапкерлерди коргоого албады. Маликин бул кадамы жана Чалаби диниябий талапкерлерге койгон тоскоолдуктар “7-марттан кийин шииттер менен суннилер арасындагы ажырым өсүшү ыктымал” деген чочулоого негиз болууда. Эгер суннилер менен шииттер арасында баланс сакталса, АКШга өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү бир кыйла тездетилет.

Саддам Хусейн бийликте турганда Чалаби Вашингтон менен бекем союзда эле. Ал ортоктошуп түптөгөн Ирак улуттук конгресси АКШнын чалгындоо кызматтарына Саддамдын массалык кыргын салчу куралдары жана анын “ал-Каида” менен байланышы жөнүндө маалымат берген негизги булак болгон. Бирок Ирак согушу башталгандан кийин Саддамдын массалык кыргын салчу куралдары табылбай, Чалабиден АКШнын ишеними качат жана ал Иранга жашыруун маалыматтарды сатты деп күнөөлөнөт. Бирок Чалаби 2005-жылы Нури Маликинин кепилдиги менен Ирандан кайтып келип, үч жыл илгери Адилеттик жана жоопкерчилик комиссиясынын төрагасы болуп бекитилген.